Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
5,323 Бардыгы / Жашы токсонду чапчыса дагы жүргөнү бат, көңүлү дайыма шат ЧынАалы КОЖОЕВди тээтигил 2005-жылдан бери тааныймын. Кара-Суу районунун Отуз-Адыр кыштагын байырлаган аксакалды байыркы Өзгөн калаасындагы Дүйнөлүк Этно-фольклордук фестивалда кокусунан жолуктуруп, капыл-тапыл кепке тарттым. ЧынАалы аба, мен билгенден 2005-жылдан 24-мартынан бери эле Кыргыз Республикпасындагы бардык ыңкылаптарга абдан активдүү аралашып келатасыз. Эмнеге? Алишер уулум, өмүр […]
5,324 Бардыгы / Жашы токсонду чапчыса дагы жүргөнү бат, көңүлү дайыма шат ЧынАалы КОЖОЕВди тээтигил 2005-жылдан бери тааныймын. Кара-Суу районунун Отуз-Адыр кыштагын байырлаган аксакалды байыркы Өзгөн калаасындагы Дүйнөлүк Этно-фольклордук фестивалда кокусунан жолуктуруп, капыл-тапыл кепке тарттым. ЧынАалы аба, мен билгенден 2005-жылдан 24-мартынан бери эле Кыргыз Республикпасындагы бардык ыңкылаптарга абдан активдүү аралашып келатасыз. Эмнеге? Алишер уулум, өмүр […]
ЧынАалы КОЖОЕВ: “САДЫР ЖАПАРОВ ПРЕЗИДЕНТ БОЛБОСО, ААЛАМДАШУУ ЗАМАНЫНДА КЫРГЫЗСТАН ЦИВИЛИЗАЦИЯНЫН КӨЧ АРТЫНДА КАЛЫП КЕТМЕК!”
28.09.2021 / Автор anarkan_kg

5,325 Бардыгы /
Жашы токсонду чапчыса дагы жүргөнү бат, көңүлү дайыма шат ЧынАалы КОЖОЕВди тээтигил 2005-жылдан бери тааныймын. Кара-Суу районунун Отуз-Адыр кыштагын байырлаган аксакалды байыркы Өзгөн калаасындагы Дүйнөлүк Этно-фольклордук фестивалда кокусунан жолуктуруп, капыл-тапыл кепке тарттым.
- ЧынАалы аба, мен билгенден 2005-жылдан 24-мартынан бери
эле Кыргыз Республикпасындагы бардык ыңкылаптарга абдан активдүү аралашып келатасыз. Эмнеге?
- Алишер уулум, өмүр бою айдоочулук кесипти үзүрлүү аркалап,
жалаң эл арасында гана жүрдүм. Калкымдын суугуна кошо тоңуп, ысыгына чогуу күйдүм. Ошентип жүрүп мен дагы кагылып-согулдум. Акыры моминтип биротоло быштым. Анан улгайганда бир гана туруктуу позицияны тутунганга бекем ыктадым.
Эми чынымды айтайынчы. 2005-жылдын 24-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги эки элдик ыңкылаптын тең жеңиштерин каратып туруп уурдатып ийдик. Биз адегенде чоң үмүтүбүздү арткан президентибиз Курманбек Бакиев өз элине ок атып, кыргынга салып, акыры чет өлкөгө качып тынды. Ал эми кийинки мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаев деле андан ашып түшпөдүбү! А дагы каратып туруп тилегибизди таш каптырды…
- Баса, соңку кезде, биздин байкашыбызча, азыркы президент
Садыр Жапаровду ыктап кеттиңиз. Балким, Сиздин деле бир билгениңиз бардыр?
- Жалпыга маалым. Садыр Жапаров ак жеринен камалып, түрмөдө
чыйралды жана болоттон беш бетер курчуду. Ак-караны илгиртпестен ажыраткан даражага көтөрөлдү. Ошону үчүн 2020-жылдын октябрындагы ыңклапта карапайым калкыбыз аны түгөл кубаттады. Мындайча айтканда, нукура президентке эми гана жетиндик.
- Дегиңкиси, бул сапар дагы элибиздин жаркын үмүтү
адаттагыдай эле таш каппаса экен?
- Эң башкысы: мамлекет башчысын иргөөдө бул сапар элибиз
жаңылган жок! Эгерде Садыр Жапаров Президент болбосо, Аааламдашуу заманында Кыргызстан цивилизациянын көч артында калып кетмек.
Көрдүңөрбү? Президент Садыр Жапаров ички жана тышкы саясатыбыздагы өтө олуттуу мүчүлүштөрдү абдан кыска аралыкта четтеткенге жарады жана үлгүрдү. Минтпесек, бүгүнкү ыкчам Аааламдашуу заманында, дагы кайталаймын, Кыргызстан цивилизациянын көч артында эле калып кетмек, Алишер уулум!
Ушуга улай элибиз дагы сабырдуулук кылып, бүгүнкү ар тараптуу реформаларды жапырт колдошубуз кажет! Башкасын айтпаганда деле өлкөбүздү өтө өксүткөн коррупцияга каршы баарыбыз тегиз күрөшүүбүз абзел! Ошондо гана утабыз жана азыркы утурумдук кыйынчылыктардан чукул арада кутулабыз!
- ЧынАалы аба, эмне, ушинтсек эле баары ойдогудай болот
дегени турасызбы?
- Жо-жок! Кемчиликтерден, албетте, куру эмеспиз! Жашырып не,
президент Садыр Жапаровдун азыркы командасындагылардын көпчүлүгү өлө чабал. Буларга кесипкөйлүк жана дагы тажрыйба деген жетишпейт. Анткени, Президенттин аппаратына жана облустардын, райондордун акимчиликтерине жалаң жаштарды шагыратып топтоонун кажети жок! Буларды чукул арада аралаштырып-жуурулуштуруп, катарына жашы улуу, бирок, кесипкөй жана чечкиндүү уул-кыздарыбызды дагы байма-бай кошсок, мындан баарыбыз тең эле утабыз!
МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ КОШУМЧА
ЧынАалы КОЖОЕВ 90 жашта. Беш уулдун, төрт кыздын атасы. Элүү чакты неберелүү жана чеберелүү. Кара-Суу районунун ардактуу атуулу. Күн сайын спорт менен машыгып, он беш-жыйырма чакырым жөө жүргөнгө көнгөн.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
09.04.2025 / Автор anarkan_kg КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ СТРАТЕГИЯНЫ ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГДЕР БОЛУП ӨТТҮ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ЭАУда ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.