Аймак

ЖҮРӨГҮ СОККОН ЭЛИМ ДЕП, ЖАЛЫНДАП ТУРЧУ ЖУСУПБЕК

ЖҮРӨГҮ СОККОН ЭЛИМ ДЕП, ЖАЛЫНДАП ТУРЧУ ЖУСУПБЕК

 2,616 Бардыгы /

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусупбек Бакиевдин 70 жылдыгына карата

ЖҮРӨГҮ СОККОН ЭЛИМ ДЕП,

ЖАЛЫНДАП ТУРЧУ ЖУСУПБЕК

Кызматчынын, болгондо да ашкере ыймандуу, бир жагынан топуктуу үй-бүлөдө тарбиялангандыктан балакай кезинен эле келечекке болгон ой жүгүртүүсү калыптана баштагандыгы Жусупбек Бакиевдин ой жүгүртүүсүнүн терең да, кенен да экендигин ырастап турат. Чыт курсак мезгилинде эле зиректигин көрсөткөндүгү айылдаштарынын үмүтүн арттырган болсо керек. Тели-теңтуштарынан жөнөкөйлүгү, тартынбастыгы жана тайманбастыгы менен айырмаланган Ж.Бакиевге ишеним бекеринен тамырлабаса керек. Аймактан чыккан тың-чыкмаларга жакындыгы, аларга карап түздөнгөнү, эң башкысы тунук идеяларды туу туткандыгы элине ак кызмат өтөөгө шыктандырды, бир жагынан кубандырды. Ушундай асыл кесиеттери каарманыбызды өргө карай баруусуна даңгыр жол ачты өңдөнөт. Накта атанын уулу болуу үчүн дилгирленгендиги, аалымчылыкка ык койгондугу уламдан-улам терең тамырлай берди. Аны мүмкүн болушунча чечмелеп берүүгө зор маани бере турган, калемгерлик милдетимди кадыресе аткара алсам болгону.

МАМИЛЕБИЗ БАРА-БАРА ТЕРЕҢДЕП…

1986-жылдын октябрь айында алгачкы жолу Жусупбек менен таанышкан учурум дале эсимде. Партиянын Жалал-Абад шаардык комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы экен. Мен анда Ош радиосунда аймактык кабарчы элем. “Кайра куруунун кадамдары” деген темада радио маек даярдоо тапшырмасы берилгендиктен ошого байланыштуу маектешим жөнүндө кенен кесири маалымат алууга туура келген. Биринчиден такшалып калганын байкадым, экинчиден жетекчилик жооптуу кызматта тажрыйба топтогонун баамдадым. Бир окуумда мен:

-Сенден бир көйнөк болсо да мурда жыртыптырмын. Мени аке десең да болот.

-Боюңа карап аке десем да болот (күлүп). Аке-сакеси жок эле атыбыздан эле айтып жүрөлүчу туура көрсөң.

– Макул, ошентейин. Бирок бизге ишке орношуп диктор болуп албайсыңбы? Үнүң да абдан уккулуктуу, бир жагынан коңур экен, Улукбекке окшошуп.

-Көз айнекчен дикторбу?

-Ооба, Улукбек Мамытов.

-Сабаттуу да, келбеттүү да диктор, ошон үчүн сыйлайм.

-Жуке, жети атаңды билесиңби?

-Өзүм тарыхчы болсом кантип билбей калайын.

-Айтып берчи анда?

-Менден экзамен ала турган болдуң. Макул, айтып берейин. Атам Саалы, чоң атам Молдо Бакы, бабам Галай калпа, бубам Молдокалый, кубам Молдоназир,

Жотом Эрмамат, жетем Эгемназар. Сен өзүң жети атаңды билесиңби Рысбай?

-Билиши билем, журналист болуп туруп билбесем шермендечилик эмеспи. Экөөбүз бири-бирибизди мактай бергенибиз туура эместир.

-Туура айтасың.

