Аймак

МЕЗГИЛ ЖАНА МУЗЫКА

МЕЗГИЛ ЖАНА МУЗЫКА

 1,233 Бардыгы /

Мекен ыйык, аны коргоо милдет!

Мезгил жана музыка

же «Прощания славянки» маршын укканда…

…Өткөн жылы  Жеңиш күнү айылга барсам  телерадиодон «Прощание славянки» маршы жаңырып турду, бирок  көкүрөгү орден, медалдарга толгон  ардагерлердин баары  көзү өтүп кеткендигине  жүрөгүм туз куйгандай ачышып, тээ 1970-жылдагы Улуу Жеңиштин  урматына карата   өткөрүлгөн майрам көз алдыма тартылды.

 Ал учурда  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери  арабызда  көп болчу. Улуу Жеңиштин 25 жылдыгына арналган  чогулуш   Ноокат районундагы  №44-жылкы заводунун чоң клубунда  белгиленген.

    Биздин чакан Күнгөй-Кожоке  айылындагы жогорку көчөдө Жолдош, Капар, Ысман, Мурза, Жоро, Курманбай,  андан кийинки көчөдө Митал, Абдибали, Зулун, Ислам, Эсенали, Өсөр, Сатыбалды, Жусуп, Төрөкөн, Сулайманкул,  төмөнкү эки  көчөдө Калмурат, Көчкөн, Дамин,  Дооран, Тургунбай, Ысак, Кадыр, Гүлжигит, Кален, Али, Кубат, Карабаштык Арап, Шерали, Абдыганы  абалардын көздөрү тирүү эмес беле. Алардын арасында менин атам Турсун да бар эле.

   Ошол күнкү чогулуштан кийин   биздин үйгө  атам  өзү менен кошо  Жолборсов Митал, Артыкбаев Кален,  Төрөев Гүлжигит, Алибаев Эсенали, Кудуев Көчкөн  абаларды ээрчитип кирип келди.    Апам  бактын ичиндеги чарпаяга  жаңы көлдөлөң төшөктөрүн салып, артка жөлөнгүч жаздыктарды коюп жатканда келген коноктор:

    -Көп  убара болбогула, биз тез эле чыгабыз, Курбанбай менен  Тургунбай  «бизди Турсундун үйүнөн  күтүп тургула» деп айткандарынан улам,  силердикине  бурула калдык,-  деп калышты.

  Апам   болбой эле, аларды  көлдөлөң  салынган чарпаяга олтургузуп,  жайылган жаңы дасторконуна   эртең менен дандырдан алынган ысык нанын, бышырылган боорсогун, карындан жаңы томурулган сары майын,  шириндиктерин,  ысык демделген чайын коюп калды.   Арыдан бери эзилген курутун кайнатып, ага сары майын кошуп,  чоң чыныга куюп,  мага ташытып турду. Карындашым  экөөбүз  айылдагы кадыр-барктуу  адамдардын биздин үйгө келгендигине жетине албай, апама жардамдашып жүрдүк.

    Алты ардагер эр жигит үчүн Ата Мекен  ыйык,  Мекенди  коргоо анын ыйык милдети  экендигин баса белгилешип,  өздөрүнүн согушта болгон күндөрүн, госпиталда жаткан учурларын, кан майдандан кайтпай калган айылдаштарын   эсткерип өтүштү.

    Кудуев Көчкөн  төр жакта олтурган  Кален абага кайрылды:

       – Биздин айылдан  Дооран, Сулайманкул,  Темирбай,  Эсенали аке, анан  сиз «За отвагу» медалы сыйланган.  Кален аке,  бул медалды  Сталинградды коргоого катышканда алгансыз да.  Сиз теңтуштарыңыздын арасында  биринчи болуп тамга таанып сабатын ачып,  мугалим  болгон адамсыз.   Барган, жүргөн жерлерди  жакшы билесиз. Берки экөө келгенче ошону айтып отуруңуз.

