Аймак

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КҮМҮШ МЕДАЛЬ ТАГЫНГАН БЕКБОЛОТ МЫРЗАНАЗАР УУЛУНА АВТОУНАА ЖАНА 500 МИҢ СОМ ТАПШЫРЫЛДЫ

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КҮМҮШ МЕДАЛЬ ТАГЫНГАН БЕКБОЛОТ МЫРЗАНАЗАР УУЛУНА АВТОУНАА ЖАНА 500 МИҢ СОМ ТАПШЫРЫЛДЫ

 18 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Дүйнө чемпионатында күмуш медалга татыган Бекболот МЫРЗАНАЗАР уулу Аксы районунун сыймыгына айланды. Аны кичи Мекенинде тосуп алуу аземине аймактын бүтүндөй коомчулугу катышты.

          Аталган иш-чарагаАксы районунун акими З.Сыдыков, райондун мекеме ишканалардын жетекчилери, Айыл Өкмөттөрүнүн башчылары, Жерге-Тал Айыл Өкмөтүнүн аппараты, аксакалдар, аялдар, жаштар кеңештири жана колледждин студенттери катышышты. Адегенде Бекболот Мырзаназар уулу Аксы районунун акими тарабынан Аксы районунун Ардактуу атуулу наамына татып, ага 25 миң сом, ал эми машыктыруучусу Жангазы Бекболотовго 5 миң сом акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле Жерге-Тал Айыл Өкмөтү тарабынан Бекболот Мырзаназар уулуна 50 миң сом акчалай сыйлык, мыдан тышкары демөөрчүлөрдөн Honda Inspire үлгүсүндөгү автоунаа жана 500 миң сом акчалай сыйлыктар дагы ыйгарылды.

  • Мындан ары дагы Бекболот Мырзаназар уулуДүйнө

чемпионаттарында Кыргызстандын ар-намысын бекем коргоп жана желегин дагы бийик көтөрүп, райондун сыймыгы болуп жүрө беришине тилектешпиз!  – деди Аксы районунун акими З.Сыдыков.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17