Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
625 Бардыгы / 10-майда Өзбекстандын Жогорку сотунун соттук коллегиясы Сардаба суу сактагычындагы плотинанын жарылышы боюнча каралып жаткан иштин алкагында 17 кишиге өкүм чыгарды. Сот 2020-жылы 21-декабрда эле башталган, жараян жабык режимде өткөн. Буга чейин айыпталуучулардын жетөө камалганы, алтоо күрөөгө бошотулганы, калгандары эч жакка чыкпоо жөнүндө тилкат жазып бергени айтылган. «Узтемирйулкурилишмонтаж» ишканасынын директорунун мурдагы орун басары, гидротехникалык […]
626 Бардыгы / 10-майда Өзбекстандын Жогорку сотунун соттук коллегиясы Сардаба суу сактагычындагы плотинанын жарылышы боюнча каралып жаткан иштин алкагында 17 кишиге өкүм чыгарды. Сот 2020-жылы 21-декабрда эле башталган, жараян жабык режимде өткөн. Буга чейин айыпталуучулардын жетөө камалганы, алтоо күрөөгө бошотулганы, калгандары эч жакка чыкпоо жөнүндө тилкат жазып бергени айтылган. «Узтемирйулкурилишмонтаж» ишканасынын директорунун мурдагы орун басары, гидротехникалык […]
ӨЗБЕКСТАНДА САРДАБА КЫРСЫГЫ БОЮНЧА 17 КИШИГЕ ӨКҮМ ЧЫКТЫ
11.05.2021 / Автор orozalieva

627 Бардыгы /
10-майда Өзбекстандын Жогорку сотунун соттук коллегиясы Сардаба суу сактагычындагы плотинанын жарылышы боюнча каралып жаткан иштин алкагында 17 кишиге өкүм чыгарды.
Сот 2020-жылы 21-декабрда эле башталган, жараян жабык режимде өткөн.
Буга чейин айыпталуучулардын жетөө камалганы, алтоо күрөөгө бошотулганы, калгандары эч жакка чыкпоо жөнүндө тилкат жазып бергени айтылган.
«Узтемирйулкурилишмонтаж» ишканасынын директорунун мурдагы орун басары, гидротехникалык курулуш дирекциясынын мурдагы башчысы М. Холматов “уюшулган топтун кызыкчылыгы үчүн ири көлөмдөгү акчаны уурдоо же чыгымга учуратуу”, “жалган документ жасоо”, “тоо, курулуш же жарылуу коркунучу бар иштердин коопсуздук эрежелерин бузуу” айыбы менен 10 жылга кесилди. Мындан тышкары анын үч жылга жооптуу кызматтарды аркалоосуна тыюу салынды. UzGIP жоопкерчилиги чектелген коомунун перспективдүү долбоорлорду пландоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы С.Руднев дал ушундай эле айыптар менен 5 жылга эркинен ажыратылып, 12,6 миң доллар айып пулга жыгылды.
Дагы төрт киши беш жылдан бир жылык мөөнөткө түрмөгө кесилип, бирөөнүн эркиндиги чектелип, калгандары ар түрдүү өлчөмдө айып пулга жыгылды.
Сырдарыя облусундагы Сардаба суу сактагычы былтыр 1-майда жырылып кетип, алты киши каза болгон. Анын кесепетинен 24 айылдан 90 миңдей киши шашылыш коопсуз жакка көчүрүлгөн.
Ал эми коңшу Казакстандын Түркстан облусунун бир канча айылдарын суу каптап, 10 миңден ашуун адам үй жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон. Расмий маалыматка ылайык, табигый кырсыктын кесепетинен 900гө жакын үй жашоого жараксыз деп табылып, 5624 гектар эгин аянты суунун астында калган. Казакстан жалпысынан келтирилген зыяндын көлөмү 950 миң доллар болгонун санап чыккан.
Адистер дамбанын жарылышына тармактагы жемкорлук, аны курууда бетон жана башка курулуш материалдарынын уурдалганы себеп болгон деп эсептешет.
Сардаба суу сактагычынын курулушу 2010-жылы башталып, 2017-жылы аяктаган. Аны куруу боюнча демилге Өзбекстандын азыркы президенти, ал кездеги өкмөт башчы Шавкат Мирзиёевге таандык. Дамбанын курулушуна мамлекеттин бюджетинен 404,4 млн. доллар сарпталган.
WWW.
Автор orozalieva
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
07.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖАШТАРГА ТУУРА ТАРБИЯ БЕРҮҮ БАГЫТЫНДА ЖЫЙЫН ӨТТҮ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.