Аймак

Мугалим-окуучунун зомбулуксуз мамилеси

Мугалим-окуучунун зомбулуксуз мамилеси

 3,321 Бардыгы /

23-майда Сузак районундагы мектептердин биринде мугалим окуучуну сабаган. Окуядан кийин эки тарап тең Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө чакырылып, райондук билим берүү бөлүмүнөн ишти териштирүүгө комиссия түзүлгөн. Окуучу кыз ооруканага түшүп, мугалим жумуштан алынып, кийинчерээк жумушка кайтарылган.

Буга чейин дагы Чүйдө мугалим менен окуучунун ортосунда чыр чыгып, тартылган тасма интернетте тарап кеткен. Чырга окуучунун мугалимди сөккөнү себеп болгону айтылган. Ички иштер министрлигинин өкүлү ушул жылдын башында эле ушундай үч факты катталганын билдирген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтылган.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов мугалим-окуучу чырында күнөөлүүнү издебей, алдын алуу иштерине басым жасоого чакырат.

“Мугалимдерибиздин педагогикалык дараметин, маданиятын өстүрүүнү жана ага көңүл буруу маанилүү. Ата-энелерде педагогикалык дарамет, окуучуда шакирттик ыйба, ийменүү, тартынуу, урмат-ызат болушу зарыл. Бул жагдайда биз күнөөлүүнү эмес, себепти иликтеп, ошонун алдын алуучу иш-чараларды күчөтүшүбүз керек. Аны менен кошо балага тарбиянын берүүнүн баалуулугун ар бирибиз сезип, жайылтышыбыз керек”, – деди Г.Мадаминов.

Сузак районундагы мектептердин биринде окуган Назима  мугалим менен окуучунун мамилесинде ишеним болушу абзел дейт. Мугалимдерге ишеним артууга классташтары дагы кызыкдар экенин белгилейт

Менин оюмча, мугалимдер менен окуучулардын мамилесин жакшыртуу үчүн көп иш-чара, сынактарга чогуу катыштырыш керек. Мисалы, биз ата-энебиздин алдында кандай болсок, мугалим менен да ошондой мамиледе болууга аракеттенебиз. Тагыраагы, ата-энебизге кандай сый көрсөткүбүз келсе, эжейлер менен ошондой мамиледебиз. Класс жетекчибиз менен дагы кеңири пикир алмашып, сүйлөшүп турууга аракет кылабыз. Эжекебиз менен сынакка, конкурстарга чогуу катышып, же бизди жетектеп барат. Мамилени жакшыртууга окуучу дагы кызыкдар болуп, көйгөйүн мугалимге жана ата-энеге дагы айтып, чечкенге аракет кылса болот”, – дейт Назима Рустам кызы.

Педагогика илимдеринин кандидаты, жазуучу Куштарбек Кимсанов мугалимдер кырдаалдан чыгууну жана конфликтсиз иш алып барууну өздөштүрүшү зарыл деп эсептейт.

Мугалимдердин окуучуларга кол көтөрүшү бул жакшы жышаан эмес. Кандай гана шарт болбосун эч качан балага карата зомбулук болбошу зарыл. Таяксыз тарбия деген маанилүү маселе бар. Демек, эч качан таяк менен эмес, багыттоо, кызыктыруу менен педагог, жогорку билимдүү экендигин жана баланыкандай жол менен жакшы жакка бурат деген жаңы методикаларды өз алдынча изденип табуу жана улуу педагогдордун тажрыйбаларынан пайдалануу, изденүү аркылуу мугалим бардык татаал жагдайдаларды чече ала турган болушу зарыл. Бирок ушундай татаал кырдаал жаралган учурда мугалим үчүн дагы сөзсүз түрдө коомдук көмөк керек”, – дейт К.Кимсанов.

Кимсанов мектептеги кагаз иштерин азайтуу мугалимдин ден соолугуна жана окуучулар менен болгон мамилесине түз таасир этерин кошумчалады.

“Мугалимдердин мыкты деңгээлде эс алуусуна көңүл буруу зарыл. Анын сабак жүктөмдөрүнүн нормадан ашыкча болбошу, анын педагогикалык чеберчилигинин артышына, мугалим катары өзүнүн жашоодон ордун табышына мыкты өбөлгө болот деп эсептейм. Анткени алар эс албай иштеп жүрө берип нерв клеткалары чыңалган абалда болот. Бул учурда балдардын, башкалардын тескери таасирлерине, каяшаларына туруштук бере албай турган абалга келет”, – деди К.Кимсанов.

Мектеп – инсанды калыптандыруучу, пайдубалын түзүүчү жай болуп эсептелерин медиа-эксперт Жалил Сапаров белгиледи. Анын айтымында, мектептеги кенен, жарык кааналар, жагымдуу чөйрө да маанайга, окуу жагдайына таасир этет.

