Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,553 Бардыгы / БАТКЕН. Баткен облусунун Кадамжай районунда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн 14 жаштагы өспүрүм кыздын сөөгү акыры табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, ушул жылдын 4-сентябрында саат 15:25 чамасында аталган райондун Ноогардан айылында жайгашкан бакчада белгисиз аял кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Кадамжай РИИБсынын ыкчам […]
1,555 Бардыгы / БАТКЕН. Баткен облусунун Кадамжай районунда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн 14 жаштагы өспүрүм кыздын сөөгү акыры табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, ушул жылдын 4-сентябрында саат 15:25 чамасында аталган райондун Ноогардан айылында жайгашкан бакчада белгисиз аял кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Кадамжай РИИБсынын ыкчам […]
КАДАМЖАЙДА ӨСПҮРҮМ КЫЗДЫ ЖАЙЛАГАНДАР КАРМАЛЫШТЫ
06.09.2022 / Автор anarkan_kg

1,557 Бардыгы /
БАТКЕН. Баткен облусунун Кадамжай районунда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн 14 жаштагы өспүрүм кыздын сөөгү акыры табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 4-сентябрында саат 15:25 чамасында аталган райондун Ноогардан айылында жайгашкан бакчада белгисиз аял кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Кадамжай РИИБсынын ыкчам тергөө тобу жетип барган. Ошентип, окуя болгон жерди ар тараптуу кароо маалында колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп өлтүрүлгөн кыздын сөөгү табылды. Ал Кадамжай районунун Халмион Айыл Өкмөтүнүн 2008-жылы туулган К.А. аттуу тургуну экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дагы дайындалды.
Фактынын негизинде Кылмыш-Жаза Кодексинин 122-беренесинин негизинде (“Адам өлтүрүү”) менен кылмыш иши козголду. Ыкчам-иликтөө жараянынын жүрүшүндө кылмышка күмөндөр сыёары Кадамжай районунун Халмион Айыл Өкмөтүнүн 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Булардын биринин үйү тинтилип, далил сыёары “Хундай-Соната” үлгүсүндөгү автоунаасы камакка алдынды.
Ал эми өлкө президенти Садыр Жапаров аталган кандуу окуя жеке көзөмөлүндө тургандыгын шардана кылды: – Баткен облусунун Кадамжай районундагы жаш кыздын мыкаачы зөөкүрлөр тарабынан өмүрүнүн кыйылышы менин дагы зээнимди кейитти. Кыргыз эли байыртадан кыз балага өзгөчө мамиле жасаган, мындай мыкаачылыкка бармак түгүл, кыз балдардын бир тал чачына залал келтирбеген нарктуу эл. Биздин элдин аялзатына, кыз балага жасаган өзгөчө мамилесинен улам Кыз Сайкал жана Жаёыл мырзадай баатыр кыздарыбыз, Курманжан даткадай акылман энелерибиз чыккан. Жакында эле нарктуулукту сактоо жана жайылтуу тууралуу жарлык кабыл алганыбыз дагы бекеринен эмес! Бул коомубузду сырттан кирген жаман адаттардан сактоо максатында улуттук иденттүүлүгүбүздү калыбына келтирүү максатында алдын ала көрүлгөн аракет. Биз жаш муундарга болгон тарбия-насаатыбызды күчөтөлү! Ар бирибиз коом алдында жоопкерчилигибиз бар экендигин дагы эстен чыгарбайлы? Мен Ички иштер министрлиги баштаган күч органдарына жана башка тиешелүү мекемелерге уул-кыздарыбызга карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырам. Кадамжайда жасалган мыкаачылык – кечиримсиз иш! Кылмышкерлер аеосуз жазаланууна тийиш! Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө турмакчы!
Расмий маалыматка таянсак, былтыр Кыргызстанда зордуктоо фактысына байланыштуу 604 иш катталып, анын 325и кыскартылган. Бир ай мурун дагы бир жашы жете элек 13 жаштагы кыздын зордукталышы коомчулукта чоё резонанс жараткан. Бул боюнча жарандык коом Кыргыз бийлигине кайрылып, тийиштүү жана катаал чараларды көрүүнү талап кылган. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кошулган.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ҮЧ ЭМДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ БАТИР БЕРИЛДИ
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg “АЛТЫН СЕРТИФИКАТКА” ЭЭ БОЛГОН ЖАНА АЛДЫҢКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.