Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
- Кулактандыруу
- Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
- НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
- НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
- НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
- КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
- Судебный департамент объявляет конкурс
- КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)
- КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
- СООДА-САТЫК
- Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
- Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
- Кеңеш айыл аймагынын өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
- Бешик-Жон айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
4,054 Бардыгы / Жалпыга белгилүү болгондой быйылкы 2021-жыл өтө кургакчыл жылдардан болуп, тоютка жана эгинге керек маалда сугат суу жетпей Базар–Коргон районунун Сайды-Кум айыл аймагында жүздөгөн гектар жердеги айыл чарба эгиндери кургакчылык коркунучуна туш болду. Булар туурасында Сайды-Кум айыл өкмөтүнүн кызматкери Абдыкапар уулу Нурланды сөзгө тарттык . -Белгилүү болгондой быйылкы жыл кургакчыл болуп, кээ бир аймактарда […]
4,055 Бардыгы / Жалпыга белгилүү болгондой быйылкы 2021-жыл өтө кургакчыл жылдардан болуп, тоютка жана эгинге керек маалда сугат суу жетпей Базар–Коргон районунун Сайды-Кум айыл аймагында жүздөгөн гектар жердеги айыл чарба эгиндери кургакчылык коркунучуна туш болду. Булар туурасында Сайды-Кум айыл өкмөтүнүн кызматкери Абдыкапар уулу Нурланды сөзгө тарттык . -Белгилүү болгондой быйылкы жыл кургакчыл болуп, кээ бир аймактарда […]
Абдыкапар уулу Нурлан: «СКВАЖИНА СУУЛАРЫ АРКЫЛУУ ЭГИНДЕРИБИЗДИ САКТАП КАЛДЫК»
29.12.2021 / Автор anarkan_kg

4,056 Бардыгы /
Жалпыга белгилүү болгондой быйылкы 2021-жыл өтө кургакчыл жылдардан болуп, тоютка жана эгинге керек маалда сугат суу жетпей Базар–Коргон районунун Сайды-Кум айыл аймагында жүздөгөн гектар жердеги айыл чарба эгиндери кургакчылык коркунучуна туш болду. Булар туурасында Сайды-Кум айыл өкмөтүнүн кызматкери Абдыкапар уулу Нурланды сөзгө тарттык .
-Белгилүү болгондой быйылкы жыл кургакчыл болуп, кээ бир аймактарда сугат суунун тартыштыгынан улам бир топ жерлерде эгин талаалар түшүмдүүлүгү начар болуп же такыр эле болбой калган. Бул айыл аймакка канал аркылуу суу жетип келиши чоң көйгөй жаратат же болбосо сугат суу такыр эле келбей калат экен. Бул көйгөйдөн кантип чыктыңар?
-Сөз башынан болсун, биздин аймакта сугат суу көйгөйү дайыма болуп келген. Себеби сугат суу канал аркылуу өтө алыс аралыктан агып келет. Биздин эгин талааларына жетип келгенче суу дээрлик калбай калат. Каналдан келген сугат суу май айынын аягына чейин эле келет. Андан кийин жер алдындагы сууларды скважиналар аркылуу чыгарып эгиндерди сугарабыз. Бул сугат суу маселеси союз учурундагы ак пахта өндүрүү компаниясы күч учурунда деле канал менен жеткирүү чоң көйгөй болуп чечилбей келген. Акырында жер астындагы сууларды иштетүү боюнча иш-чара кабыл алынып, ушул биздин айыл аймакка 51 суу чыгаруучу скважиналар орнотулуп, пахта талаалары скважина суулары аркылуу сугарылчу. Союз ыдырап өз алдыбызча эгемен өлкө болгондон кийин да бир топ жылдарга чейин ошол скважиналарды пайдаланып келгенбиз. Акыркы жылдарда ал скважиналардын дээрлик бардыгы эскилиги жетип иштебей калды. Өз күчүбүз менен калыбына келтирели десек каражат жетишпейт. Биз бул маселени «Абад» коомдук фонду жана Био.kg уюмдары менен талкуулап, чечүү жолдорун аныктадык. Бул уюмдардын жардамы менен биздин айыл аймактын экономикалык программасы иштелип чыгып, дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу негизги багыт катары аныкталды. Ошол программабыздын негизинде сугат суу скважиналарын калыбына келтирүү боюнча 3 экономикалык долбоор даярдалды. Бир долбоор Био.kg жана «Абад» уюмдарына сунушталып, 3 скважинаны калыбына келтирүү иштери каржыланды. Областтык өнүктүрүү фондуна 2 долбоор даярдалып, конкурска тапшырылды. Жыйынтыгында 15 сугат суу скважинасын калыбына келтирүүгө областтык фонддон каржы бөлүндү. Азыркы учурда Био.kg жана “Абад” уюмдарынын жардамы менен 3 скважина калыбына келтирилип, дыйкандарга быйыл күздө сугат суу берилди. Ал эми калган 15 скважинабызды калыбына келтирүү, оңдоп -түзөө иштери жүрүп жатат.