ЖУСУПБЕКТИН ӨМҮРҮ ЖАНА ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусупбек Бакиев 1951-жылы 18-сентябрда Сузак районуна караштуу Күмүш-Азиз (азыркы Тейит) айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. 1968-жылы Жалал-Абад шаарындагы №3 орто мектепти ийгиликтүү бүтүргөн. Алгачкы эмгек чыйырын Ош шаарындагы пахтадан кездеме токуу комбинатында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. Жигердүү, ары жаш жумушчуга болгон ишеним күчөгөндөн күчөйт. Жогорку билимге ээ болууну самаган, бир жагынан каалаган.1978-жылы СССРдин 50-жылдыгы атындагы (азыркы Ж.Баласагын атындагы) университетин бүтүргөн. Жогорку билимге ээ болгондон кийин Жалал-Абад зооветеринардык техникумунун комсомол комитетинин катчысы, шаардагы №6 кесипчилик-техникалык окуу жайынын директорунун орун басары, партиянын шаардык комитетинин партиялык саясий агартуу кабинетинин башчысы, маданият техникумунун (азыркы Б.Алыкулов атындагы) директору, шаардык партиялык комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайынын директору, областтык билим берүү башкармасынын башчысынын орун басарлык кызматтарында жемиштүү эмгектенген. Жетекчилик жооптуу кызматтарда өзүн компотенттүү экендигин таасын көрсөтө алган. Жалал-Абад шаарынын өсүп-өнүгүшүнө, социалдык-экономикалык өсүшүнө зор салымын кошкон.

Тепкичтен тепкичке көтөрүлгөн Ж.Бакиев 1995-2001-жылдары Жалал-Абад шаардык кеңешинин эки жолку чакырылышынын төрагасы болуп шайланган. 2005-жылдын февраль, март айларында Жалал-Абад аймагында мурунку бийликтин адам укугун жана мыйзамдуулукту бузган саясатына каршы көтөрүлгөн карапайым элдик кыймылды жетектеген, ошол эле жылдын 15-мартында шаарда өткөн элдик курултайда Жалал-Абад областынын губернаторунун биринчи орун басары болуп шайланган.

АКЫЛГӨЙЛҮК АЛГА ЖЕТЕЛЕЙБИ?

Бардык эле адамдарга акылгөйлүк тагдыр туш келе бербейт өңдөнөт. Адам ата, Обо эне жаралгандан бери эле акылгөйлүк туурасында кеңири айтылып келе жаткандыгына бардыгыбыз эле күбөбүз. Тар жол, тайгак кечүүлөрдү эске салсак көптөгөн урунттуу окуялар эске түшөт. Албетте ар кандай кыйынчылыктарды, толгон токой тоскоолдуктарды жеңүүдө акылгөйлүктүн ролу зор. Бул жагынан алып караганда 55 жылдык өмүрүндө Жусупбек кандай из калтырды? Терең ой жүгүртүп, акыл калчап көрсөңүз суроого бир сүйлөм менен эле жооп берүүгө дитиңиз барбайт.

Ырас, элдик толкундоолор Жалал-Абад шаарында 2005-жылдын 3-мартында башталган. Ошол күнү миңге чукул адам областтык мамлекеттик администрациясынын үч кабаттуу имаратынын алдында нааразычылык акциясына чыгышкан. Көч башында бир тууган Бакиевдер, туугандары, санаалаштары, колдоочулар болушкан. Парламенттик шайлоо ыплас, адилетсиз өткөндүгүнө байланыштуу биринчи кезекте КРдин Президенти А.Акаевди кетирүү, тактан кулатуу маселеси абдан орчундуу болгон, башкы көңүл да мына ушул маселеге бурулган. Бийликке эл, элге бийлик ишенбей калышкандыгынан улам тирешүүлөр пайда болгон. А.Акаев көшөргөндөн көшөрүп, кошоматчылардын бир жактуу жалган маалыматтарына ишенип, Бакиевдерди кандайдыр бир айла-амалдар менен сындырып, элге жек көрсөтүүнүн аракеттерин көрүшкөн. “Таза шайлоо болгон жок”, “Эл бийликке ишенбейт”, “ Жусупбек Бакиев элдик адам” деген ураандарын көтөрүшкөн элдин талаптарын аткарууга бийликтегилер маани беришпеди, эл алдына келүүдөн жана сүйлөөдөн зыркырап турушту. Канткен менен оппозиция күчтөнүп, алардын жолун торогондордун шайы да, шаштысы да кете баштады. Ал эми оппозицияны колдогондордун катары күндөн-күнгө көбөйө да, жеңишке болгон ишеним арта берди. 4-март күнү “Акаев отставкага кетсин!”  деген ураандын алдында нааразы болгондор шаардын көчөлөрүндө жүрүшкө чыгышып, “Акаев кетсин!”, “Акаев кетсин!”, “Акаев кетсин!” дешип, баймабай кыйкырышып чыйрала да, чамына да беришти. “Эл биримдиги” кыймылынын лидери Жусупбек Бакиев 10-март күнү калайыкка мындайча жар салды:

