Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
733 Бардыгы / Израилдин чалгындоо кызматынын мурдагы офицери жана ал негиздеген фирма Кыргызстандын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде сүрөөнгө алат. Бул тууралуу «Азаттык» «Foreignlobby.com» басылмасына шилтеме берүү менен билдирди. «Фирма президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун АКШнын расмий өкүлдөрү, Израилдин премьер-министри, араб мамлекеттеринин өкүлдөрү менен жолугушуусун уюштуруунун милдетин алууда» деп жазган басылма. «Бийликке эки жума мурда эле кайдан-жайдан келгени белгисиздей […]
734 Бардыгы / Израилдин чалгындоо кызматынын мурдагы офицери жана ал негиздеген фирма Кыргызстандын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде сүрөөнгө алат. Бул тууралуу «Азаттык» «Foreignlobby.com» басылмасына шилтеме берүү менен билдирди. «Фирма президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун АКШнын расмий өкүлдөрү, Израилдин премьер-министри, араб мамлекеттеринин өкүлдөрү менен жолугушуусун уюштуруунун милдетин алууда» деп жазган басылма. «Бийликке эки жума мурда эле кайдан-жайдан келгени белгисиздей […]
«FOREIGNLOBBY.COM»: САДЫР ЖАПАРОВДУН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫН ИЗРАИЛДИК ЧАЛГЫНДООЧУ ЖЕКЕ КОМПАНИЯ СҮРӨЙТ
05.11.2020 / Автор orozalieva735 Бардыгы /
Израилдин чалгындоо кызматынын мурдагы офицери жана ал негиздеген фирма Кыргызстандын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде сүрөөнгө алат. Бул тууралуу «Азаттык» «Foreignlobby.com» басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.
«Фирма президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун АКШнын расмий өкүлдөрү, Израилдин премьер-министри, араб мамлекеттеринин өкүлдөрү менен жолугушуусун уюштуруунун милдетин алууда» деп жазган басылма.
«Бийликке эки жума мурда эле кайдан-жайдан келгени белгисиздей сезилген, Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров экономикалык кризистин айынан эл аралык жардам алуу максатында өз кызыкчылыктарын сүрөш үчүн бир миллион долларлык келишимге кол койду. Садыр Жапаровдун өкмөтү 30-октябрда Израилдин мурдагы аскер чалгынчысы Ари Бен-Менаш менен макулдашты. Ага ылайык Бен-Менаштын Монреалда иш алып барган «Dickens&Madson Canada» компаниясы Кыргызстандагы бийликти АКШ менен Жакынкы Чыгышта сүрөөнгө алып, бул аймактардын чечим чыгаруучу мамлекеттик кызматкерлери менен тез арада экономикалык кызматташтык, коопcуздук, COVID-19 менен күрөшүүдө жардам алуу боюнча келишимдерге жетүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүн шарттоо, алар менен жолугушууларды уюштуруп берүүнү жана кызыкчылыктарын сүрөөнү ишке ашырмакчы. Бул үчүн иш акысы бир миллион долларга бааланып, кыргыз тарап 500 миң долларын төлөгөнү документтерде тастыкталды» деп айтылат макалада.
Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек «Азаттык» радиосуна «бул кабарга тактагандан кийин гана комментарий беребиз» деп жооп берди.
Кыргыз өкмөтүнүн атынан бул келишимге Бишкекте катталган «Реннесанс» агрардык-өндүрүш корпорациясынын ээси Абдыманап Карчыгаев кол койгон.
Абдыманап Карчыгаевдин уулу, аталган корпорациянын жетекчиси Алтынбек Карчыгаев «Азаттыкка» мындай келишимге кол коюлганын ырастап, «анын максаты негизинен тышкы карызды жоюуга байланыштуу болчу, бирок майда-чүйдөсүн атам билет» деген комментарий берди.
Абдыманап Карчыгаевдин Кыргызстанда, Орусияда катталган бир нече жеке фирмалары бар.
4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык күчөп, өлкөдө бийлик алмашкан. Жогорку Кеңешке кайра шайлоонун датасы аныктала элек. Жаңы бийлик ага мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана конституциялык реформа өткөргөндөн кийин киришерин айтууда.
Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров өткөн аптада өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып жаңы кадрларды даярдоодо кемчиликтер бар экенин белгилеп, алардын баары бир нече айдан кийин кайра сынак аркылуу кабыл алынарын айткан.
Жапаров 6-октябрдагы окуялардан кийин өлкө мыйзам нугуна кайра кайтканын айтып келет. Бирок Орусия, Европа Биримдиги баштаган эл аралык институттар Кыргызстанга берилип жаткан насыяларды жана донордук жардамдарды убактылуу токтоткон. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиядан жана Казакстандан каржылык жардам сурап атайын иш сапары менен барып келген.
WWW
Автор orozalieva
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫТАЙ МЕНЕН ЧЕКТЕШКЕН ЧЕК АРАДА ӨТКӨРҮҮ БЕКЕТТЕРИ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛАТ
-
12.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна БАЗАР-КОРГОН ШААРЫНЫН МЭРИ БАЛА БАКЧАЛАРДЫ ТЕКШЕРДИ
-
28.05.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ ЧЕК АРАНЫ КОРГООДО КУРМАН БОЛГОН ЖООКЕРЛЕРДИН ЭСТЕЛИГИН АЧТЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.