Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,829 Бардыгы / Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин арасында эл достугун бекемдөө жана акын-жазуучулардын жана тарыхчылардын өз ара кызматташуусун чыңдоо максатында “Янги Овоз” Жазуучулар жана тарыхчылар союзун түзүү тууралуу чечим кабыл алынды. Биз жакында анын ардактуу төрагасы, эл аралык Амир Тимур атындагы кайрымдуулук фондусунун төрагасынын орун басары Толкун ХАИТОВго жолугуп, андан жаңы союздун, анын максаты жана […]
1,830 Бардыгы / Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин арасында эл достугун бекемдөө жана акын-жазуучулардын жана тарыхчылардын өз ара кызматташуусун чыңдоо максатында “Янги Овоз” Жазуучулар жана тарыхчылар союзун түзүү тууралуу чечим кабыл алынды. Биз жакында анын ардактуу төрагасы, эл аралык Амир Тимур атындагы кайрымдуулук фондусунун төрагасынын орун басары Толкун ХАИТОВго жолугуп, андан жаңы союздун, анын максаты жана […]
БИРИМДИКТИН ЖАҢЫ КӨПҮРӨСҮ
28.01.2020 / Автор aymak1,831 Бардыгы /
Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин арасында эл достугун бекемдөө жана акын-жазуучулардын жана тарыхчылардын өз ара кызматташуусун чыңдоо максатында “Янги Овоз” Жазуучулар жана тарыхчылар союзун түзүү тууралуу чечим кабыл алынды. Биз жакында анын ардактуу төрагасы, эл аралык Амир Тимур атындагы кайрымдуулук фондусунун төрагасынын орун басары Толкун ХАИТОВго жолугуп, андан жаңы союздун, анын максаты жана келечекте аткара турган эл аралык иш-чаралары тууралуу маектешип кайтканбыз.
– Баарыңыздарга жакшы маалым, 2019-жылы 29-декабрда Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин Президенттеринин катышуусу менен экинчи кеңешме өтүп, бул жолугушууда ар тараптуу маселелер талкууланган. Анын ичинде илимпоздордун, чыгармачыл адамдардын ортосундагы өз ара кызматташуусун чыңдоо тууралуу чечим кабыл алынган. Өткөн жылы аягында түрк тилдүү акындардын Бакуда, Стамбул Ташкент шаарларында өткөн эл аралык фестивалдарында конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылган кыргызстандык акын Жолдошбек Моңолдоров Өзбек Республикасынын Президенти Шавкат Миромонович Мирзиңевге Борбор Азияда жайгашкан мамлекеттеринин аймагында жашаган чыгармачыл адамдардын өз ара кызматташуусун чыңдоо боюнча өз сунушун билдирген кайрылуу жазган. Анын кайрылуусу Өзбекстан жазуучулар Союзу тарабынан каралып чыгып, Ж.Моңолдоровдун сунуштарына ыраазылык айтылып, анын аракети колдоого алына тургандыгы кабарланган. Эл аралык «Амир Темир» кайрымдуулук фондусу Борбор Азияда жайгашкан Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түрмөнстан жана Тажикстан мамлекеттеринин аймагында жашаган акын-жазуучулардын жана тарыхчылардын өз ара кызматташуусун чыңдоо максатында эл аралык “Янги Овоз” жазуучулар жана тарыхчылар союзун түзүү тууралуу демилге көтөрүп чыкты.
Эл аралык “Янги Овоз” жазуучулар жана тарыхчылар союзу келечекте Борбор Азиядагы мамлекеттерде жашаган акын-жазуучулардын жана тарыхчылардын китептерин которуу, аларга ыңгайлуу шарт түзүү, котормолорду коргоого алуу, чыгармачыл адамдардын мамлекеттер аралык жолугушууларын, фестивалдарын өткөрүү, айрыкча чек арага чектеш жайгашкан аймактарда чыгармачылык жолугушууларды уюштуруу, акын-жазуучулардын жана тарыхчылардын курамын жаштар менен толуктоону көзөмөлгө алуу жумуштарын колго алмакчы. Бул
демилге Борбор Азиядагы акын-жазуучулар жана тарыхчылар тарабынан биримдиктин жаңы көпүрөсү катары жылуу кабыл алынды.