Президент А.Акаевди бийликтен токтоосуз кетирүү боюнча Жалал-Абадда башталган элдик кыймылдын талаптарын толук колдоо.

Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө карата иш-чараларды көрүү.

Акаевдик режим өткөргөн парламенттик ыплас шайлоону жокко чыгаруу.

Жогорку Кеңешке шайлоону алты айдан кийин кайра өткөрүү.

Мына ушундай олуттуу да, орчундуу да маселелерди чечүү оңойго турбайт эмеспи. Алдыдагы максатыбыз, стратегиябыз да, тактикабыз да так болуш керек. Айрыкча элдин тынчтыгын, мамлекетибиздин бүтүндүгүн көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз. Ошондой кадамга барганда гана жеңишке жетебиз.

Бир гана Жалал-Абаддын эмес, бүтүндөй кыргыз элинин ишенимине арзыган акылгөйлүгү, чечкиндүүлүгү менен зоболосу көтөрүлгөн Ж.Салиев кээде “Эки тоонун чөбүн эңсеген кайберен эмне болот дечү эле? Эки фронтто ойногондорчу?  Ушундай туруксуз позицияда жүргөндөр арабызда толтура. Алардан тез арада арылбасак болбойт” деп калчу. Ушундай жугумдуу да, таасирдүү да сөздөрдү  уккандар муюп калыша турган. Мындай учурлар көп жолу болгондугу жалындуу да, акылдуу да, революционер идеясына элди толук ынандырууга баам-парасаты да, чама-чаркы да жетчү. Бул жагынан эч ким Жусупбекке караандай алчу эмес.

2005-жылы Бакиевдерге кандай гана жалаалар коюлбады, жасалма акча чыгарышты, деги койчу жолтоо да, тоскоол да көп болду. Буга Жусупбектин күйбөгөн жери күл болду. Бардыгын токтоолук, сабырдуулук менен жеңишти. Акаев тактан куласа ичер суусу, көрөр күнү түгөнүп калчудай элдик кыймылга бут тоскондор, бийликтин ырын ырдагандар, ашууда ат алмаштырбайт дешип тынбай сайрашкан “дежур” чалдар оозуна келгенди оттошту. Бирок тирешкендердин күрөшү күргүштөп күч ала берди. Жусупбек ачуусу келгенде “Кудайды карашса боло” деп койчу каны кайнап. Каарманыбыздын ак көңүлдүгүн, жалаң төштүгүн, боорукерлигин, тегиздигин замандаштары жогору балаша турган. Агасы Курманбек саясий майданда санаалашы болгондугу жалпыга маалым.

Кара жанын канжыгага байлаган, көздөгөнүнөн кайра тартпаган Ж.Бакиев президенттик шайлоону өткөрүү боюнча штабды жетектеп калды. Баш кашыганга чоло жок. Жумуш чачтан көп. Президенттикке талапкерлер: А.Айтикеевдин, Турсунбай Бакир уулунун, Ж. Жекшеевдин, К.Дүйшөбаевдин, Т.Үмөталиеванын  программаларын, платформаларын кароо, жолугушууларды өткөрүү оңойбу?  Ошонун баарын жөнгө салуу абдан оор болду. Буга чейин кабагы ачылбай сар-санаага батып жүргөн Жусупбектин жүзү жайдары. Кубанганынан көзүнө жаш да алып жиберди. Анткени уялаш агасы Курманбек Бакиев шайлоого катышкан шайлоочулардын 76,4 пайызынын добушун алып жеңишке жетти. Мында албетте иниси Жусупбектин салымы зор экендигин дагы бир жолу баса белгилеп койсок ашыктык болбос.