“Мектептин архитектурасы, жасалгасы, андагы көрсөтмө куралдар, дубалга илинген чакырыктар жана башкалар, албетте, инсандык калыптардырууда өзүнүн салымын кошкон нерселер. Мектепте абдан жакшы шарттарды түзүү керек. Азыр эмне болуп жатат? Билим уялары жетишпейт, бир класста 40-50 бала окуйт, анысы аз келгенсип ал жерде эки нөөмөттө окушат. Анан ошондой мектепте жакшы таалим-тарбия берүүгө болобу? Шарт барбы? Кептин баары ошондо болуп жатат. Андай жерде Илон Маск, Эйнштейн, Моцарттар чыкпайт. Ошондуктан мектептеги класстарды 20 окуучудан ашык окуучу отурбай тургандай архитектура түзүш зарыл. Негизи эле бардык шартты түзүп бериш керек”, – деди Ж.Сапаров.

Чыр-чатактарга бөгөт койгон курс

Чыр-чатаксыз мамиле курууну үйрөткөн онлайн-окутуулар да бар. Мисалы, “Зомбулуксуз мамиле куруу” курсунда башкалардын муктаждыктарын жана чегин эске алып, туура мамиле жасоого үйрөнүүгө болот. Бул ата-энелерге, мугалимдерге, балдарга жана жубайларга арналган. Анда чет элдик психологдордун “Зомбулуксуз баарлашуу” концепциясы менен таанышып, практикалык көнүгүүлөрдү жасоо менен өзүн-өзү таанууга жол ачылат.

“Мугалимге чыр-чатактын алдын алуу, болтурбоо, мамиле курууну үйрөткөн комплекстүү курс. Анда сабактардан сырткары практикалык көнүгүүлөрдү аткаруу менен мугалимдер кырдаалдан күч колдонбостон чыгып кетүүнү, мектепте зомбулукту, чыр-чатакты азайтууну өздөштүрүшөт. Алар эмоциясын башкарууну, окуучуларга, кесиптештерине, үй-бүлөсүнө жакшы мамиле кылууну, башкаларды уга билүүнү, муктаждыктарын түшүнүүнүүйрөнүшөт. Бул курсту Индиядагы Махатма Ганди институту менен бирге иштеп чыгарганбыз. Буга чейин окуткан мугалимдерибиз өз муктаждыктарын түшүнгөнүн, башкалар менен мамилеси жакшырганын айтып, ыраазычылык билдирип келишет, – деди онлайн университеттин негиздөөчүсү Элира Турдубаева.

Сүрөт “Сефан” окуу борборунуку

Окуучулар менен мамилесин жакшыртууну, алардын жөндөмүүлүгүн артырууну максаттаган мугалим Айгүл Жаратова Австриянын сабак өтүү ыкмасын колдонуп келет. 12 жылдан ашык убакыттан бери ушул ыкма менен окуучунун эмоциясын ачып, коомчулук менен байланышуусуна жардам берип келе жатканын кошумчалады.

Сефан методикасы өзгөчө уникалдуу. Анткени баланы зордоп окутпастан, ойнотуп, кызыктырып, баланын талантын ачып, профессионалдык ориентацияга дагы жардам берет. Психологиялык жактан дагы өстүрөт, бала өзүн эркин сезип, стресстен арылат. Өспүрүмдөр эгер конфликтте болсо, мугалимдерге болгон мамилеси дагы өзгөрүшү мүмкүн, – деди Айгүл Жаратова

Таяксыз тарбиянын мааниси

Адам катары калыптанууда баланы зомбулуксуз тарбиялоонун зарылдыгы тууралуу педагогика илимдеринин доктору Адем Гүнеш “Таяксыз тарбия” китебин жазган. Түркиялык автор баланы ур-токмоксуз тарбиялоонун олуттуу экенин, ата-энелер үчүн кеп-кеңештерди айтып, баланы уга билүүнүнүн зарылдыгын белгилеген. Бул китеп ата-энелер үчүн гана эмес, жаш муун менен иштеген мугалимдер үчүн да сунушталат.

***

Мугалим-окуучунун чырында мугалимдерге орой мамилени ооздуктоо да сунушталууда.  Мугалимдерге адепсиз мамиле жасаган окуучуларга айып пул салуу тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралды. Депутат Дастан Бекешов бул мыйзам кырдаалды күчөтүп жиберерин Twitterде билдирди.

«Кечээ жыйында мугалимди кемсинткендиги үчүн айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланды. Бүгүндагы карайбыз. Мындай мыйзам долбоору ата-энелер менен мугалимдердин ортосундагы чыр-чатакка, балдардын укуктарынын бузулушуна алып келет», – деп билдирген Бекешов.

Мыйзам долбооруна ылайык, мугалимди мазактаган окуучуга, ата-энесине жаза катары айыппул же 3-5 күндүк административдик камак чарасы көрүлөрү жазылган.

Акылай Карабаева

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17