       -Мен  фронтко 33 жашта экенимде,  1942-жылдын   жазында   чакырылдым.  Бир айлык даярдыктан кийин дароо эле согушка кирдик.   Биздин бөлүк  августта   Сталинград багытына жөнөтүлдү. СССРдин Коргоо Эл комиссары Сталиндин   1942-жылдын  28- июлдагы № 227  буйругу чыгып,  тартип күчтүү.  Ошол учурдагы кырдаал өтө татаал эле, августта  душман  биздикилерди  Дон дарыясына чейин кысып, Калачтагы төрт дивизия курчоодон араң чыккан.   28-сентябрда  биздин 1-гвардиялык дивизия душманга контрчабууулга чыгып, катуу келе жаткан кыймылын токтоткон.   19-ноябрда биздикилердин чабуулу башталды. Ноябрдын аягында  биздин бөлүк  контрчабуулга өтүп, душманды ээлеп турган дөңсөөдөн кууп чыгып, ага бекем жайгашып алдык.  Ошондо  полктун командири тарабынан  өзгөчө айрымаланган 5 жоокер  «За отвагу» медалына көрсөтүлгөн элек.   1943 –жылы  2- февралда  генерал-фельдмаршал  Паулюс 24 генерал менен туткунга  алынган.  Эгер немистер  Сталинградды багынтып алганда,  алар андан ары Кавказдын  нефть чыккан райондорун да басып алып,  Советтер Союзунун абалы өтө оор абалды калмак. 

    1943-жылы 17-июлда Курскинин  Обоянь деген чакан шаарын бошотуу учурунда    жарылган снаряддан  оң колду жулуп кеткен экен, эсимди жоготуп коюпмун. Санитарлар медициналык -санитардык  бөлүккө алып келип, колду байлап койгондо гана көзүмдү ачыпмын.

Согуштан кайткандан кийин мектепте мугалим, чарбада бухгалтер, кийин почтого өтүп иштедим.

Бирок аны өз убагында  албай калгамын.  «За отвагу» медалын 1967-жылы  райондук аскер комиссары өзү келип тапшырып кеткен.

     Андан кийинки сөздү   Эсенали аба алды:

  – 1943-жылы   март айында  18 жашка чыкканда  мага райондук аскер комиссариатынан  чакырык кагаз келди.  Биз Ошко чейин арабага олтуруп, аерден поездге түштүк.  Арыска эки күн токтоп, Оренбургга барганда  мончого түшүрүп, аскер кийимин кийгизди. Чыкканда бири-бирибизди тааныбай калганбыз.    Кыска мөөнөттүү машыгудан өттүк да, 1-Украиналык фронттун 221- аткычтар дивизиясындагы  625 – полктун   2-батальонуна бөлүндүк. Адегенде бизди резервде кармап, бат эле  алдыңкы линияга жөнөттү.  Биздин дивизия Донецк областынын  Па́влополь, Чермалы́к кыштактарын,  Мариуполь шаарын  бошотууга  катыштык.  1944-жылы  Украинанын Винницк  областынын территориясына өттүк.  13-март күнү  Винницк  районунун Воронови́ца  деген чакан шаарына чабуул койдук. Немистер катуу каршылык көрсөтүштү. Биздин бөлүмдүн командири  Николай Головин деген сержант эле. Көп кабаттуу үйдүн экинчи катарында душмандын пулеметчиги  баш көтөртпөй аткылап тургандыгына карабастан,   биздин балдар  ошол үйдүн алдында казылган окопто душмандарга ок атып,  көбүн  жок кылдык. Минңметчиктер  немистин пулеметчигин  таамай атып  жок кылганда биз  аерге атырылып кирип барып,   душмандын  көпчүлүгүнүн тумшугун жер сүздүрүп, бир тобун колго түшүргөнбүз.

    Бул кабар полктун командирине  жеткен  экен, бөлүмдүн командирин  жана 8 жоокерин «За отвагу» медалы менен сыйлоо тууралуу  рапорт жазган.