–Бул жаңыдан курулуп ишке берилген скважиналар Сейди-Кум айыл аймагынын канча айылын сугат суу менен камсыз кыла алды?
-Жаңы скважиналардан чыккан суу Сайды-Кум айыл аймагына караштуу эки айылын камсыздайт.Тактап айтканда Дүкүр жана Турпак-Коргон айылдарынын 200 гектардан ашык эгин талааларын кошумча сугат суу менен камсыздады. Мурда чоң күч аракет менен каналда болор болбос суу келсе, мына буюрса быйыл андай талаш тартышы жок эле дыйкандарыбыз суу бөлүштүрүп берүүчүгө келип, кезекке жазылып болжогон убакытта эгин талааларын сугарып алышты.
– 200 гектар дыйканчылык аянты суу менен камсыздалды деп жатасыз, ал эгин талааларына кандай эгиндер эгилди? Алардын түшүмдүүлүгү жөнүндө айтып берсеңиз?
– 3 скважинадан суу алган эгин талааларыбызга көбүнчө 150 гектардын айланасында пахта, 30 гектардын айланасында күрүч, калган 20-30-гектар жерге жүгөрү, дарбыз-коон жана башка жашылча жемиштер эгилди. Ал эми түшүмдүүлүк боюнча айтсам, түшүм мол болду дештен алысмын, бирок былтыркы жылга салыштырмалуу жакшы түшүм алдык. Эгерде бул скважиналар өз убагында курулбай суу кеч чыккан болгондо бул түшүм эмес эгин талааларыбыз такыр эле куурап калмак. Себеби быйыл курукчулук мурдагы жылдарга салыштырмалуу күчтүү болуп, жаан-чачын өз учурунда дээрлик болбоду.
-Бул скважиналарды куруу долбоору оңойго турбагандыр. Кандай жол менен ишке ашырдыңар?
-Ооба, бул скважиналарды куруу оңой эле жерден курулуп калган жок, абдан чоң аракеттер менен ишке ашты. Долбоорду Био.kg жана “Абад” уюмдарынын консультанттары менен бирге даярдык. Бардык керектүү уруксат кагаздарын, сметалык документтерин даярдап, анан конкурска тапшырдык. Скважиналарды оңдоп-түзөөгө керектүү бардык жабдыктар долбоор тарабынан алып берилди. Айыл өкмөтү өзүбүздүн бюджеттен скважинаны тазалоо жана насосторду орнотуу иштерин жасадык.
Биз дыйкандарга сугат суусун убагында жеткирүү менен алардын экономикалык абалын жакшыртууга чоң жардам беребиз.
Маектешкен: Узакбай МАМАТКУЛОВ, кабарчы
Автор anarkan_kg
-
08.09.2021 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕ ЖАКШЫ ИШТЕР БАР
-
-
15.07.2021 / Автор anarkan_kg Асан БОРОМБАЕВ: “КУЛУН-АТА КООЗ АЙМАККА АЙЛАНДЫ”
-
-
24.08.2021 / Автор aymak ЖАПАРОВ “ЖАЛГАН МААЛЫМАТТАН КОРГОО ЖӨНҮНДӨГҮ” МЫЙЗАМГА КОЛ КОЙДУ
-
26.08.2021 / Автор aymak ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК 30 ЖЫЛ
Маек
Бактыбек ЖЭЭНБЕКОВ: “АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮ ИЧКИ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН ПАЙДАЛАНБАЙ ЖАТЫШАТ”
Намыс күтүп, ар күтүп не кыласың? Катарыңдан…
-
10.02.2022 / Автор anarkan_kg Байсал САТЫБАЛДИЕВ: “АНКЛАВДАР БАШ ООРУТЧУ КЕЗ КЕЛДИ”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.