Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
- Кулактандыруу
- Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
- НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
- НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
- НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
- КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
- Судебный департамент объявляет конкурс
- КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)
- КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
- СООДА-САТЫК
- Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
- Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
- Кеңеш айыл аймагынын өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
- Бешик-Жон айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
322 Бардыгы / ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кореянын Эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) жана БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨПтүн) ортосундагы өз ара кызматташтыктын алкагында өлкөбүздүн өрткө каршы жана куткаруу кызматынын жаңы имаратынын курулушу башталды. Курулуштун жерпайын түптөө салтанатына Кореянын эл аралык кызматташуу агенттигинин директору, БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн кеңешчиси, Жогорку Кеңештин вице-спикери, өзгөчө кырдаалдар […]
323 Бардыгы / ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кореянын Эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) жана БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨПтүн) ортосундагы өз ара кызматташтыктын алкагында өлкөбүздүн өрткө каршы жана куткаруу кызматынын жаңы имаратынын курулушу башталды. Курулуштун жерпайын түптөө салтанатына Кореянын эл аралык кызматташуу агенттигинин директору, БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн кеңешчиси, Жогорку Кеңештин вице-спикери, өзгөчө кырдаалдар […]
ОШ ШААРЫНДА ӨРТКӨ КАРШЫ ЖАНА КУТКАРУУ КЫЗМАТЫНЫН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ КУРУЛА БАШТАДЫ
20.05.2021 / Автор aymak

324 Бардыгы /
ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кореянын Эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) жана БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨПтүн) ортосундагы өз ара кызматташтыктын алкагында өлкөбүздүн өрткө каршы жана куткаруу кызматынын жаңы имаратынын курулушу башталды.
Курулуштун жерпайын түптөө салтанатына Кореянын эл аралык кызматташуу агенттигинин директору, БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн кеңешчиси, Жогорку Кеңештин вице-спикери, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары жана Ош шаар мэринин биринчи орун басары катышышты.
- Дүйнө жүзүндө жараталыш кырсыктарынын акыркы жылдарда
кескин түрдө көбөйүшү менен Кыргызстандын табигый апааттын коркунучун азайтуу мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө адамдардын коопсуздугу жана жашоосу үчүн барган сайын маанилүү болуп баратат. Кыргыз Өкмөтү дагы табигый кырсык тобокелдиктерин башкарууда улуттук дараметти жогорулатуу боюнча аракеттерди ого бетер күчөтүүдө. Корея Өкмөтү бул долбоор аркылуу Кыргыз Өкмөтүнүн аракеттерине кошулгандыгына абдан кубанычтамын! – деди Кореянын Эл аралык кызматташуу Агенттигинин директору Ли Джунг Су.
- Биздин көптөгөн иш-аракеттерибиз табигый кырсык коркунучун
башкаруу боюнча улуттук дараметти чыңдоого гана багытталган. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргелешип жүзөгө ашырылган долбоорлор, табигый кырсыктарга байкоо жүргүзүү жана божомолдоо тутумдарын, кризистик кырдаалдарда ыкчам башкаруу жана кырсыктардын кесепеттерин жоюу кызматтарын өнүктүрүүгө салым кошуп келатат, – деп баса белгиледи БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу Өкүлүнүн кеңешчиси Эркин Касыбеков.
Ошентип, БУУӨП мындан ары өрттүн кесепетинен жапа чеккендердин санын жана физикалык чыгымдарды азайтуу, ошондой эле калктын аялуу катмарын, айрыкча аялдар менен балдарды коргоо үчүн өрткө каршы дараметин күчөтүү максатында өрт-куткаруу жабдууларды жана шаймандарды модернизациялайт.
- Биздин өнөктөштөр KOICA жана БУУӨПтүн колдоосу менен
биздин министрликтин техникалык жана адамдык дараметин жогорулатуу жаатында олуттуу натыйжаларга жетиштик. Өрт-куткаруу бөлүктөрүн курууну, өрткө каршы шаймандар менен толук камсыздоону караган учурдагы долбоорду жүзөгө ашыруу биз үчүн абдан маанилүү! Анткени, жыл сайын өрттүн саны көбөйүүдө жана жылытуу мезгилинде өрт чалуулардын саны күнүнө жыйырмага жетиши мүмкүн. Өрт-куткаруу бөлүмдөрүн өркүндөтүлүшү өрттүн кесепеттерин жоюуга чоң жардамчы болуп, эң негизгиси өрттүн кесепетинен каза тапкандардын кескин түрдө азайышына алып келет деп терең ишенебиз! – деди Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов .
Алишер ТОКСОНБАЕВ
Автор aymak
-
08.09.2021 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕ ЖАКШЫ ИШТЕР БАР
-
-
15.07.2021 / Автор anarkan_kg Асан БОРОМБАЕВ: “КУЛУН-АТА КООЗ АЙМАККА АЙЛАНДЫ”
-
24.05.2022 / Автор anarkan_kg СУЗАК ЖАШТАРЫ ЭРТЕ НИКЕГЕ ТУРУУГА КАРШЫ
-
-
-
04.10.2021 / Автор anarkan_kg ТАЖИК АКТИВИСТТЕРИ ООГАН КАЧКЫНДАРЫНА ЖАРДАМ БЕРДИ
-
-
11.10.2021 / Автор anarkan_kg Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Маек
Бактыбек ЖЭЭНБЕКОВ: “АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮ ИЧКИ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН ПАЙДАЛАНБАЙ ЖАТЫШАТ”
Намыс күтүп, ар күтүп не кыласың? Катарыңдан…
-
10.02.2022 / Автор anarkan_kg Байсал САТЫБАЛДИЕВ: “АНКЛАВДАР БАШ ООРУТЧУ КЕЗ КЕЛДИ”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.