Аймак

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУКТУ

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУКТУ

 1,321 Бардыгы /

Жалал-Абад облусунун башчысы мектеп бүтүрүүчүлөрү менен жолугушту булл тууралы басма сөз кызматы маалымдады.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев шаардагы мектеп бүтүрүүчүлөрүн кабыл алды.

Жолугушууда өкүл мектепти ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, алдыда жогору окуу жайларда билимин улантуу менен туура кесип тандоого чакырды. Өлкөнүн өнүгүүсү өз ишин мыкты билген кадрлардан көз каранды экенин белгилеп, кызыктырган суроолоруна жооп берди.

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык жана “Ачык эшик күндөрүнүн” алкагында өткөрүлгөн жолугушууда бүтүрүүчүлөр ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.

Бул жылы Жалал-Абад облусунда 9 миң 578 окуучу 11-классты аяктады. 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17