Аймак

СУЗАКТА АЯЛЫН САБАП ӨЛТҮРГӨН ШЕКТҮҮ КАМАККА АЛЫНДЫ

СУЗАКТА АЯЛЫН САБАП ӨЛТҮРГӨН ШЕКТҮҮ КАМАККА АЛЫНДЫ

 1,983 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 2022-жылдын 29-май күнү болжол менен саат 15:30 чамасында, Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Базар-Коргон районунун тургуну А. А. кабар берип, анда Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жашаган бир тууган карындашы А.У.ны Айбек аттуу жолдошу уруп өлтүрүп койгондугун  билдирген.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз маалымдагандай,  аталган билдирүү 2022-жылдын 29-май  күнү Сузак РИИБдин МЭЖна катталып, окуя болгон жерге, Сузак РИИБдин ыкчам тергөө тобу жана Сузак районунун прокурорунун орун басары М.Адыл уулу чыгышып, криминалисттик техниканы колдонуу менен окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемалар, фото таблицалар түзүлүп, соттук-биологиялык жана соттук-биологиялык экспертизалар дыйындалган.

Бул факты боюнча топтолгон материалдын негизинде Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 122-бер. (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ал эми, дайындалган соттук-медициналык экспертизанын негизинде, эксперттин алдын ала берген ооз эки маалыматы боюнча У.А.нын  башында,  колдорунда, ичинде, буттарында жарылган жана көк ала дене жаракаттары бар экендиги, ал жаракаттар катуу мокок нерсенин тийүүсүнөн улам пайда болгондугу   такталган.

Өздүгү такталып, тергөөгө камсыз болгон, шектүү катары суралган учурда  А.Д. өзүнүн көрсөтмөсүндө, 2022-жылдын 29-май күнү болжол менен саат 04:00 чамасында үйүндө аялы А.У.  менен өз ара сөз талашып кетип, мас абалда болгондугуна байланыштуу  уруп койгондугун, андан кийин кайра жарашып алышкандыгын, бирок эрте менен туруп аялын караган учурда ал каза болуп калгандыгын билдирген.

Тергөөнүн жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 97-бер. негизинде маркум У.А.нын жолдошу 1987-жылы туулган Д.А. кылмышка шектүү катары кармалып, Сузак РИИБнүн УКТЖна киргизилген.

Учурда бул кылмыш ишин соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17