Аймак

БАЗАР-КОРГОНДО АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

БАЗАР-КОРГОНДО АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

 2,709 Бардыгы /

Базар-Коргон РИИБи тарабынан “Түнкү өспүрүм” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Анын алкагында район аймагында түнкү убакыттарда коштоочусу жок жүргөн өспүрүмдөр текшерүүгө алынды. Иш-чаранын негизги максаты өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, топтошуп мушташуулардын алдын алуу болуп саналат.

         Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Базар-Коргон райондук администрациясынын алдында түзүлгөн жаш өспүрүмдөр комиссиясынын кароосуна 11 материал жөнөтүлдү. Түнкү убакытта коштоочусу жок жүргөн 16 жаш өспүрүм аныкталып, ата-энелери чакыртылып, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле өз балдарын көзөмөлсүз калтырбоо керектиги эскертилди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17