Азыркы учурда союздун Уставы кабыл алынып, юридикалык тарап катары каттоодон өттү. Кыргызстандык акын Жолдошбек Моңолдоров «Янги Овоз” жазуучулар жана тарыхчылар союзунун ардактуу төрагасынын орун басары болуп бекитилди. Ага Борбор Азия республикаларындагы акын жазуучулардын достук, биримдик жана өз ара кызматташуу тууралуу чыгармаларын жана тарыхчылардын эмгектерин өз ичине камтыган «Туран овози» (Туран үнү) деп аталган 10 томдук жыйнакты чыгаруу тапшырмасы берилди.
Жаңы союздун алгачкы иш-чарасы үстүбүздөгү жылдын 18-январында Чимкент шаарында болуп, анда Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан акындарынын жолугушуусу уюштурулду. Бул иш-чара абдан жылуу маанайда өтүп, ал Борбор Азия элдеринин эл достугуна күбө болду.
Кийинки жолугушуу Борбор Азия мамлекеттеринин акын-жазуучуларынын катышуусу менен 9-февралда Ташкент шаарында өткөрүлүп, Чыгыштын улуу акыны Алишер Навоинин чыгармачылыгына арналмакчы.
Үстүбүздөгү жылдын май айында Астанада орто кылымда жашап өткөн Чыгыштын көрүнүктүү философу Абу Наср ибн Мухаммед аль-Фарабинин урматына өткөрүлөт. Август айында Ашгабад шаарында өтө турган жолугушуу түркмөн адабиятынын классиги акын, философ Махтумкули́нин (1724—1807) чыгармачылыгына арналмакчы.
Ноябрда Тажикстандын Регар шаарында Социалисттик Эмгектин Баатыры, Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты көрүнүктүү тажик акыны Мирзо́ Турсу́н-заде́ге арналган эл аралык чыгармачылык кече өткөрүлмөкчү. Атагы ааламга кеткен, дүйнөлүк масштабдагы жазуучу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыкты 3 жолкун лауреаты Чынгыз Айтматовго арналган эл аралык конференция декабрь айында Бишкек шаарында өткөрүлөт.
Бул жерде баса белгилеп өтүүчү жагдай, биздин союз жөнүндөгү маалыматка Ажарбайджан, Башкортстан, Татарстан жана Дагестан республикаларында, ошондой эле Түркия мамлекетинде жашаган акын-жазуучулар да кызыгып, өздөрүнүн чыгармаларын «Туран овози» (Туран үнү) жыйнагына киргизүүнү суранышып, мамлекеттер аралык жолугушууларга, фестивалдарга катышууга кызыгдар экендигин билдирип жатышат. Албетте, биз союздун мүмкүнчүлүгүнө жараша алардын да суроо-талаптарын эске алууга аракет кылабыз.
Сөз акырында түбөлүктүү максатты көздөгөн, өз ара достук мамилебизди чыңдого өбөлгө болгон, күчүбүз достукта экендигин далилдеген биздин жаңы союздун келечеги кең экендигин баса белгилеп өтүүгө тийишмин.
Маектешкен: Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
25.04.2023 / Автор anarkan_kg ОШТУ МЫНДАН АРЫ ОМСК ОБЛУСУНУН ЖОЖдору МЕНЕН ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШАТ
-
02.05.2023 / Автор anarkan_kg ОШ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИ АКШдан САПАТТУУ ГАНА ТАМАК-АШ АЗЫКТАРЫН АЛЫШАТ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ОШТОГУ «ӨЧПӨС ПОЛК» АКЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.