Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
2,188 Бардыгы / Бүгүн, 25-февраль күнү Жалал-Абад шаарында 1-мартта өтүүчү ири масштабдагы форум тууралуу Жалал-Абад ЖИА ассоциациясынын мүчөлөрү кенен маалымат беришти. Маалымат жыйынга ЖИА ассоциациясынын башкаруу кеңешинин мүчөлөрү, ишкер айымдардын координатору Жазгуль Жунусбаева, жеке ишкерлер Гүлжамал Караева жана Буниса Мамадалиева катышты. Биринчи мартта өтүүчү форумга Кыргызстандын ар аймактарынан жана бир катар коңшулаш мамлекеттерден да ишкердик тармагында […]
2,189 Бардыгы / Бүгүн, 25-февраль күнү Жалал-Абад шаарында 1-мартта өтүүчү ири масштабдагы форум тууралуу Жалал-Абад ЖИА ассоциациясынын мүчөлөрү кенен маалымат беришти. Маалымат жыйынга ЖИА ассоциациясынын башкаруу кеңешинин мүчөлөрү, ишкер айымдардын координатору Жазгуль Жунусбаева, жеке ишкерлер Гүлжамал Караева жана Буниса Мамадалиева катышты. Биринчи мартта өтүүчү форумга Кыргызстандын ар аймактарынан жана бир катар коңшулаш мамлекеттерден да ишкердик тармагында […]
ЖАЛАЛ-АБАД: ИШКЕР АЙЫМДАР ҮЧҮН ИРИ МАСШТАБДАГЫ ФОРУМ ӨТӨТ
25.02.2020 / Автор aymak

2,190 Бардыгы /
Бүгүн, 25-февраль күнү Жалал-Абад шаарында 1-мартта өтүүчү ири масштабдагы форум тууралуу Жалал-Абад ЖИА ассоциациясынын мүчөлөрү кенен маалымат беришти.


Маалымат жыйынга ЖИА ассоциациясынын башкаруу кеңешинин мүчөлөрү, ишкер айымдардын координатору Жазгуль Жунусбаева, жеке ишкерлер Гүлжамал Караева жана Буниса Мамадалиева катышты.
Биринчи мартта өтүүчү форумга Кыргызстандын ар аймактарынан жана бир катар коңшулаш мамлекеттерден да ишкердик тармагында ийгилик жаратып, жигердүү аракеттенип келе жаткан ишкер айымдардын келүүсү күтүлүүдө.
Анда жеңил өнөр жайдын локомотиви болгон текстил тармагы тандалып алынган. Себеби Жалал-Абадда бул жаатта эмгектенген ишкер айымдар болгону менен ири көлөмдөгү буйрутмаларды аткарууда аксап келишет.
Форумдун максаты учурда коомдо өндүрүш тармагын колго алган айымдарды бир аянтка чогултуп, ишкердигин өнүктүрүүгө багыт берүү. Аны менен бирге өндүрүмдүн көлөмүн арттыруу жагын жолго коюу болууда. Ага катышууда ишкер айымдардын өндүрүмдөрүнүн ар түрдүүлүгүнө чектөө коюлган эмес. Мында атайын көргөзмө да уюштурулат.
Эске сала кетсек, ЖИА ассоциациясына мүчө болгон ишкерлердин 45 пайызга жакынын айымдар түзөт. Бул форум Жалал-Абадда экинчи жолу уюштурулуп жатат.
Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
26.05.2025 / Автор anarkan_kg ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКАДА ЫЗАР АЙМАКТЫК МИЛИЦИЯ БӨЛҮМҮНҮН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.