Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,509 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Өкмөтүнүн Балдар адабияты сыйлыгынын быйылкы лауреаттарынын ысымдарын акыры атап, аларга мамлекеттик сыйлыктарын салтанаттуу кырдаалда тапшырды. Ошондой эле сыйлык ээлерине материалдык жактан колдоо иретинде ар бирине 50 миң сомдон сыйлык дагы ыроолоду. Жеңүүчүлөрдөн бири – кадырман кесиптешибиз Ырысбай АБДРАИМОВ “Балдар үчүн эң мыкты прозалык чыгармасы – “Түбөлүктүү чеп” […]
2,510 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Өкмөтүнүн Балдар адабияты сыйлыгынын быйылкы лауреаттарынын ысымдарын акыры атап, аларга мамлекеттик сыйлыктарын салтанаттуу кырдаалда тапшырды. Ошондой эле сыйлык ээлерине материалдык жактан колдоо иретинде ар бирине 50 миң сомдон сыйлык дагы ыроолоду. Жеңүүчүлөрдөн бири – кадырман кесиптешибиз Ырысбай АБДРАИМОВ “Балдар үчүн эң мыкты прозалык чыгармасы – “Түбөлүктүү чеп” […]
БАЛДАР ЖАЗУУЧУСУ ЫРЫСБАЙ АБДЫРАИМОВ КАРА СӨЗДӨН ТҮБӨЛҮКТҮҮ ЧЕП КУРДУ
04.06.2021 / Автор aymak

2,511 Бардыгы /
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Өкмөтүнүн Балдар адабияты сыйлыгынын быйылкы лауреаттарынын ысымдарын акыры атап, аларга мамлекеттик сыйлыктарын салтанаттуу кырдаалда тапшырды. Ошондой эле сыйлык ээлерине материалдык жактан колдоо иретинде ар бирине 50 миң сомдон сыйлык дагы ыроолоду. Жеңүүчүлөрдөн бири – кадырман кесиптешибиз Ырысбай АБДРАИМОВ “Балдар үчүн эң мыкты прозалык чыгармасы – “Түбөлүктүү чеп” жыйнагы үчүн мамлекеттик жогорку сыйлыкка арзыды.
Алина ЗАМИРБЕК кызы, Жалал-Абад облустук медиа борборунун өкүлү: – Алгач эле баамдаганым: Ырысбай Абдраимовдун “Түбөлүктүү чеп” жыйнагы тээ Совет доорундагы балдар үчүн жарыяланган чыгармаларынан таптакыр эле өзгөчөлөнүп турат. Анткени, китеп жалаң өспүрүмдөргө гана арналган аңгемелерден жана жомоктордон куралган. Жыйнактын аталашын алып жүргөн “Түбөлүктүү чеп” аңгемесинде жатак мектепте окуган өспүрүмдүн бар-дарак өстүрүүнү ашкере сүйгөндүгү, өзү өмүрүндө тааныбаган секелек кызды өлө мас зөөкүр жигиттердин зордук-зомбулугунан арачылап калгандыгы абдан элестүү жана таамай сүрөттөлөт. Айтмакчы, жашы алдаганча улуу жигиттер кызга болушкан өспүрүмдү соо коюшмак беле, аны өлөөрчө уруп-тепкилешет. А түгүл рэкэттерге дайындап, айылында дагы ыраса жаңжал уюштуруп, уландын ата-энесин дагы эси-көөнүнөн кеткис кылып кыйнайбыз деп опузалашат. Бирок, калтак жеген өспүрүм беттегенинен эч катпай, анан дагы уландар – дегеле эркек аттуулар Ата Мекенине гана эмес, алсыз айымдарга дагы кылчалык кыянатчылык кылбоосун, тескерисинче, назик аялзатын ар тараптан коргоп-кубаттап, керек болсо, аларга ар дайым маданияттуу, сылык-сыпаа мамиле жасоо зарылдыгын абдан катуу эскертет. Ошентип, кайран кыз зөөкүрлөр токмоктошкондн кийин эси оогон уланды суу жээгинен издеп таап, аны өмүрүндө көрүп-билбесе дагы ооруканага өзү жеткирип жана жаткырып, а түгүл улан сакайгыча жанынан карыш жылбастан карап дагы жатат. Мына, замандаш, НАКТА АДАМГЕРЧИЛИКТИН жана ТҮБӨЛҮКТҮҮ ЧЕПТИН ҮЛГҮСҮ! Кыскасы, автордун ар бир чыгармасы окурман журтун дегеле кайдыгер калтырбайт.
Абдумуктар ИСРАИЛОВ, акын, котормочу: – Мен билгенден Ырысбай Абдраимов тээтигил жаш чагынан тартып эле түрдүү адабий жанрларда үзүрлүү гана эмгектенип келатат. Туңгуч ыры 1971-жылы ошогездеги райондук “Ленинчил” гезитине жарыяланган. Автор Л. Н. Толстой, Д. Хорт, Ю. Нагибин жана Н. Думбадзе өңдөнгөн чет өлкөлүк залкар жазуучулардын аңгемелерин кыргыз тилине кынтыксыз оодарган. Ал эми өзүнүн бир катар чыгармалары дагы тажик жана өзбек тилдерине дароо которулган.
Улукбек МАРИПОВ, Кыргыз Өкмөтүнүн төрагасы: – Ырысбай Абдраимовдун “Түбөлүктүү чеп” китеби аркылуу жаңы муунду китеп окууга жана татыктуу жашоого умтулууга калыптандыруу аракети абдан таасын байкалат. Дал ушинтип Кыргыз калемгери кызыктуу, маани-маңызы өтө терең чыгармалары менен Кыргыз балдар адабиятын байытып дагы жаткан чагы. Министрлер кабинети Кыргыздын балдар жазуучуларынын ушундай адал эмгегин, ак кызматын мындан ары дагы жогору бааламакчы. Ошондой эле булардын чыгармачылыгынын андан ары өөрчүүсү үчүн баарына тең заманбап шарттарды жаратууга биз милдеткербиз!
АВТОРДОН
Ырысбай акем Абдраимов менен тээ 2007-2011-жылдарда Эл аралык “Азаттык” үналгысында ийиндеше иштешип калдым. Танып не. Менден жашы улуу экендигине карабастан, дайыма тыкыйып, атка жеңил, тайга чак жүрөөр эле. Керек кезде душмандын дагы тилин таап, андан абдан зарыл маалыматтарды топточу. Кокус алыскы сапарга кошо чыксаң, эч зериктирбестен, жолду бат эле арбытчу жана ушинтип жатып сапарыңды дагы тез карытчу. Анан дагы ашкере боорукер, бала кыял, эч кимге кылчалык кара санабаган, абдан кеңпейил, айкөлдүгү жагынан алдынан киши салдырчу эмес!
Ырас, “Түбөлүктүү чеп” чыгармалар жыйнагын дыкаат окут олтуруп, менин эсиме Ырысбай акемдин – улуу замандашымдын дал ушундай асыл сапаттарын анын китебиндеги кейипкерлеринен таап, ушуга өлө сүйүнүп жана суктанып олтурам.
Эч качан арыбаңыз, анан дагы карыбаңыз, Ырысбай акем! Мындан аркы чыгармачылык сапарыңыз дагыле ар дайым байсалдуу гана болсун!
Алишер ТОКСОНБАЕВ
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
-
-
14.10.2024 / Автор anarkan_kg АЙДООЧУЛАРГА ЭСКЕРТҮҮ: ЖОЛДО ЖҮРҮҮДӨ САК БОЛУҢУЗ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.