Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,105 Бардыгы / Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) 20-майдагы жыйынында Орусия Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бардык мүчөлөрү үчүнчү өлкөлөргө дан азыктарын экспорттоого квоталар менен бажы төлөмдөрүн киргизиши керектигин талап кылды. Бул тууралуу орусиялык “Коммерсант” басылмасы кабарлады. Маалыматка караганда, Москванын бул талабына чет өлкөлөргө буудай экспорттоого кызыкдар болгон Казакстан каршы болууда. Орусияда 2022-жылы буудайдын түшүмү болуп көрбөгөндөй мол […]
1,106 Бардыгы / Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) 20-майдагы жыйынында Орусия Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бардык мүчөлөрү үчүнчү өлкөлөргө дан азыктарын экспорттоого квоталар менен бажы төлөмдөрүн киргизиши керектигин талап кылды. Бул тууралуу орусиялык “Коммерсант” басылмасы кабарлады. Маалыматка караганда, Москванын бул талабына чет өлкөлөргө буудай экспорттоого кызыкдар болгон Казакстан каршы болууда. Орусияда 2022-жылы буудайдын түшүмү болуп көрбөгөндөй мол […]
КАЗАКСТАН ДАН АЗЫКТАРЫН ЭКСПОРТТООНУ ЧЕКТӨӨ ТУУРАЛУУ ОРУСИЯНЫН ТАЛАБЫНА КАРШЫ БОЛУУДА
24.05.2022 / Автор anarkan_kg1,107 Бардыгы /
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) 20-майдагы жыйынында Орусия Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бардык мүчөлөрү үчүнчү өлкөлөргө дан азыктарын экспорттоого квоталар менен бажы төлөмдөрүн киргизиши керектигин талап кылды. Бул тууралуу орусиялык “Коммерсант” басылмасы кабарлады.
Маалыматка караганда, Москванын бул талабына чет өлкөлөргө буудай экспорттоого кызыкдар болгон Казакстан каршы болууда.
Орусияда 2022-жылы буудайдын түшүмү болуп көрбөгөндөй мол болору күтүлүп жатканына карабастан, өлкө дан азыктарынын эскпортун ЕАЭБдин деңгээлинде да көзөмөлдөөгө аракет кылууда.
Басылманын маалыматына караганда, Орусия реэкспорттон чочулап, биримдиктин бардык мүчөлөрү дан азыктарына квоталар менен бажы төлөмдөрүн киргизишин каалап жатат.
Быйыл жазында Сибирден буудай сатып алуу активдешкендиктен Орусия ЕАЭБ өлкөлөрүнө 30-июнга чейин дан азыктарын экспорттоого тыюу салган. Казакстан муну укуктарын чектөө катары кабыл алып, жооп катары буудай менен ундун экспортуна квоталарды киргизген.
“Коммерсант” гезитинин маалыматына караганда, ЕАЭКтин жыйынында орус тарап кабыл алынган чаралар жетишсиз болуп жатканын, анткени Казакстанда арпа менен жүгөрүнү сыртка чыгарууда бажы төлөмдөрү жок экенин белгилеген. Жыйынтыгында эки өлкөнүн ички базарларындагы баалардын кыйла чоң айырмачылыгы жаралган.
ЕАЭБге мүчө өлкөлөр 2021-жылы августта буудай, арпа, жүгөрү, күнкарама өңдүү бир нече товардын экспортуна чектөөлөрдү киргизүү үчүн бирдиктүү аракеттерди көрүүнү пландап жатканы кабарланган. Бирок ал идея ишке ашкан жок.
Бүгүнкү күнгө карата Беларус буудайды сыртка чыгарууга толугу менен тыюу салды. Армения менен Кыргызстан бажы төлөмдөрү жана квоталар тууралуу чечимин даярдап жатат. Казакстан бажы төлөмдөрүн киргизүүгө каршы болууда. Анткени бул жергиликтүү айыл чарба өндүрүшчүлөрүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткаруусуна тоскоолдук жаратышы мүмкүн.
“Коммерсанттын” булагы Казакстандын бул позициясынан улам Орусиянын Айыл чарба министрлиги дан азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорт кылууга киргизген чектөөлөрдү узартышы мүмкүн деп эсептейт. Казакстан үчүн орус буудайын июль айына чейин сатып алуу маанилүү, анткени өлкөдөгү жазгы буудай августта гана жыйнала баштайт.
Украинадагы согуш башталгандан кийин киргизилген Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларынан улам Орусия айрым азык-түлүк товарларын, анын ичинде буудай менен кумшекерди экспорттону чектеген. Буга байланыштуу Казакстанда айрым товарлар кымбаттаган. Мартта өлкөдө кумшекердин баасы жогорулап, бир нече аймакта анын тартыштыгы жаралганы айтылса, апрелде ун кымбаттаганы кабарланган.
13-майда Казакстандын Айыл чарба министрлиги 23-майдан тарта жарым жылга чейин өлкөдөн ак жана камыш кантын алып чыгууга тыюу салынарын билдирген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
-
27.04.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ МАШЫГУУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
-
08.05.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБде ЖАҢЫ АВТОУНААЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.