Аймак

КЫРГЫЗСТАНДЫ ТААНЫТКАН ЖАЛАЛ-АБАДДЫК СПОРТЧУЛАР

КЫРГЫЗСТАНДЫ ТААНЫТКАН ЖАЛАЛ-АБАДДЫК СПОРТЧУЛАР

 4,241 Бардыгы /

Акыркы жылдары дүйнөлүк, азиялык, эл аралык, республикалык чемпионаттарда алдыңкы орунду багындырган спортчулардын көпчүлүгүн жалал-абаддык деп таанып калдык. Мындан улам Жалал-Абад областы спортчулардын кичи мекенине айланып баратабы? – деген суроо да жаралбай койбойт. Ага ылайык биздин редакция областтын атын чыгарган, өлкөбүздүн желегин чет жакта желбиреткен спортчуларыбыздан кыскача маек курдук. Ошондой эле облуста спорт саясаты кандай жүрүп жатат? Кандай мүмкүнчүлүктөр жаралууда? – деген суроолорго да жооп издедик.

Замир БЕКМЫРЗАЕВ, Жалал-Абад облустук Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысынын орун басары:

-Бүгүнкү күндө Жалал-Абад областында спорт саясатын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы жүргүзөт. 2019-жылы област боюнча чоң ийгиликтер жаралды. Дүйнөлүк, Эл аралык, Республикалык масштабда өткөн ири спорттук мелдештерде биздин спортчулар жакшы ийгиликтерди жаратышты. Алсак, грек-рим күрөшү, жеңил атлетика, кол күрөш, “Алыш” күрөш, бокс кыскасы спорттун бардык түрүндө мактанарлык жеңиштерибиз бар. Бүгүнкү күндө грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасындагы спортчулардын көпчүлүгү жалал-абаддыктар. 2019-жылдын жыйынтыгы менен ийгилик жараткан 27 спортчубузга Өкмөттүн областтагы өкүлчүлүгү жана мэрия тарабынан моралдык, материалдык жактан жардам берүү максатында сыйлыктар берилди. Айтор, жергиликтүү бийлик спортчуларды дайым колдойт.

Биздин областта спорттун өнүгүшүнүн себеби катары мен жаштардын бул тармакка кызыгуусун жана спортко жакшы көңүл бурулганынын натыйжасы деп билем. Албетте спорт тармагы жакшы өнүгүп, спортчулар мыкты жыйынтык көрсөтүп келгени менен айрым көйгөйлөр да бар. Алсак, спортчуларды сырткы командировкалык оюндарга алып барганда алардын бир күндүк тамак-ашына 109 сомдон эле каралган. Биз ойлойбуз заман талабына ылайык, 109 сом бир баланын бир күндүк тамак-ашына жетпейт. Негизи спортчулар эки маал ысык тамак ичип турушу зарыл. Ушул көйгөйдү эсепке албаганда буйруса баары жайында. Областта биздин башкармалыкка караган 16 спорттук мектеп бар. Ал эми спорттук аянтчалар боюнча айтсам, 2019-жылы 16 кичи спорттук аянтча, бир стадион, 3 спорттук комплекс, 4 спорт зал курулду. Демек, бир жылда 25 спорттук объекттин курулган өтө жакшы көрүнүш. Бул спортко дагы да көңүл бурулуп жатканынын белгиси.

Жибек КАРАТАЕВА, кол күрөш боюнча дүйнө чемпиону:

-Мен спорттун кол күрөш (армрестлинг)түрү менен машыгам. Өзүм 14 жаштамын, азыркы убакта Аксы районуна караштуу Сыны айылында 8-класста окуйм. Декабрь айына чейин Таш-Көмүр шаарында жашап, окучумун. Бул спорт түрүнө мен мурунтан бери эле кызыгып, курбум экөөбүз кол күрөш залын издегенбиз. Кийин араң таптык. Бизди машыктырып жүргөн агайыбыз Каныбек Эсенгелдиев Ундашович. Ал кезде бизди анча-мынча машыктырып, үйүбүзгө жөнөтүп койчу. Арадан бир жарым жыл өткөндөн кийин биз Таш-Көмүрдө болгон турнирлерге катышып жүргөнбүз. Ал убактагы менин эң чоң турнирим Кыргызстан республикалык турнири болчу. Ал жерден мен 3-орунду алып калганмын, ага чейин жөнөкөй турнирлерде дайыма 1-орунду алып жүрчүмүн. Андан кийин Азия чемпионаты өтүп, анда мен 1-орунду алдым. Андан кийинки максатым Дүйнөлүк чемпионатта жеңүүчү болуу эле, ал кыялым да орундалды. 2019-жылы Румыния мамлекетинде 26-октябрдан 4-ноябрга чейин Дүйнөлүк чемпионат өттү. Ал чемпионатка 56дан ашык мамлекет катышып, бир жарым миңдей спортчу катышкан. Анда Кыргызстан боюнча жетектеп келген менин агайым К.Эсенгелдиев болду. Биздин өлкөдөн 16 катышуучу барса, алардын ичинен 1 алтын, 2 күмүш, 1 коло медалын багындырып кайттык. Мындан ары дагы улантып, буйруса көп ийгиликтерге жетем деп ишенем.

