Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД МИЛИЦИЯСЫ ТАРАБЫНАН ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШ-ЧАРАЛАРЫ КҮЧӨТҮЛҮҮДӨ

ЖАЛАЛ-АБАД МИЛИЦИЯСЫ ТАРАБЫНАН ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШ-ЧАРАЛАРЫ КҮЧӨТҮЛҮҮДӨ

 1,306 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 2019-жылдын 26-ноябрынан 3-декабрына чейин Майлуу-Суу ШИИБнин демилгеси менен шаар аймагындагы мектептерде кылмыштуулуктун алдын алуу жана окуучуларды толеранттуулукка тарбиялоо максатындагы семинарлар уюштурулууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган иш-чарага шаардык билим берүү бөлүмү, социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлдөрү, шаардын имамы катышууда. Алар жаштарды мыкты билим алууга үндөшүп, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө келечекте салым кошууга чакырышууда. Мекенди сүйүп, ар кандай кырсык, кылмыштардын оолук болуу керектиги эскертилүүдө.

Ал эми 1-декабрь – СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Аксы РИИБи тарабынан мектеп окуучуларынын катышуусунда район борборунда жөө жүрүш өткөрүлдү. Анда жаш өспүрүмдөр СПИДке жана баңгизаттарына каршы жазылган плакаттарды колдоруна көтөрүп өтүштү. Аксы райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун врачы менен биргеликте 9-11-класстын окуучуларына баңгизатынын зыяндуулугу боюнча атайын семинар уюштурулду. Сергек жашоого үндөгөн ден соолук бурчтары, дубал газеталары жасалып, окуучулар арасында конкурстар өткөрүлүп, театрлаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү.

«Аймак»

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17