Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
844 Бардыгы / Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин “Шоввозсой” жашыруун эс алуу жайынын сүрөттөрүн жарыялаган белгилүү блогер, саясий активист Алексей Гаршин убактылуу өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди. Быйыл жайында коррупцияга каршы күрөшүү үчүн саясий партия түзгөнүн жарыялаган активист президенттик шайлоонун алдында өлкөдө бийликти сындагандарга жана саясий активисттерге карата басым күчөгөнүн билдирди. – Мен эс алуу үчүн Өзбекстандан убактылуу […]
845 Бардыгы / Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин “Шоввозсой” жашыруун эс алуу жайынын сүрөттөрүн жарыялаган белгилүү блогер, саясий активист Алексей Гаршин убактылуу өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди. Быйыл жайында коррупцияга каршы күрөшүү үчүн саясий партия түзгөнүн жарыялаган активист президенттик шайлоонун алдында өлкөдө бийликти сындагандарга жана саясий активисттерге карата басым күчөгөнүн билдирди. – Мен эс алуу үчүн Өзбекстандан убактылуу […]
ӨЗБЕКСТАНДА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО АЛДЫНДА АКТИВИСТТЕРГЕ КЫСЫМ КҮЧӨДҮ
22.10.2021 / Автор anarkan_kg

846 Бардыгы /
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин “Шоввозсой” жашыруун эс алуу жайынын сүрөттөрүн жарыялаган белгилүү блогер, саясий активист Алексей Гаршин убактылуу өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди.
Быйыл жайында коррупцияга каршы күрөшүү үчүн саясий партия түзгөнүн жарыялаган активист президенттик шайлоонун алдында өлкөдө бийликти сындагандарга жана саясий активисттерге карата басым күчөгөнүн билдирди.
– Мен эс алуу үчүн Өзбекстандан убактылуу чыгып кеттим. Саясий партия түзгөнүмдү жарыялагандан бери аңдуулар токтой элек, шайлоо жакындаган сайын көзөмөл күчөдү. Менин ар бир кадамыма көз салып, мени менен сүйлөшкөндөрдү суракка чакырып жатышат. Ошондуктан бир канча убакытка өлкөдөн чыгып кетүүнү чечтим. Эс алышым керек, чарчадым. Өзбекстанда мыйзамдын чегинде иштеп жүрдүк, бирок мыйзамдар өзү иштебесе болбойт экен, – деди Гаршин.
Ал коопсуздугун ойлоп, азыр кайсы өлкөдө экенин айткан жок. Бирок саясий партия түзүү ниетинен кайтпай турганын белгиледи.
Гаршин быйыл июль айында президент Шавкат Мирзиёевдин тоо арасындагы “Шоввозсой” жашыруун эс алуу жайын аныктап чыккан.
Алексей Гаршин президенттик шайлоонун алдында күч түзүмдөрүнүн кысымына кабылганын билдирген Өзбекстандагы жалгыз активист эмес.
Өзбекстандын укук коргоо альянсынын жетекчиси Елена Урлаева шайлоонун алдында милициядан көчөгө чыкпоо тууралуу эскертүү алганын билдирди. Ал мындай эскертүү анын тарапташтарына да берилгенин кошумчалады.
Ташкенттик активиси Клара Сахарова мыйзам чегинен чыкпаганына карабастан, аны түрмөгө камайбыз деп коркутуп жатышканын айтууда.
Өткөн жумада мурдагы ырчы, оппозициялык “Эрк” партиясынын атынан президенттикке талапкерлигин коюп, кийин бийликтин кысымынан улам бул ниетинен баш тарткан Жахонгир Атажановдун Түркияга учуп кетишине уруксат берилген эмес. Чек арачылар анын алимент боюнча “карызы бар экенин” билдиришкен.
– Түркияга учуп кетишиме уруксат беришкен жок. Алимент боюнча карызым бар экенин айтышты, бирок мен баарын төлөгөм. Акыркы жумада Хорезмде жүрөм. Бул жерде мени менен сүйлөшкөндөрдүн баарын суракка чакырып жатышат. Аларга “Жахонгир менен эмне жөнүндө сүйлөштүңөр? Ал эмне деди? Пландары кандай?” деген суроолор берилүүдө. Мени да суракка чакырышкан. Бирок ордер жок эч жакка барбайм деп баш тарттым. Бизде шайлоонун алдындагы абал азыр ушундай, – деди Атажанов.
Бийликти сындап келген дагы бир өзбекстандык активист, көз карандысыз саясий талдоочу Махмуд Давронов 20-октябрда аны өлкөдөн чыгарбай коюшканын билдирген. Анын айтымында, чек арачылар анын “газ жана суу үчүн карыздары бар экенин” айтышкан.
Өткөн жумада “Хьюман Райтс Вотч” (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Өзбекстанда мамлекет башчынын “оппоненттери президенттик шайлоого катышуу укугунан ажыратылганын” билдирип, шайлоонун алдында өлкөдө сөз эркиндиги чектелип жатканын белгилеген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
26.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ АНТИКИНОТЕАТРЛАРДЫ ЖАБУУНУ ТАЛАП КЫЛДЫ
-
-
26.05.2025 / Автор anarkan_kg ОБЛУСТА 10 МИҢ 316 ОКУУЧУ ОРТО МЕКТЕПТИ АЯКТАДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.