Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЗОМБУЛУКСУЗ ЖАШАГАНГА КӨНӨЛҮ!
АТАЙЫН РОТАНЫН БЕШ АЙЫНЫН ЖЫЙНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ СЫЙЛАДЫ
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,369 Бардыгы / Азыркы Кыргыз Бийлиги ар тарабынан туңгуюкка кептелген Кыргыз экономикасын бара-бара жандандырып, аны чукул арада кризистен куткаруу ордуна өлкөбүздүн бейкапар жатышкан калкын саясий шоулар – белдүү инсандарыбызды катарынан камоолор менен гана үзгүлтүксүз алаксытууга бекем ыктады. Мунун кашкайган мисалы – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасы Асылбек ЖЭЭНБЕКОВ баштаган бир катар депутаттардын күтүүсүз жагдайда кармалып, […]
1,370 Бардыгы / Азыркы Кыргыз Бийлиги ар тарабынан туңгуюкка кептелген Кыргыз экономикасын бара-бара жандандырып, аны чукул арада кризистен куткаруу ордуна өлкөбүздүн бейкапар жатышкан калкын саясий шоулар – белдүү инсандарыбызды катарынан камоолор менен гана үзгүлтүксүз алаксытууга бекем ыктады. Мунун кашкайган мисалы – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасы Асылбек ЖЭЭНБЕКОВ баштаган бир катар депутаттардын күтүүсүз жагдайда кармалып, […]
ЭКС-СПИКЕР АСЫЛБЕК ЖЭЭНБЕКОВ САЯСИЙ ОЮНДАРДЫН КУРМАНДЫГЫНА ГАНА ЧАЛЫНДЫ
16.09.2021 / Автор anarkan_kg

1,371 Бардыгы /
Азыркы Кыргыз Бийлиги ар тарабынан туңгуюкка кептелген Кыргыз экономикасын бара-бара жандандырып, аны чукул арада кризистен куткаруу ордуна өлкөбүздүн бейкапар жатышкан калкын саясий шоулар – белдүү инсандарыбызды катарынан камоолор менен гана үзгүлтүксүз алаксытууга бекем ыктады. Мунун кашкайган мисалы – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасы Асылбек ЖЭЭНБЕКОВ баштаган бир катар депутаттардын күтүүсүз жагдайда кармалып, анан дагы түрмөгө обу жок эле олтургузулушу…
Түптөлгөндөн бери жалаң гана ызы-чуудан башы таптакыр арылбаган “Кумтөр” алтын комбинатынын калкыбыздын саламатчылыгына орду толгус кесепетин тийгизип, ошондой эле бул аймактын экологиясын катарынан бузуп жаткандыгына аябай кабатырланышып, Ысык-Көл облусунун калкы Жогорку Кеңешке атайын Кайрылуу жасаган. Ошол себептүү Кыргыз парламентинин ошогездеги спикери Асылбек Жээнбеков атайын депутаттык комиссия түзүп, ошогездеги Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын депутаты (азыркы президент) Садыр Жапаровду комиссиянын төрагалыгына, ал эми Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаеваны комиссия төрагасынын орун басарлыгына бекилген.
Ошентип, арадан төрт ай өткөндөн кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков түзгөн “Кумтөр” алтын кени боюнча парламенттик комиссиянын тыянагы Жогорку Кеңеште угулат. Ушундан кийин гана “Глобалдуу экологиялык кырсыктардын алдын алуу жана табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу, тоо-кен өнөр жайынын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууга умтулуу менен бирге Кыргызстандын элинин жана Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыктарын сактап калуу максатында” Жогорку Кеңештин 2012-жылдын 27-июлундагы №2117 V токтому токулат.
Жогорку Кеңештин дал ушул тарыхый мүнөзгө ээ токтомунда биринчи пункт менен Парламенттик комиссиянын отчету маалымат иретинде кабыл алынып, ал эми экинчи пунктунда “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен “Центерра Голд Инк” жана “Кумтөр голд компани” жабык акционердик коомунун ортосундагы 2003-жылдын 31-декабрындагы түзүлгөн Инвестициялык Макулдашуу Кыргыз элинин жана мамлекетинин кызыкчылыгына караманча каршы келет. Ошол негизде Кыргыз Өкмөтүн башкарган шылуундардын (клика – деп ачык-даана жазылган) коррупциялык кызыкчылыктары менен түзүлгөн” – деп бадырайта жазылбады беле…
Эми ошогезде моминтип так жана ачык-даана жазуу расмий документ алкагында дегеле мүмкүн эмес эле. Демек, жогорудагы мисалдардан дапдаана көрүнүп тургандай, Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы сыңары депутаттык комиссиянын чечимин түгөл бойдон кубаттап, ушуну менен гана чектелбестен, аны легалдаштырууга дагы абдан катуу умтулган. Мындай өз өмүрүн көз көрүнөө тобокелчиликке салып, Мекенинин кызыкчылыгын бекем коргогон азаматыбызды эми дал ошол жакшылыктары үчүн эми темир торго – капаска гана тыгып олтурабыз.
Эң башкысы: Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбековду жана анын кесиптештерин кармоо жана камакка алуу учурунда Кыргыз Республикасынын Баш Мыйзамынын 78-беренеси ачык түрдө, ошондой эле эң эле одоно түрдө бузулду. Анткени, Пармалент мүчөлөрүн кармоодон мурун эң ириде Жогоку Кеңештин гана түздөн-түз макулдугу сөзсүз керек эле…
Кыскасы, көрүнгөн орган кармап, анан жетелеп кеткидей Асылбек Жээнбеков көчөнүн баласы эмес эле. Анткени, ал – Кыргызстандагы эң жогорку Бийликтин бир бутагынын – Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы. Ошентип, анын Конституциялык укугу ачыктан ачык эле бузулуп, көз көрүнөө тебеленип-тепселенди. Эми буга ким жооп берет? Баш Мыйзамыбыздын гаранты президент Садыр Жапаровбу? Же анын “Бөрк ал!” десе, “Баш алышкан” кошоматчы прокурор-сотторубу?!?
Алишер ТОКСОНБАЕВ, Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүү жана журналисттердин укугун коргоо фондунун президенти
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖКККББнын БЕШ АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРУУ БОЮНЧА ЫКЧАМ КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЗОМБУЛУКСУЗ ЖАШАГАНГА КӨНӨЛҮ!
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА 2010-ЖЫЛДАГЫ ИЮНЬ ОКУЯСЫНЫН 15 ЖЫЛДЫГЫ ЭСКЕРИЛДИ
-
-
-
23.12.2024 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫНЫН ОТУ ЖАНДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.