Аймак

ТҮГӨНБӨС РОМАНДЫН ТҮРМӨКТӨРҮ…

ТҮГӨНБӨС РОМАНДЫН ТҮРМӨКТӨРҮ…

 1,476 Бардыгы /

-Эжеке, дасоромолумду алып алайынчы?

-Эмне?

-Дасоромолумду партанын ичиндеги такчага унутуп, калтырып кетиптирмин, алып алайынчы?

– Дасоромолуң эмне?

– Дасоромол… эме, бетаарчы.

-Ала кой, ал, алагой, деген эле ошондо мага матемден сабак берген Жаңыгүл эжеке тээ илгери 4-класста окуй баштаганда.

Үчүнчү классты бир гана класста окуп, төрткө көчкөндө класстан класс которуп окуй баштаганда айрым учурда ушинтип бир нерселерибизди унута калып, кайра барып алып келген учурлардан да – бул окуя.

Жаңыгүл эжеке – Көл кылаасынын кызы, ошол жылы универдин матфагын бүтүрүп, биздин ошол кездеги №12 “Кыз-Көл”, азыр Шабданбай Абдраманов атындагы орто мектепке багыттама менен иштеп калган экен. Кийинчерээк бул эжеке бизден өтө алыс деле кетпей, Кызыл-Сеңир айылында бир жигит менен турмуш куруп калыптыр дегенди угуп, анан Жалалабад-Актоок автобус менен өйдө-төмөн өтүп бара жатканда анын балдарын ээрчитип же суу ташып жүргөнүн да ара чолодо көрүп калат элек.

Дасоромолуң эмне? – дегендей, бул фарсы тилинен келген сөз болсо керек да, анткени бизде, түштүк тарапта түрк, фарсы тилдери кыйла аралашып пайдаланылып калат эмеспи.

Бул жагын эми илимпоздорго коюп, башка дагы кызык жактарын айталы, анда.

Булардын баа-наркы кыздардын жигиттерине абдан кооз кездемелерден, жиптерге назиктерди өткөрүп токуп бергендегилери – тунук махабат символу катары бааланса, андан жөнөкөйүрөөк токулуп, тордолгондору күйө балдарга бирден бериле турган, севеттерде сөзсүз боло турган, анан дагы үйлөнүү тойлорунда машинанын жолун аркан менен тосуп тургандарга бериле турган жеңил, кооз жана сый буюм.

Бирок, илгерки бул баалуулук барган сайын унутулуп баратат окшойт.

Биздин колубуздан иш келип калганда деле бул буюмду жыргатып токуп, тордобогонубуз менен, бизден чоң эжелерибиздин колдору бош боло калганда ушул иш менен кызыга, жарыша алектенишип, бири-бирине “канчаны тордодуң”- дегендерин угуп калат элек.

Бул сүрөттөрдөгү биринчи эки бетаарчынын гүлдүү, чети ак жип менен тордолгон чоңун былтыр Жалалабадга барып калып, – “Апоо, илгерки дасоромолдон барбы”- десем, сандыгын ачып, ары-бери аңтарып, – “мэ, сактап жүрдүм эле”, деп берген эле Апакем. Бул накта илгеркиден да, жүзгө чыгыңыз АПООУ. Анын жанындагы сарысы дагы мурдагылардан, кийинчерээк берип жиберген окшойт, чаамда.

Ал эми бүктөлүп тургандар былтыр бир кызыгып токуп көрөлүчү дегендерден эле. Илгеркилерге түк окшобойт, кездеме, жиптер да современныйлардан. Чымчыкты сойгон касапчыдай чебердин колуна тийсе, булар деле көркүнө чыгаар да, деп коем, кээде бир нерсе издеп жатып көрө калганда

Ушул дасоромол тууралуу бир курдай Жалалабаддын чөл тарабында өскөн Ибадат деген курбум менен сүйлөшө калганымда анын “ээ, ортак, булар бизден калганда, аййабай токуйт элек, айрыкча, эже-сиңди, курбу кыздар менен топ-топ болуп пахта терип жүргөн маалда бир аз тыныгуу боло калса эле агаттарда (жөөктөрдө) отуруп алып, биргат (бригадир) келип

“тергиле пахтаны” дегиче, чакычты (сагыз) чайнаганча, расса (аябай) кызыгып, бир отурганда бир дасоромолду жөн эле токуп коет элек” деген эле.

Буга чейи билгендеримди айтканым бир болсо, курбум Ибадаттын айтканы мага түйшүгү түмөн болгон жергемдеги адамдардын мээнетти ушинтип сүйүп турган ынтызарлыгы – түгөнбөс романдын дагы бир кызыктуу түрмөгү катары таасир калтырды.

Зирек АСАНОВА, Бишкек шаары

2020-жылдын 11-январы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17