Аймак

КЕПИЛДИК ФОНДУ МЕНЕН ФИНАНС КРЕДИТ БАНК ПТБМ АЛКАГЫНДА КЫЗМАТТАШУУ БОЮНЧА КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЮШТУ

КЕПИЛДИК ФОНДУ МЕНЕН ФИНАНС КРЕДИТ БАНК ПТБМ АЛКАГЫНДА КЫЗМАТТАШУУ БОЮНЧА КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЮШТУ

 4,809 Бардыгы /

БИШКЕК. Кечээ,14-августта “Кепилдик фонд” ААКтын кеңсесинде “Микро, чакан жана орто ишканаларды колдоо (МЧОИ)» долбоорунун «Портфелдик тобокелдиктерди бөлүштүрүү механизми» (ПТБМ) №2 компонентинин алкагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу коомчулук менен байланыштар бөлүмү билдирди.

Документке «Кепилдик фонд» ААКтын жана «ФинансКредитБанк» ААКтын башкармалыктарынын төрагалары Малик-Айдар Абакиров жана Эрмек Алчиев кол коюшту.

Келишимдин маңызы финансы-кредиттик мекеме тарабынан ишкелерге берилген кредиттер боюнча кредиттик тобокелдиктин бир бөлүгүн бөлүштүрүү үчүн Кепилдик фонд тарабынан портфелдик кредиттик кепилдик берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктоо болуп саналат. Макулдашуу ПТБМ жол-жоболорун жөнгө салуучу колдонмого негизделген.

долбоор Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан «Кепилдик фонд» ААКтын түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырылууда. ПТБМ финансылык институттарга кредиттерди жеңилдетилген шарттарда берүүгө жана кайтарылбай калуу коркунучун азайтууга мүмкүндүк берет.

Тактама иретинде:

2022-жылдын башынан тартып Кепилдик фонду Дүйнөлүк банктын колдоосу менен «Микро, чакан жана орто ишканаларды колдоо» долбоорунун «Портфелдик тобокелдикти бөлүштүрүү механизми» (ПТБМ) №2 компонентин ишке ашыра баштады. Долбоор Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан «Кепилдик фонд» ААКты менен биргеликте ишке ашырылып жатат, ал аталган долбоордун алкагында агент катары чыгып, ишкердик субъекттерине портфелдик кепилдиктерди берет.

2022-жылы Кепилдик Фонду ПТБМ алкагында 32 миллион АКШ долларын алып келген, бул ата мекендик ишкерлер үчүн реалдуу колдоо.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17