Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
847 Бардыгы / Өзбекстанда коронавируска каршы күрөшүү үчүн карызга алынган каражаттын көп бөлүгү президенттин жана премьер-министрдин токтомдору менен легалдаштырылып, өлкө башчысы Шавкат Мирзиёевдин жакын санаалаштары менен олигархтар башкарган монополист компаниялардын эсебине түшкөн. Бул тууралуу “Озодлик” радиосунун ачык булактарга таянып жасаган иликтөөсүндө айтылат. Маалыматка караганда, Ташкент облусундагы Юкоричирчик районуна 20 миң кишилик карантиндик борбор, Зангиата районуна 10 […]
848 Бардыгы / Өзбекстанда коронавируска каршы күрөшүү үчүн карызга алынган каражаттын көп бөлүгү президенттин жана премьер-министрдин токтомдору менен легалдаштырылып, өлкө башчысы Шавкат Мирзиёевдин жакын санаалаштары менен олигархтар башкарган монополист компаниялардын эсебине түшкөн. Бул тууралуу “Озодлик” радиосунун ачык булактарга таянып жасаган иликтөөсүндө айтылат. Маалыматка караганда, Ташкент облусундагы Юкоричирчик районуна 20 миң кишилик карантиндик борбор, Зангиата районуна 10 […]
ӨЗБЕКСТАНДА КОРОНАВИРУСКА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ ҮЧҮН БӨЛҮНГӨН $8 МЛРД. КӨБҮ МОНОПОЛИСТ КОМПАНИЯЛАРДЫН ЭСЕБИНЕ ТҮШКӨН
29.06.2021 / Автор anarkan_kg

849 Бардыгы /
Өзбекстанда коронавируска каршы күрөшүү үчүн карызга алынган каражаттын көп бөлүгү президенттин жана премьер-министрдин токтомдору менен легалдаштырылып, өлкө башчысы Шавкат Мирзиёевдин жакын санаалаштары менен олигархтар башкарган монополист компаниялардын эсебине түшкөн.
Бул тууралуу “Озодлик” радиосунун ачык булактарга таянып жасаган иликтөөсүндө айтылат.
Маалыматка караганда, Ташкент облусундагы Юкоричирчик районуна 20 миң кишилик карантиндик борбор, Зангиата районуна 10 миң орундук атайын оорукана жана Ташоблуска ковид борборун куруу иштери эч кандай тендерсиз эле Ачилбай Раматов жетектеген «Узбекистон темир йуллари» ишканасына, Бахтиёр Фазыловдун Enter Engineering компаниясына жана Ташкенттин мэри Жахонгир Артыкходжаевдин жеке компанияларына берилген. Бул компанияларга долбоордук-сметалык документтер даяр боло электе эле курулуш иштерин баштоого уруксат берилген. Мындан улам алар бааларды курулуш иштери башталганга чейин жана келишимге кол коюлгандан кийин да өзгөртүүгө мүмкүндүк алышкан. Мындан тышкары бул компанияларга эч кандай тендерсиз эле мамлекеттик акчага курулуш материалдарын, жабдууларды сатып алууга уруксат берилип, алар салыктардан жана бажы төлөмдөрүнөн бошотулган.
Буга чейин бир нече миллион доллар жумшалганы айтылган Шавкат Мирзиёевдин Шоввозсой комплексиндеги имараттарын да «Узбекистон темир йуллари» ишканасы менен Enter Engineering компаниялары курганы айтылган.
Enter Engineering компаниясы Мирзиёев президент болгондон кийин 10 миллиард доллардан ашкан ири долбоорлорду ишке ашыруу укугуна ээ болгон.
– Эгер пандемия болбогондо, биздин мүмкүнчүлүктөр кыйла көп болмок. Коронавируска каршы күрөшүүгө 80 триллион сум (8 миллиард доллар) короттук, – деген Шавкат Мирзиёев Сурхандарыядагы жыйын маалында.
Бирок ал өз сөзүндө эмнеге пандемияга каршы күрөшкө алгач айтылган суммадан 8 эсе көп каражат жумшалганын жана ал акчанын кайдан келип, кайсыл иштерге коротулганын так айткан эмес.
80 триллион сум – бул Өзбекстандын мамлекеттик бюджетинин 2020-жылдагы жалпы чыгымдарынын 40% жана өлкөнүн ички дүн өнүмүнүн 12% түзөт.
Бул каражат 2021-жылы өлкөнүн саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн суммадан төрт эсе көп.
2020-жылы пандемия башталганда Өзбекстандын өкмөтү коронавирустун жайылуусун токтотуу үчүн көптөгөн токтомдорду кабыл алган.
Шавкат Мирзиёев пандемияга каршы күрөшүү үчүн мамлекеттик бюджеттен корогон 8 миллиард доллардын канчасы карыз алган акча экенин айткан жок.
Өзбекстандын Борбордук банкынын март айындагы баяндамасына ылайык, 2021-жылдын 1-январына карата өлкөнүн жалпы тышкы карызы 33,8 миллиард долларды түзүп, 2020-жылдын башына салыштырмалуу 37,4% же 9,2 миллиард долларга көбөйгөн. Азырынча өзбек өкмөтү 1-январдан бери канча карыз алганы боюнча маалыматтар жок.
Өлкө 2020-жылы 9,2 миллиард доллар карыз алганын эске алсак, анда Мирзиёев коронавируска каршы күрөшкө короткон 8 миллиард доллар толугу менен бул суммадан алынган деп болжолдоого болот.
Быйыл апрелде пандемияга каршы күрөштө эл аралык кызматташтыкты күчөтүү маселесине арналган жыйында Өзбекстан Азия өнүктүрүү банкынан, Дүйнөлүк банктан жана Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинен (JICA) 2,7 миллиард доллар өлчөмүндө карыз алганы айтылган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg АКСЫЛЫК УЛАН АЗИЯ ЧЕМПИОНУ АТАЛДЫ
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg ЭРКИН КҮРӨШ БОЮНЧА АКСЫДАН ЧЫККАН БАЛБАН
-
-
06.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖЕНЕВАДА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ДИСКРИМИНАЦИЯНЫ ЖОЮУ МАСЕЛЕСИ КАТУУ КАРАЛДЫ
-
-
12.06.2025 / Автор anarkan_kg СӨГҮШ АЛГАН МАМКЫЗМАТКЕРЛЕР ҮЧҮН СЫЙ АКЫ ТӨЛӨНБӨЙТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.