Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ЖАШЫЛ ШААРГА АЙЛАНАБЫ же такыр шааргабы?

ЖАЛАЛ-АБАД ЖАШЫЛ ШААРГА АЙЛАНАБЫ же такыр шааргабы?

 2,700 Бардыгы /

Жазында бак-дарактарды кыркуу, бутоо жана улоо иштери байма-бай жүргүзүлөт. Аларды жаңылоо жана жаш көчөттөрдү эгүү эрте жаздан колго алынат. Учурда Жалал-Абад шаарында жол боюндагы бак-дарактардын кыюулуусу өтүп бараткан адамдын көңүлүн дароо бурары талашсыз. Биздин редакция да борбордук көчөлөрдөгү көп жылдык бактардын эмне себептен кыйылып жатканына кызыгып көрдүк. Анткени эл оозунда баш аламан кыйылган бак-дарактардын да убалы бар деп айтышат. Бул шаардын экологиясы жана тургундары үчүн терс таасирин тийгизбейби деген таризде тиешелүү адистерге кайрылдык.

Закиржан САРЫМСАКОВ, “Лесик-Юг” экологиялык коомдук бирикмесинин башкы адиси:

“ЖАШЫЛ АЙЛАНАНЫ ЖОГОТУП ЖАТАБЫЗ”

-Жалал-Абадда жолдордун кеңейиши, дарактарды кыюу жана эгүү болуп келген көрүнүш.  Жакшынакай имараттар, үйлөр да түшүүдө, бирок айлананы жашылдандырууга да көңүл бурушубуз зарыл. Биз жашылдандыруунун үстүнөн көзөмөлдү жоготуп койдук. Көчөнү реконструкциялагандан соң эгилген дарактар шартка туура келбейт. Анткени учурда эгилип жаткан ийне жалбырактуу арчалар көрк берет, бирок көлөкө бербейт. Биринчи шаарга жашылдандыруу жана көлөкө берген дарактарды эгүүнү ойлонуш керек. Ал эми Жалал-Абаддын шартына ылайык келген бир топ дарактар бар. Шуң (ясень) бул шаарга ылайык жакшы өсөт. Андан кийин канадалык багрянник автовокзалдын алдында өсүүдө, эки-үч күндө сирень сыяктуу сулуу гүлдөйт. Ал шаардын шартына туура келет, өтө бийик болуп кетпейт, бирок жакшы салкындатат. Биздин эккенибизге канча жыл болсо да, дагы деле бар. Катальпа деген даракты тротуардын жээгине эгүүгө болот, анткени бийик өсүп, зымдарга тоскоолдук кылбайт. Кайрагачтын шадда кайрагач деген сорту, жайылып өскөн ак терек деген дарактар шаар климатына туура келет. Андан сырткары тротуарларды бойлото бадал тибиндеги өзгөчө гүлдөөчү көчөттөрдү башка дарактар менен бирге эриш-аркак эксе жакшы болот. Бадал тибиндегилерден япон айвасы, форбита деген кооз гүлдөгөндөрү бар. Бирок шаар аймагына туура келбеген дарактарды эле эгип, аларды кайра кууратып алышты. Анткени шаардагы  Москва көчөсүнө эгилген павлония дарагы куурап кетти, андан калганын кыркып коюшкан. Аны эккен жердин жанында дайыма суу агып турушу керек, болбосо кургайт. Мына ушул сыяктуу дарактар Жалал-Абадга туура келбейт.Дарактарды түптүз устундай кыркуу туура эмес, кыйгач кыркуу керек. Эгер түз кыркса дарак чартактап начар өсүп, кыйгач кыркканда дарактын өсүүсүнө да жакшы болот. Ар бир дарактын өзүнө ылайык касиети бар, ошого жараша мамиле кылуу зарыл. Мисалы, тыт дарагын жылда кырка берсең өсө берет, ал эми чынар терек андай эмес. Ошондуктан дарактарды кыюунун алдында экологдор менен кеңешүү керек. Бирок эмнегедир азыркы адистер  экологдорго кайрылууну каалашпайт?