      20-мартта областтын борбору Винницаны бошотууда колума ок тийип, жарадар болуп, госпиталда жатып калдым. «За отвагу» медалын командирим ошол жерде тагып кеткен.  Жараатым айыкпай врачтар мени  аскерге жараксыз деп таап, туулган жериме жөнөтүштү. Айылга кайтканымда да манжаларым жакшы кыймылга келбей жүрдү. Атам  мага комуз сатып берип, колум ооруганына карабастан  аны черттирет. Эки жылга барып, манжалар кыймылга келген. Азыр жакшы, бирок, күн бүркөлгөндө ооруп калат…

   Ошол учурда радиодон «Прощания славянки» маршы берилип калды.  Эсенаалы аба сөзүн токтотуп,  чарпаяда олтургандар    музыкага кулак салып калышты. Атам мага кайрылып:

        -Радионун доошун  бийик  чыгарып койчу!-деп калды. Мен чуркап барып, анын үнүн болгонунча бийиктетип койдум.

   Ардагерлер былк этпей угуп турушту. Эмелеки  жаркылдап турган кабактары бүркөлө түшүп, жүздөрү муңайым тартып баратты.  Жүүн-муунду бошоткон,   жүрөктү эзген, бирок  жан-дүйнөңдү толкунданткан бул музыкалык чыгарма мени  да өзүнө тартып алды. Көз алдыма колуна курал кармап,  согушка  бараткан аскерлер, аларды узатканы келген аялдары, балдары тартылды…

   Музыка  бүткөндөн кийин атамдын достору  «Прощания славянки»  маршынын коштоосу менен аскерге жаңы чакырылгандарды  узатуу салт болуп калгандыгын,  1945-жылы 24-июнда Кызыл Аянтта болуп өткөн  Жеңиш парадында ойнолгондугун,   музыканын  автору Агапкин экендигин айтып калышты.

  Бул маршты  студент кезде да угуп, атамдын «Радионун доошун  бийик  чыгарып койчу!»  деген сөздөрүн эстеп, ошол күнү атайын Чернышевкий атындагы китепканага баргам.  «Прощания славянки» маршынын автору Василий Иванович  Агапкин тууралуу жазылган китептерди, гезит-журналдардардын баарын чогултуп, окуй  баштадым. Ага ушунчалык кызыккан экемин, баары менен таанышып чыктым… 

    Агапкин Василий Иванович  1884-жылы  22-январда Рязань губерниясынын Михайлов уездинин Шанчерово  кыштагында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.   Анын атасы   Астрахань  шаарында жүк ташуучу болуп иштеген.  Василий бир жашка чыкканда анын апасы каза болот. Атасы экинчи жолу үйлөнүп, баланы  өгөй апасы Анна Матвеевна тарбиялап чоңойтот.  Василий 10 жашка чыкканда оор жумуштан улам  ден-соолугунан айрылган атасы да  дүйнөдөн кайтат.

Кир жуугуч болуп иштеген көп балалуу Анна Матвеевна аргасыздан  Васяны жана өзүнүн  эки кызын колунда бар адамдарга кызматкерликке берүүгө аргасыз болгон.

Бир жолу  майрамда  Вася  аскердик үйлөмө оркестр менен катарлаш туруп калат. Дээринде бар балага музыка катуу таасир берип, музыканттар менен  жакындан таанышып калат.  Алардын жардамы менен Агапкин резервдеги 308-падышалык батальондун оркестринин окуучусу катары кабыл алынат. Василий  14 жашында полктун корнетист-солисти деп таанылып, анын тагдыры аскердик оркестрге байланат.

1906-жылы В. Агапкин  Тибилисинин алдында турган 16-Твер драгун полкуна  аскердик кызматка чакырылат. Милдеттүү аскердик кызматы аяктагандан кийин 1909-жылы ал Тамбов шаарына келип,  7-запастагы кавалериялык полкко штаб-трубач болуп кызматка орношот.

 Ольга аттуу кызга баш кошкон, үй-бүлөлүү, 27 жаштагы В. Агапкин   Тамбовдогу музыкалык окуу жайынын жезден жасалган үйлөмө музыкалык аспаптар классында окуй баштайт. Ал  шаардагы эң мыкты окутуучусу Федор Михайлович Кадичевден сабак алган.

