Аймак

АТТАР ТООДОН КУЛАШЫП, ҮЙДҮН ҮСТҮНӨ ТҮШҮШКӨН

АТТАР ТООДОН КУЛАШЫП, ҮЙДҮН ҮСТҮНӨ ТҮШҮШКӨН

 210 Бардыгы /

          ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарындагы Курорт көчөсүндөгү тоолуу тилкеде кадимкидей аттар багылчу. Мындагы турак жай дал ошол асканын кырында жайгашкан эле. Ошол аттар аталган турак жайдын үстүнө капысынан эле кулап түшүшкөн.

          Ошол себептүү аталган үйдүн ээси жардам сурап Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмүнө кайрылган. Кырсык баскан жерге калаада жайланышкан № 58-өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүгүнүн беш куткаруучусу дароо тартылды.

          Ошентип, дасыккан куткаруучулар эки атты тең үйдөн эптеп алып чыгышып, анан гана ээлерине эсен-аман тапшырышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17