Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,270 Бардыгы / Ферганадагы мунайды кайра иштетүү заводунун Алтыарык филиалынын жүздөгөн жумушчусу 10-январдан бери мөөнөтсүз нааразылык акциясын өткөрүп жатышат. Заводдогу кыскартуулардын башталышына нааразы болгон кызматкерлер күн сайын жумуштан кийин заводдун алдындагы жолду бууп жатышат. «Заводдо 900 киши иштечү. Эки айдан кийин болгону 120 гана жумушчу калды. Биз ушуга нааразы болуп, күн сайын жумуштан кийин заводдун алдындагы […]
1,271 Бардыгы / Ферганадагы мунайды кайра иштетүү заводунун Алтыарык филиалынын жүздөгөн жумушчусу 10-январдан бери мөөнөтсүз нааразылык акциясын өткөрүп жатышат. Заводдогу кыскартуулардын башталышына нааразы болгон кызматкерлер күн сайын жумуштан кийин заводдун алдындагы жолду бууп жатышат. «Заводдо 900 киши иштечү. Эки айдан кийин болгону 120 гана жумушчу калды. Биз ушуга нааразы болуп, күн сайын жумуштан кийин заводдун алдындагы […]
ФЕРГАНАДА МУНАЙДЫ КАЙРА ИШТЕТҮҮ ЗАВОДУНУН ЖҮЗДӨГӨН ЖУМУШЧУСУ НААРАЗЫЛЫК БИЛДИРҮҮДӨ
19.01.2021 / Автор aymak

1,272 Бардыгы /
Ферганадагы мунайды кайра иштетүү заводунун Алтыарык филиалынын жүздөгөн жумушчусу 10-январдан бери мөөнөтсүз нааразылык акциясын өткөрүп жатышат.
Заводдогу кыскартуулардын башталышына нааразы болгон кызматкерлер күн сайын жумуштан кийин заводдун алдындагы жолду бууп жатышат.
«Заводдо 900 киши иштечү. Эки айдан кийин болгону 120 гана жумушчу калды. Биз ушуга нааразы болуп, күн сайын жумуштан кийин заводдун алдындагы жолду тосуп атабыз. Бирок дароо эле милиция келип, жолду ачып коюуда», — деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген жумушчулардын бири.
Анын айтымында, завод «Jizzakh Petroleum» компаниясынын башкаруусуна өткөндөн кийин кыскартуулар башталган. «Завод дээрлик иштебей токтоп калды. Мунайдын жоктугунан улам өндүрүш жок. Тогуз айдан бери нормалдуу иштеген жокпуз. Завод ишин токтотсо 800 киши ишсиз калат, балдарыбызды кантип багабыз? Баарынын насыялары бар, балдары контрактта окушат», — деп кошумчалады ал.
Акциялардын биринде тартылган видеодо жүздөгөн жумушчулар «Жардам бергиле», «Жумуш бергиле» жана «Мунай бергиле» деген жазууларды көтөрүп турушканын көрүүгө болот.
Жумушчулардын айтымында, 17-январда алар менен заводдун жетекчиси Хабиб Латипов жолугуп, жумушчу орундар кыскартылбай турганын айткан. «Эч ким жумуштан кетирилбейт, Алтыарыктагы завод жабылбайт», – деген ал.
Заводдун кадрлар бөлүмүнүн кызматкери жумушчулар кыскартылбай турганын, бирок айлык акыны төмөндөтүү каралып жатканын билдирди. «Сырьёнун жоктугунан өндүрүш көлөмү кескин азайып кетти. Мындай учурда Эмгек кодексинин 100-беренесине ылайык биз жумучулар менен эмгек келишимин жокко чыгарууга укуктуубуз. Бирок 89-беренени колдонуп, иш күнүн жана айлыктарды азайтууну караштырып жатабыз. Жумушчуларга эскертип, марттан тартып жаңы тартип боюнча иштей турганыбызды айттык», – деди заводдун кызматкери.
Ферганадагы мунайды кайра иштетүүчү завод өлкө эгемендик алгандан бери Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун үй-бүлөсүнүн көзөмөлүндө болуп келген. Көптөгөн жылдар бою заводду экс-президенттин балдызы Тамара Собированын уулу Акбарали Абдуллаев башкарып келген. Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин Абдуллаевге заводдон түшкөн кирешенин 800 миллион доллардан ашыгын уурдоо айыбы тагылып, ага издөө жарыяланган. Бүгүнкү күндө ал чет өлкөлөрдүн биринде жашырынып жүрөт.
Былтыр февралда Мамлекеттик активдерди башкаруу боюнча агенттик мунайды кайра иштетүү заводу жана «Jizzakh Petroleum» компаниясы менен үч тараптуу келишимге кол койгон. Ага ылайык, завод беш жылга «Jizzakh Petroleum» компаниясынын башкаруусуна өткөн.
WWW
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
06.06.2024 / Автор anarkan_kg “АУТИЗМ ДЕГЕН ЭМНЕ? БАЛДАРЫБЫЗГА КАНТИП ЖАРДАМ БЕРЕ АЛАБЫЗ”
-
13.06.2024 / Автор anarkan_kg НООКЕНДЕ ЖӨӨ АДАМДАР ӨТҮҮЧҮ КӨПҮРӨНҮН КУРУЛУШУ АЯКТАДЫ
-
26.06.2024 / Автор anarkan_kg БОРБОРДУК СТАДИОН ТОЛУК РЕКОНСТРУКЦИЯЛАНДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.