    1912-жылы  октябрь айында биринчи Балкан согушу башталат. Түрктөрдүн  беш кылымдык  эзүүсүнө  каршы  күрөшкө чыккан славян өлкөлөрүнө   жан тарткан  орус ыктыярдууларынын  Балканга  аттанышкан окуянын таасири менен Агапкин «Прощания славянки» маршынын музыкасын жаратат.

   Уккан адамдын жан-дүйнөсүн козгогон бул музыка  тез эле элге тарап, угуучулардын  берилип уккан   чыгармага айланып кетет.

   Октябрь социалисттик  революциясынан кийин  Василий Агапкин 1918-жылы өз ыктяры менен Кызыл Армиянын катарына кирип, биринчи кызыл атчандар полкунда  үйлөмө  музыкалык аспаптардын оркестрин уюштурган.

  1920 –жылы Агапкин  Тамбовго кайтып келип, музыкалык  студияны жана ГПУнун аскерлеринин  оркестрин жетектеген.  1922-жылдын 5-августунда Василий  Агапкин Тамбовдо оркестр менен коштошуу кечесин өткөргөн.

  Андан кийин Москвага  көчүп кеткен. Ал 1924-жылы январь айында  Ленинди  акыркы сапарга узатуу  боюнча уюштурулган  иш-чарага катышкан.  1928 –жылы  Агапкин кароосуз калган балдардын ичинен таланттууларын тандап алып, үйлөмө аспаптардан турган оркестр уюштурган. Алардын көпчүлүгү кийин белгилүү музыкант болушкан.

  1930- жылдары   СССР Ички иштер Эл комиссиартынын  алдындагы Жогорку мектебинин  оркестрин жетектеген.

УлууАта Мекендик согуш башталганда В.Агапкинге 1-рангадагы аскер инденданты чини берилип,  НКВДнын Дзержинский атындагы мотоаткычтар дивизиясында  улуу капельмейстери, тактап айтканда оркестрдин дирижеру болуп дайындалган.

  1941-жылы 7-ноябрда Москванын Кызыл аянтында болгон аскердик парадда биргелешкен оркестрге дирижерлук кылган. В.Агапкин жетектеген оркестр 1945-жылы 24- июнда Кызыл Аянттагы Жеңиш парадына катышкан.

Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин  Василий Иванович Агапкин  Москва областынын Хотькова шаарында жашаган. Ал 1956-жылы  72 жашында полковник чини менен ардактуу эс алууга чыккан.  В.Агапкин 1964-жылы 29-октябрда каза болуп, анын сөөгү Москвадагы Ваганьков мүрзөсүнө коюлган.

   Кийинки жылы айылга барып, Жеңиш күнүндө китепканадан окуган маалыматтарды  атамдын досторуна айтым бергем. Алардын менин сөзүмү кунт коюп отуруп угушкан.

    Эгер ардагерлердин көзү тирүү болгондо, баягы айтылгандарга  «Прощание славянки» маршы  Россиянын  Тамбов областынын гимни болуп калгандыгын, 2014-жылы 8-майда  Москванын ири Беларусь  вокзалында  «Прощание славянки» маршынын мазмунун чагылдырган  скульптуралык  комплекс  ачылгандыгын,  2014-жылы 16-августта Агапкиндин  туулган айылы Шанчероводо  анын бронзодон жасалган бюсту орнотулгандыгын, 2014-жылдын декабрында  «Прощание славянки» маршынын  жазылгандыгынын  100 жылдык урматына  Хотьков шаарынын Орленок тоосунда  эстелик белги тургузулгандыгын, 2015-жылы 21-июнда Тамбовдо  Василий Агапкин менен Илья Шатровго арналган скульптуралык  комплекс  кургандыгын  кошумчаламакмын.

        Тилекке каршы, алардын арабыздан кеткендигине көп жыл өтүп кетиптир. Ал эми «Прощание славянки» маршы  Жеңиш күнүндө дагы деле жаңырып турду…

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,

Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы.

Ноокат району.

Сүрөттөрдө:

«За отвагу» медалы сыйланган

Улуу Ата Мекендик согуштун ардегерлери

Кален Артыкбаев,  Эсенали Алибаев

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17