Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЧЕК АРАДА ЖҮРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРҮЛДҮ
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,582 Бардыгы / ОШ. Президент Садыр Жапаров Түштүк жергесине жасаган сапарынын алкагында Ош шаарында Коргоо министрлигинде жана Чек ара кызматында иштегендерге 216 батирдин ачкычын тапшырды. Бул 216 батирлүү үй 2016-жылы Коргоо министрлигинин каражатына курула баштаган. 56 батир чек арачыларга, калганы Коргоо министрлигинин кызматкерлерине ыроолонгон. Батир аскерде 20 жылдан ашуун кыйшаюусуз кызмат кылгандарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, […]
1,583 Бардыгы / ОШ. Президент Садыр Жапаров Түштүк жергесине жасаган сапарынын алкагында Ош шаарында Коргоо министрлигинде жана Чек ара кызматында иштегендерге 216 батирдин ачкычын тапшырды. Бул 216 батирлүү үй 2016-жылы Коргоо министрлигинин каражатына курула баштаган. 56 батир чек арачыларга, калганы Коргоо министрлигинин кызматкерлерине ыроолонгон. Батир аскерде 20 жылдан ашуун кыйшаюусуз кызмат кылгандарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, […]
ОШТО ПРЕЗИДЕНТ АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ҮЙЛӨРДҮН АЧКЫЧЫН ТАПШЫРДЫ
01.06.2021 / Автор aymak

1,584 Бардыгы /
ОШ. Президент Садыр Жапаров Түштүк жергесине жасаган сапарынын алкагында Ош шаарында Коргоо министрлигинде жана Чек ара кызматында иштегендерге 216 батирдин ачкычын тапшырды.
Бул 216 батирлүү үй 2016-жылы Коргоо министрлигинин каражатына курула баштаган. 56 батир чек арачыларга, калганы Коргоо министрлигинин кызматкерлерине ыроолонгон.
- Батир аскерде 20 жылдан ашуун кыйшаюусуз кызмат кылгандарга, көп
балалуу үй-бүлөлөргө, жолдошу кызмат учурунда каза тапкандарга жана кызмат учурунда майып болгондорго гана тартууланды, – деди коргоо министри Таалайбек Өмүралиев ачкычтарды ээлдерине тапшыруу аземинде.
Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна эки күндүк иш сапар менен барган эле. Ал Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган айылдардын калкы менен жеринде маңдай-тескей жолугушту. Анын сапары ушундай кийин Ош облусунда уланды.
БИШКЕКТЕ ДАРЫЛАНЫП ЖАТЫШКАН ЛЕЙЛЕКТИКТЕРГЕ МАМЛЕКЕТ ТАРАБЫНАН ТИЙИШТҮҮ ЖАРДАМДАР КӨРСӨТҮЛҮҮДӨ
БИШКЕК. Үстүбүздөгү 28-30-апрель күндөрү Баткен облусу менен Тажикстандын чек арасында жүз берген куралдуу жаңжалда Лейлек районунун он тургуну Тажик жарандары тарабынан барымтага алынып, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында гана 1-май күнү бошотулган.
Булардын бешөө Бишкек шаарына дарыланууга жөнөтүлгөн. Алардын ир бирине Лейлек районунун акиминин резервдик фондунан 8000 миң сомдон акчалай жардам дагы бөлүнгөн. Аталган мекендештерибиз борбор калаабызда дарыланып жатышкандыктан, каражат үч жарандын жакындарына ыроолонгон. Ал эми экөөнө бүгүн Банк аркылуу которулду. Мындан тышкары жараланган жарандардын үй-бүлөлөрүнө мамлекет тарабынан гуманитардык жардамдар жана коомдук уюмдар тарабынан акчалай көмөк дагыле көрсөтүлүп келатат.
Белгилей кетээрибиз: буга чейин социалдык-гуманитардык долбоорлор боюнча иш алып барган ADRA агенттигинин кызматкери Бишкек шаарында дарыланып жатышкан Лейлек районунун беш тургунуна мамлекет тарабынан колдоолор көрсөтүлбөй жаткандыгын социалдык тармактар аркылуу жайылткан эле.
ОШТО ЭЛЕКТР ЗЫМДАРЫНЫН КЫСКА ТУТАШУУСУНАН УЛАМ ҮЙ ТОЛУК БОЙДОН ӨРТТӨНДҮ
ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы Сагынбаев көчөсүндө турак үй толук бойдон күлгө айланды. Бул жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлгинен кабарлашты.
Маалыматка таянсак, өрттү өчүрүүгө саат 08.50дө бир өрт өчүрүү тобу тартылып, саат 09.51де жалын араң локалдаштырган. 11.53тө өрт толук бойдон өчүрүлдү. Күйгөн аянты 175 чарчы метрди түздү. Олуттуу себеп – электр зымдарындагы кыска туташуу.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды өрт коопсуздук эрежелерин бекем сактап, бузук электр шаймандарын таптакыр колдонбоого чакырды.
АЛА-БУКА РАЙОНУН СЕЛ КАПТАДЫ
ЖАЛАЛ-АБАД. Акыркы күндөрдө көз ачырбай челектеп төккөн жамгырдын кесепетинен Ала-Бука районундагы Көк-Таш Айыл Өкмөтүндө катуу сел жүрдү. Бул жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлгинен кабарлашты.
Маалыматка таянсак, Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш Айыл ӨкмөтүндөгүЧоң-Сай айылынын Бөрү-Көрбөш көчөсүндө арыкка суу батпай, курулуп бүтө элек эки үйдүн жер төлөсүн, буга улай төрт үйдүн чарбагын жана бир чакырым унаа жолду суу каптады.
Кырсык баскан жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлгинин ыкчам тобу, Көк-Таш Айыл Өкмөтүнөн бир жүктөгүч, жалгыз трактор жана жергиликтүү тургундардан он беш киши тартылды. Ошентип, булардын жардамы аркасында автоунаа жолу кайрадан калыбына келтирилип, толук тазаланды. Мынан тышкары бардык үйлөр каптап кирген сел калдыктарынан арылтылды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ
Автор aymak
-
14.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
-
-
-
-
-
06.05.2025 / Автор anarkan_kg НООКАТТА СТАДИОН ЖАНА МАДАНИЯТ ҮЙҮ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.