Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,480 Бардыгы / БАТКЕН. Узундугу 7,3 чакырымга созулган Кадамжай районунун Көтөрмө Айыл Өкмөтүнө караштуу Молдо Нияз каналынын жалпы сметалык наркы 280 миллион сомду түзөт. Ушул тапта 224 миллион сомдук курулуш иштери толук аткарылды. Буга улай 538 метр тоннель казылып, аны бетондоо иштери дагыле кызуу жүргүзүлүүдө. Аталган сугат каналынын курулушу толук аяктаса, 300 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт […]
1,481 Бардыгы / БАТКЕН. Узундугу 7,3 чакырымга созулган Кадамжай районунун Көтөрмө Айыл Өкмөтүнө караштуу Молдо Нияз каналынын жалпы сметалык наркы 280 миллион сомду түзөт. Ушул тапта 224 миллион сомдук курулуш иштери толук аткарылды. Буга улай 538 метр тоннель казылып, аны бетондоо иштери дагыле кызуу жүргүзүлүүдө. Аталган сугат каналынын курулушу толук аяктаса, 300 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт […]
БАТКЕН ОБЛУСУНДА ТӨРТ ИРИ СУУ ЧАРБА ОБЪЕКТИСИ КУРУЛУП ЖАТАТ
09.02.2021 / Автор aymak

1,482 Бардыгы /
БАТКЕН. Узундугу 7,3 чакырымга созулган Кадамжай районунун Көтөрмө Айыл Өкмөтүнө караштуу Молдо Нияз каналынын жалпы сметалык наркы 280 миллион сомду түзөт. Ушул тапта 224 миллион сомдук курулуш иштери толук аткарылды. Буга улай 538 метр тоннель казылып, аны бетондоо иштери дагыле кызуу жүргүзүлүүдө. Аталган сугат каналынын курулушу толук аяктаса, 300 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт жана 410 гектар жерге үзгүлтүксүз суу берүү бара-бара жакшырат.
Ал эми Кадамжай районунун Үч-Коргон Айыл Өкмөтүндөгү «Кара-Кыштак Боз» каналынын сметалык наркы 401 миллион сом. Бүгүнкү күндө аталган каналга кошумча дагы 1,5 чакырым ички чарбалык канал куруу иштери жүрүүдө. Бул сугат каналынын курулушу ишке түшкөндө, 568 гектар дың жер өздөштүрүлүп, 700 гектар аятка суу берүү жакшырат. Каналдын узундугуу 14,5 чакырым.
Ошондой эле Баткен районунундагы «Р-4» каналын куруу жана сыйымдуулугун көбөйтүү курулушунун жалпы сметалык баасы 500 миллион сом. Ушул тапта аткарылган жумуштардын болжолдуу суммасы 347 миллион сомду чапчыды. Каналдын жалпы узундугу 46 чакырымды түзсө, мунун 12,4 чакырымы негизги бөлүгү толук бүткөрүлүп, жаңы каналдын 3950 метр бетондоо иштери, жаңы ички чарбалык каналдын 24600 метр курулушу дээрлик бүткөрүлдү. Натыйжада каналдын курулушунун биринчи этабы ийгиликтүү аяктады. Курулуштун аякташы менен 1500 гектар дың жер өздөштүрүлөт. Ал эми Лейлек районунун Арка массивине өз нугу менен суу жеткирүү, дюкер куруу үчүн республикалык бюджеттен 100 миллион сом акча каражаты каралып, азыркы күндө дюкердин суу алуучу курулмасында жана кум топтолуучу жайында курулуш кызуу жүрүп жатат. Долбоор аяктаса, жалпысынан 2500 гектар жер өздөштүрүлөт жана сугат суу берүү азыркыдан дагы жакшырат. Эң негизгиси: суу абдан таңкыс болгон чек ара тилкесиндеги жана эң алыскы Максат айылына дагы акыры суу жеткирилет.
Жогорудагы каналдардын курулуштары 2026-жылга чейинки узак мөөнөттүү стратегиялык Мамлекеттик Программа боюнча аткарылып жаткан чоң ирригациялык обьектилер болуп саналат. Аталган Программага Баткен облусунан жалпы жонунан сегиз ирригациялык курулмалар – каналдар киргизилген. Ушул тапта аткарылып жаткан төрт сугат каналынын курулуштарына республикалык бюджеттен жана инвесторлордон этап-этап менен каражаттар дагы ажыратылып, курулуштары абдан кызуу жүрүүдө.
Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
14.08.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ АВТОБЕКЕТ ИШКЕ КИРЕТ
-
-
13.08.2026 / Автор anarkan_kg “САРЫ-ЧЕЛЕК” КОРУГУНДА ЖАҢЫ ӨТКӨРМӨ ПУНКТТУН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ
-
02.09.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.