Жакында жай келип күн ысыйт, эми канчалык деңгээлде биз табигый чатырды же бизди коргоочуларды жоготконубузду ойлонуп көрөлү. Шаар ысып, көлөкөсүз асфальт 60 градуска чейин кызыйт. Көчөдөн өткөн жашоочулар жана окуучулар жетер жерине жеткиче башы кайнап кетет. Климаттын өзгөрүшүнө даяр эмеспиз, бирок шаардын ого бетер ысыгандыгына өбөлгө түзүлөт. Себеби көлөкөлүү көчөлөрүбүздү, жашыл айлананы жоготуп жатабыз.

Реконструкцияланбай турган көчөдөгү дарактарды да кыюуга өтүштү. Алардан сурасак жашартып жатабыз дешет, бирок жашартуу эрежелери сакталбай жатат. Шактарынан эмес, түбүнөн кыркканда керектүү азыкты ала албастан тамырга зыян келип, өлүп калат. Быйыл болбосо да эки-үч жылдан кийин ошол абал келиши мүмкүн.

Үпөл АСАНАЛИЕВА, Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу:

“АЙРЫМ КӨЧӨЛӨР ЖЫЛАҢАЧ КАЛДЫ”

-Дарак деги эле жаратылыштын көркү, жашоонун булагы. Мурун союз убагында бир куурап калган даракты кыркып койгону үчүн соттолгонго чейин барат эле. Себеби бир даракты алып салууда же кыркууда тиешелүү ишканалардан уруксат алышчу. Андан соң алар атайын бир чечимге келип, анан даракты алып салышкан. Азыр болсо андай жок, кимди ким көрдү, Былжырбайды там басты дегендей эле барып “тарс” эле кыйып салышат. Аны кыюуда да атайын адистер болушу керек, белчесинен, чалкасынан кырккандан  кийин ал дарак мурунку абалын жоготот. Мен эми союз убагындагы адам катары көз карашымды айтып жатам. Андан сырткары ушуга окшогон көрүнүштөргө жан дүйнөм орун бербейт. Себеби туш келди борбордук көчөдөгү дарактардын баары буталып бүттү. Дарактар көрк бергенден сырткары кычкылтек берип, жакшы аура тартуулайт. Нечен жылдан берки өсүп келе жаткан бактар жок Пушкин жана Ленин көчөсү жылаңач калды. Ал мурунку кишилер бапестеп багып, баладай бөпөлөп өстүргөн  дарактар эле. Ооба, электр зымдары өткөн жерлерин эле кыркып, тазаласа болот. Бирок бар-жогун шылый чапканы болбойт. Дарак деле тирүү жан да, анын да убалы бар. Аны да көктөтүү үчүн канча бир убакыт керек.

Болот УЗАКБАЕВ, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри:

 “БИР ДАРАК КЫЙСАК, ЭКИ ДАРАК ОЛТУРГУЗАБЫЗ”

-Бүгүнкү күндө Жусупбек Бакиев көчөсүндө 200дөн ашуун дарак кыйылган. Бул боюнча шаар мэриясынын астындагы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү башкармалыгы экология башкармалыгына кат жолдоп, ал жактан уруксат алып кыйып жатабыз. Көчүрүлө турган жаш дарактарды жаз асты менен ойгоно электе көчүргөнбүз. Көп жылдык көчүрүүгө мүмкүн эмес эски дарактарды кыюуга мажбур болдук. Мунун себеби бүгүнкү күндө шаар мэри 2020-жылдын иш планына Жусупбек Бакиев көчөсүн, Барпы сейил көчөсүнөн Чехов көчөсүнө чейин кеңейтүүнү сунуштаган. Буйруса жакынкы күндөрдө шаардык кеңештин депутаттары колдоп, бюджетти бекитип беришсе иштер башталат. Анын негизинде дарактар ойгоно элек маалында, жашоочулар да терс пикирде калбасын деп бүчүр байлай электе кыйылууда. Долбоордо каралгандай кыйылган дарактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулат. Алардын дээрлик  90%ы эски 70-80 жылдык ичи көңдөй болуп калган дарактар эле. Шаардын өсүшү жана анын кооздугуна багыт ала турган болсок, анда ушул кадамдарга барып, жаңылоо керек.

Бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү максатында шаарды абаттоо, көрктөндүрүү, архитектуралык калыбына келтирүү иш-чаралары жүзөгө ашырылат. Ушул максатта кээ бир жерлерде түнкү жарыктарды орнотуу жана бул жылы  “Коопсуз шаар” долбоору менен Жалал-Абад шаарында да он эки жерге камера орнотулат. Алардын өздөрүнө жараша тараптарын аткаруу жагы да бизге милдеттендирилген. Ушул себептерден кээ бир жердеги дарактарды жаз алды менен кыйып баштаганбыз. Алардын ордуна сөзсүз түрдө жаңы көчөттөрдү орнотуу ушул жылдагы бюджетке бекитилген. Бирок бир дарак кыйсак, эки дарак олтургузабыз.

Андан сырткары шаар тургундары да өз арыздары  менен кайрылышат. Кээ бирлери дарак куурап, ичи көңдөй болуп калды же кооптуу болуп жатат, кулап кетиши мүмкүн деген арыздары менен келишет. Алардын арызынын негизинде да кыйып беребиз. Андан сырткары көп жылдык дарактардын тамырлары да чоңоюп, тротуар жана лотокторду же элдердин үйлөрүнүн пайдубалын бузуп кетүүдө.

Канатбек ЖОЛДОШБАЕВ, Жалал-Абад шаарындагы көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын башкы агроному:

“ШААРГА  ЖАЗЫ ЖАЛБЫРАКТУУ ДАРАКТАР ЭГИЛИШИ КЕРЕК”

-Бак-дарактарды ноябрь айынан баштап март айына чейин же жалбырагы түшкөндө бутаганга болот. Ошондо кеч күз мезгилинен эрте жазга чейин санитардык кыркууларды жүргүзүү керек. Ал эми көчөт эртерээк, бүчүр алып ойгоно электе эгилсе жашап кетет. Март айында эгилген көчөттүн 100%дан 90-80 пайызы көгөрөт. Биздин климатка жараша шаарга жазы жалбырактуу дарактар эгилиши керек. Азыр ийне жалбырактууларды эгип жатабыз, бирок ушул жылдан тарта жазы жалбырактуу дарактарды олтургузабыз. Анткени экологиядан да “көлөкө керек” деген көрсөтмө берип жатышат. Бул жылы долбоордун негизинде Жусупбек Бакиев көчөсү оңдолуп, жаңы бактар тигилери күтүлүүдө. Ал эми ушул көчөдөгү 207 түп даракты кыйып, алардын ордуна 700 көчөт эгилет. Андыктан жазы жалбырактуу дарактарды ыңгайлуу жерге жайгаштыруу боюнча долбоорго да киргизип жатабыз. Анткени алар бийик өсүп, столбаларга тоскоолдук кылбашы керек. Учурда дарактарды да устундай кылып айла жоктон кыркып жатабыз. Себеби үстүнөн өткөн электр зымдарын аралап өскөн. Ал эми РЭСтегилер зымга тийген жерлерин баш аламан кыркып кетишет. Алардан кийин биз кайрадан тыкан кылып кыркып коёбуз. Биздин мекеменин да кызматкерлери жетишпей жатат, анткени баарын тазалаш кыйын экен. Ал эми дарактар кандай кыйылып жатканын адистер көзөмөлдөп турат. Биз кандай кыркуу керектиги боюнча көрсөтмө беребиз.

   

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17