Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
1,186 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарынын 2021-жылга карата бюджети коомдук угууда талкууланды. Ага мэр Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана калаа тургундары катышты. Коомдук талкууда Жалал-Абад шаарынын 2021-жылга бюджети тууралуу маалымат берилип, бул жылга пландалып жаткан иштердин долбоору тааныштырылды. Бюджеттин басымдуу бөлүгү курулуш тармагына бөлүнүп, бир катар ири долбоорлор ишке ашат. Мэр […]
1,187 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарынын 2021-жылга карата бюджети коомдук угууда талкууланды. Ага мэр Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана калаа тургундары катышты. Коомдук талкууда Жалал-Абад шаарынын 2021-жылга бюджети тууралуу маалымат берилип, бул жылга пландалып жаткан иштердин долбоору тааныштырылды. Бюджеттин басымдуу бөлүгү курулуш тармагына бөлүнүп, бир катар ири долбоорлор ишке ашат. Мэр […]
2021-ЖЫЛГА КАРАТА БЮДЖЕТТИК УГУУ ӨТТҮ
09.02.2021 / Автор aymak

1,188 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарынын 2021-жылга карата бюджети коомдук угууда талкууланды. Ага мэр Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана калаа тургундары катышты.
Коомдук талкууда Жалал-Абад шаарынын 2021-жылга бюджети тууралуу маалымат берилип, бул жылга пландалып жаткан иштердин долбоору тааныштырылды. Бюджеттин басымдуу бөлүгү курулуш тармагына бөлүнүп, бир катар ири долбоорлор ишке ашат. Мэр бул багытта өзү кенен маалымат берди.
Алсак, Спутник кичи шаарчасындагы Нооруз паркы баштан-аяк оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, ага 45 млн.сом акча каражаты каралууда. Кыска убакытта муниципалдык унаа базары ишке берилип, бул үчүн 10 млн. сом керектелет. Курулуш маркетинин жанына муниципалдык базар ачылып, борбордук базарды көчүрүү иштери жүрөт. Анын имаратынын үстүн жабууга 15 млн. сом, базар уюштурууга 10 млн. сом жумшалат.
Андан тышкары Төш-Кутчу айылына 100 орундуу бала бакча курулуп, Некрасов жана Жуматаев көчөлөрүндөгү бала бакчалар капиталдык ремонттон өткөрүлөт. Курманбек стадионуна эки спорт аянтчасы курулуп, №2 мектептин спорт сарайынын курулушу аягына чыгарылат. Ага улай көчөлөргө асфальт басуу, тротуар куруу, жолдорду жамап-жасоо иштери, бир катар мекемелердин имаратын оңдоп түзөөдөн өткөрүү мерчемделген.
Быйыл шаардык жол башкармалыгына 14 млн. сомдон ашуун суммага асфальт чыгаруучу завод алынат. Ал саатына 40 тонна асфальт чыгарып, көчөлөргө асфальт басуудагы бир катар көйгөйлөргө чекит коюлат.
Ал эми шаарга жаңылык киргизүүчү иштер да жасалат. Бак-дарактарды, гүлдөрдү тамчылатып сугаруу ыкмасына өтөт. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн машыгуу залын уюштуруу, шаарга келген туристтерге маалымат берүүчү борборду ачуу да негизги пландардын бири.
Бюджеттик угууга катышкан шаардыктар долбоорлорду колдоого алуу менен катар өздөрүнүн ой-пикирлерин билдиришти. Шаар башчысына көйгөйлөрү боюнча суроолорду узатып, жеринде жетекчилерге тапшырмалар берилди. Мында көтөрүлгөн сунуштар эске алынып, эми шаардык кеңештин сессиясында каралат.
“АЙМАК”
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
23.06.2026 / Автор anarkan_kg ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
-
22.06.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЭЛДИК ЖЫЙЫНДАР ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
-
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg ЭРКИН КҮРӨШ БОЮНЧА АКСЫДАН ЧЫККАН БАЛБАН
-
01.08.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ҮЧ АЙЛЫК ИШЕМБИЛИК ЖАРЫЯЛАНДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.