Аймак

ЕВРОБИРИМДИК КЫРГЫЗСТАНДЫН СОЦИАЛДЫК КОРГОО ТАРМАГЫНА 5,7 МИЛЛИОН ЕВРО ГРАНТ БӨЛДҮ

ЕВРОБИРИМДИК КЫРГЫЗСТАНДЫН СОЦИАЛДЫК КОРГОО ТАРМАГЫНА 5,7 МИЛЛИОН ЕВРО ГРАНТ БӨЛДҮ

 972 Бардыгы /

Европа биримдиги (ЕБ) Кыргызстандын социалдык коргоо тармагын колдоо үчүн 5 миллион 750 миң евро грант бөлдү. Бул тууралуу ЕБдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Бул кыргыз өкмөтүнө социалдык коргоо тармагын реформалоого көмөктөшүүнү көздөгөн программанын алкагында бөлүнгөн үчүнчү жана акыркы каражат.

2016-жылдан бери бөлүнгөн гранттык каражаттын жалпы суммасы 16,5 миллион еврону түздү. Бул программа ЕБдин 2014-2020-жылдарга түзүлгөн көп жылдык программасынын алкагында ишке ашырылууда. Анын жалпы бюджети 174 миллион еврону түзөт.

Евробиримдиктин өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, Кыргызстандын социалдык коргоо тармагын колдоонун жыйынтыгында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен калктын аярлуу катмарына кызмат көрсөтүп келген бейөкмөт уюмдардын ортосундагы өз ара аракет жакшырды. Мындан тышкары интернат тибиндеги балдар мекемелеринде реформалар жүрүп, социалдык жумушчу кесиби өнүгүп, жакшырууда.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17