Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт

Айбек ИМАНОВ, Сузак райондук ӨКБнүн ӨӨжААБ улук офицери, капитан “ШАЙЛООНУ ЖАЛЫНДУУ, БИРОК ӨРТСҮЗ ӨТКӨРӨЛҮ”

Айбек ИМАНОВ, Сузак  райондук ӨКБнүн ӨӨжААБ улук офицери, капитан                                                      “ШАЙЛООНУ ЖАЛЫНДУУ, БИРОК ӨРТСҮЗ ӨТКӨРӨЛҮ”

 627 Бардыгы /

          Урматтуу мекендештер, үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрь күнү республикабызда КРдин Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо болуп өтөт. Буга көп деле убакыт калган жок. Бул маанилүү өнөктүктү ийгиликтүү өткөрүүдө бардык коопсуздук маселелери менен бир катарда өрт коопсуздугу маселеси да орчундуу орунду ээлейт.

          Шайлоо учурунда өрт кокустуктарына жол бербөө үчүн кандай иш-чараларды аткаруу керек? Мына ушул темада адис катары ой бөлүшмөкчүбүз.

          Эң оболу, добуш берүү бөлмөлөрүн жайгаштырууда, экиден кем эмес сыртка алып чыгуучу эшиги бар бөлмөлөр тандап алынуусу талапка ылайык. Добуш берүүчү бөлмөлөр баштапкы өрт өчүрүүчү шаймандар жана байланыш каражаттары менен камсыз кылынуусу зарыл. Шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү мезгилинде сутка бою нөөмөтчүлүк уюштуруу максатка ылайык. Добуш берүү бөлмөлөрүнүн электр жабдуулары адис аркылуу кароодон өткөрүлүп, зарылчылык туулса ремонт-оңдоо иштерин жүргүзүү зарыл. Добуш берүү бөлмөлөрүндө тамак даярдоо же болбосо чай кайнатуу ж.б. чарбалык керектөөлөр үчүн электр жылыткыч приборлорун, газ жана ошондой эле ачык жалынды колдонууга тыюу салынат. Добуш берүү бөлмөлөрүндө тамактануу, эс алуу жана тамеки тартууга болбойт. Дагы бир айта кетчү орчундуу маселе – бул, эгерде кокусунан электр жарыгы өчүп кала турган болсо, добуш берүү бөлмөлөрүн жарык кылуу үчүн шам, керосин жана солярка менен иштөөчү лампаларды колдонууга мүмкүн эмес. Мындай учурда аккумулятордук батареялардын жардамы менен иштөөчү фонарларды гана колдонууга уруксат берилет.

          Добуш берүү бөлмөлөрү тез күйүп кетүү касиеттерге ээ заттардан таза  болуусу керек.

          Эскерте кетебиз, райондук өрткө каршы кызматынын телефону «101».

          Урматтуу мекендештер, алдыбызда турган маанилүү саясий кампанияны ийгиликтүү өткөрөлү. Бул үчүн башка коопсуздук маселелери катары өрт коопсуздугуна да кылдаттык менен көңүл бөлүп, кайдыгерликке жол бербейли.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17