ЭСТЕ КАЛГАН БИР УЧУР

Курманбек менен сенсиреп эле сүйлөшчүбүз. Партиянын Көк-Жаңгак шаардык комитетинин биринчи катчысы эле. Мейманканадан үйүнө коноктогону кызматтык “ Волга” автоунаасы менен алып кетти. Үйүндө өткөн-кеткенди божурашып отурганда: “Жусуп экөөңөрдүн чыкпаган дөбөңөр калбады”,- деди. Бул сөзгө экөөбүз тең күлдүк. Жубайы Татьянанын колунан даам татып, баласы Максимдин колума суу куйганына кубанып бак арасында кобурашып атып таң атырдык. Эртеси Ошко узатып койду. Дагы бир учур. 1997-жылдын сентябрь айында Сузак районунун борборунда жолуктук. Анда Курамнбек Чүй областынын губернатору болчу. Эмгектик өргүүгө чыгып, бир тууган иниси Маратты колдогону келген экен. №7 Сузак- Макмал шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып жатышкан болчу. Курманбек сөзүнүн акырында “желаю удача” деди. Менин кайним К. Ташиев да мандат алууга ашыгып да, шашылып да жүргөн…

АСЫЛГАН ООРУ АЛМАЙЫНЧА КОЙБОДУ

“Эс учун билбей, о дүйнө менен бу дүйнөнүн ортосунда көпкө сулк жатты…

Ооруканага кечки саат алтыларда алып келишкен. Врачтар байма-бай укол куюшуп, адам өмүрү  үчүн катуу күрөштү. Бирок ажалдан адамды арачалап калууга алар алсыз эле…

Түнкү саат үчтөрдө Жусупбек Бакиевдин абалы кескин начарлады. Эс акылга көпкө келбеген тейинде жалган дүйнө менен кош айтышып, түбөлүктүүлүккө узай берди. Бу жашоодо шаңшып учкан шумкар о дүйнөгө сапар алды. (Ө. Төлөбеков, “Революцияга арналган өмүр”, “Учкун” басмасы, 110-бет).

Актыкты моюнга алуу ар бир пенденин ыйык парзы. 2006-жылдын 21-февралында Бакиевдер, бүтүндөй кыргыз эли оор жоготууга учурады. Аза күтүү митингге түрүлүп, республикабыздын бардык аймагынан келгендер көп болду. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты маркумга болгон сый-урмат десек болот.

ӨТКҮРЛҮКТҮН ӨРНӨГҮ

Тарыхта аты калган Жусупбек Бакиевдин атына өзү окуган №3 орто мектеп, көчө. Көк-Арт микро районунда эс алуу паркы коюлган. “Манас-1000” юбилейлик медалы, КРдин “Эл агартуунун отличниги”, “Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу”, сыйлыктын да, сыймыктын да ээси көптөгөн эл аралык сыйлыктарды алууга арзыган. Анын ишмердүүлүгүн эмгегин жогору баалаган түптүү кыргыз эли, замандаштары көкжалдыктан кайтпаган, намысты туудай барктаган Ж.Бакиевди мындан ары да улуулугун даңктай бере турганына ишеним зор. Ал ошого татыктуу. Мекенчил, улуу инсан Жусупбек Бакиевдин мүнөзү, адамгерчилиги, албетте көсөмдүгү, элдин эсинде, жүрөгүндө жашай бермекчи.

2010-жылдын 7-апрелинде К.Бакиев тактан кулады, кулаганын өзү да аңдай калды көрүнөт. Колтугунда шынаарлап жүргөндөр позицияларын өзгөртүштү, эки жүздүүлүгүн көрсөтүшүп 180 градуска бурулуп кетишти. Бардык күнөөнү бир тууган Бакиевдерге коюшту. Көпчүлүк эл: “Жусупбек болгондо агасы мындай абалга кептелбейт эле. Ал гениалдуу да, эрудициялуу да, акылгөй да инсан эле. Бардык инилерин ынандырып, бүтүндөй элди кеменгерлиги менен өзүнө имерип ала турган касиети бар болчу” деп айтышканы эл уулун баалагандык, эмгегин барктагандык эмеспи.

Рысбай ЖУМАБЕКОВ,

Ж.Бөкөмбаев атындагы сыйлыктын лауреаты

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17