Элдияр СЕКСЕНБАЕВ, бел боолуу “Алыш” күрөш боюнча дүйнө чемпиону:

-Мен 10 жашымдан, тагыраагы эс тартып калгандан бери машыгып келем. Кара-Дарыя – балбандардын мекени деп илгертен эле айтылып келет. Чынында ошондой, айылыбыздын бардык жигиттери эс тарткандан тартып күрөшө баштайт. Мени спортко жетелеген менин акелерим Аскар Юсупов жана Муктар Сексенбаев. Муктар акем мага чоң мотивация берет. Анткени менин күрөшүүдөгү бүт ыкмаларымды ушул агамдан үйрөнгөнмүн. Бул агам бутунан жаракат алып, азыркы күндө күрөшпөй калган. Учурунда алыш күрөш боюнча катуу чыккан эле. Негизи үй-бүлөбүз менен күрөшкө жакынбыз.

Мен өлкөбүздүн желегин ар дайым эң бийик чокуларда желбиретким келет. Керек болсо өлкөм үчүн жанымды берүүгө да даярмын. Олимпиада оюндарына алыш күрөш кирип калса, буйруса мекениме алтын медаль алып келем. Ийгиликтерим боюнча бөлүшсөм республикалык чемпионаттын 3 жолку официалдуу жеңүүчүсү, Эл аралык чемпионаттардын бир нече жолку чемпиону болсом, былтыр 2019-жылы дүйнө чемпиону аталдым.

Нурадин РУСТАМБЕК уулу, бокс боюнча Азия чемпиону:

Мен спорттун бокс түрүнө 9 жашымдан тартып аралашканмын. Сузак районундагы Барпы айылында Тай-Мурас спорттук комплексинин окуучусумун. Ошол жерде тарбияланып, машыгып жүрөм. Эки агам бар, алардын арты менен ушул спортту тандап, ийгиликтерди жаратып келе жатам. Ошондой эле менин жеке тренерим Сагынбаев Улан, Төлөгөн уулу Данияр агайлар менен иштешип келем. Улан агай мени кичинемден тарбиялап, машыктырып ушул даражага жеткирип олтурат. Негизи көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Анын арасынан Монголия мамлекетинин Улан-Батор шаарында спорттун бокс түрү боюнча жаштар арасында Азия чемпиону болдум. Буга чейин жаштар арасында кыргызстандык эч бир спортчу чемпион аталбаган экен.  Бул спортко кичинемден эле апам каршы болчу “Балам, барбачы, кереги жок. Башка нерсе менен алектенчи. Биздин жаныбызда эле жүрчү” дей берчү. Чемпионаттарга барарда атам “Апа деген ушундай болот. Баласына мээрими чексиз. Сен бирок спортту таштаба” – деп дайым колдоо көрсөтчү. Мен апама “Апа, бир аз чыдап туруңуз, баары алдыда мен буйруса кыргызымдын желегин бийиктиктерге желбиретем. Сиз кыжаалат болбоңуз, баары жакшы болот” деп сооротуп койчумун. Албетте чемпионаттарга барарда апамдын, чоң энемдин ошондой эле элимдин батасын алып чыгам. Азия чемпионатында мен финалга чыгып, өзбек мушкерин утту деген кабарды угуп, ата-энем ишенбей чоң агама чалып “менин балам чын эле уттубу?” деп ыйлап жиберишиптир. Аэропорттон тосуп алганда да апам кучактап ыйлап, “Сен биздин гана уул эмес, бүт кыргыз элинин уулусун” деп сыймыктанды. Буйруса ушул жылы Токиодо өтүүчү олимпиадалык оюндарга катышып, кыргызымдын кызыл туусун желбиретип, гимнин жаңыртамын деген максатым бар.

Гулшанай САТАРОВА, жеңил атлетика боюнча Эл аралык мелдештин чемпиону:

-Мен 1992-жылы 1-сентябрда Андижан областынын Коргон-Төбө районуна караштуу Токтогул айылында төрөлгөнмүн. Негизи спорттун бул түрү менен 2003-жылдан бери машыгып келем.  Ал жакта көптөгөн чемпионаттардын жеңүүчүсү болдум. 2011-жылы Жалал-Абад шаарындагы ЖАМУга дене тарбия бөлүмүнө тапшырдым. Ошол убактан баштап машыктыруучум Төрөжанов Абдиллажан агайдын колунда машыгып келем. 2014-жылы ЖАМУну аяктап, турмушка чыктым. Учурда бир кызым бар. Азыркы күндө да мелдештерге катышып, анын арасынан 2011-жылдан бери Кыргызстан чемпионаттарында бир нече жолку, Азиянын көп жолку чемпиону аталдым. Андан сырткары Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болдум.  Акыркы ийгиликтеримди айтсам 2019-жылы Азия оюндарында Малайзияда 2 жолу 1-орунду багындырдым. Учурда Кыргызстан курама командасындамын. Бүгүнкү күндө 2020-жылда болуп өтө турган олимпиада оюндарына жолдонмо алууга даярданып жатам. Буйруса анда да жакшы жыйынтык көрсөтөм деп үмүттөнөм.

 

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17