Аймак

КЫРГЫЗСТАНДЫН ИДПсы КҮМӨН ГАНА ЖАРАТАТ

КЫРГЫЗСТАНДЫН ИДПсы КҮМӨН ГАНА ЖАРАТАТ

 633 Бардыгы /

Ата Мекендик эксперттер Кыргыз Улуттук статистика комитетинин акыркы расмий доклады ого бетер күмөн гана жаратаарын жар салышты. Ошондой эле Орусиянын Новосибирск шаарында өткөрүлгөн «Экспорт в страны Евразийского Экономического Союза» аталышындагы Эл аралык конференциясында дагы ички дүң продукция (мындан ары ИДП) темпинин кескин түрдө өсүп бараткандыгын баса белгилешип, аны создуктурбастан токтотууга үстөккө-босток коңгуроо кагышты.

        Айтмакчы, «Экспорт в страны Евразийского Экономического Союза» аталышындагы Эл аралык конференциясында Орусиянын экономикалык өнүгүү министринин орун басары Дмитрий  Вольвач быйылкы биринчи кварталда ЕврАзия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБдин) ИДПсы дээрлик 5 пайыздан ашкандыгын шардана кылды.

-Мында эң эле жогорку көрсөткүчтү Армениянын жана Кыргызстандын экономикасы жаратты, – деп агынан жарылды Орусиянын экономикалык өнүгүү министринин орун басары Дмитрий  Вольвач.

– Анткени, аталган өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү дээрлик 14 жана 9 пайыздык чекти гана багындырып олтурат. Ошентип,  ЕАЭБдин былтыркы экономикалык экономикалык көрсөткүчтөрү ого бетер жогорулады. Маселен, ИДП 38 пайызды чапчыды. Ал эми Дүйнөлүк валюта Фондунун эсебинде бул ИДПнын 3,2 пайызын ээлегендигин ачык эле туюндурат. Быйыл деле аталган чек ырааттуу түрдө сакталууда. Мисалы, ЕАЭБдин январь-март айларындагы ИДПсы 5,3 пайыздан дээрлик түшкөн жок!

        Аз күн мурда Кыргызстандын Улуттук статистика комитети өлкөбүздүн быйылкы январь-май айларындагы ИДПсынын ал-акыбалын ачык эле жар салды. Ошондогу билдирүүгө таянсак, Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДПсы) 443,9 миллиард сомду түздү. А бул деген өткөн жылдын дал ушул мезгилине салыштырганда, ИДП дээрлик 8,1 пайызга өскөндүгүн толук айгинелейт.

        Ата Мекендик экспеттер ИДПнын мындай көрсөткүчү тээ Советтер Союзунун убагында деле болгон эмес деп дагыле шек санашат. Ал эми Кыргызстандын экономикасынын жана дагы социалдык тармагынын мындай өнүгүүсү Кыргыз экономисттеринин зор күмөн саноосун гана жаратып тургандыгы бекеринен эмес!

-ИДПнын мындай ыкчам өсүшү, албетте өтө эле күмөндүү! –деп тызылдады Кыргыз-Орус славян университетинин “Улуттук экономика жана аймактык өнүгүү” кафедрасынын башчысы Асылбек АЮПОВ.

– Анткенибир эле пайыз экономика бюджет дээрлик миллиарддаган сомго көбөйдү дегенди ачык туюндурат. Албетте, саналган цифра реалдуу фактылар менен сөзсүз бекемделеши кажет! Бардык категориялардагы бюджетниктердин маянасынын көбөйүшү, жашоо-коммуналдык тарифтердин жеткиликтүүлүгү, күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасынын керектөө чөнтөгүнө ылайыктуугу, арийне, бирдей болушу кажет! Ал эми Кыргызстан жетекчилиги жар салган маалыматтар азырынча чындыкка таптакыр эле коошпойт!

        Ооба. А чыныгы кырдаал Кыргызстанда таптакыр андай эмес! ИДП өскөндүгү ого бетер күмөн туудурат. Анткени, биринчиден, инфляция Кыргызстанда чукул жогорулады. Мисалы, 2022-жылы бир кило эт 450-480 сом (480-530 рубль) эле. А азырчы? Бир кило эт 680-800 сом (730-800 рубль). Албетте, быйылкы эт өндүрүү 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик өзгөргөн жок! Анда эмнеге баалар уламдан улам асмандап гана баратат?!? Мындай кейиштүү көрүнүш башка товар-продукцияларга карата дагы кайталанып олтурат…

        Адистер ИДПнын мынчалык ыкчам өсүшү өнөр жай жана жарандык обьектилердин курулушу ыраса өскөндүгү менен дагы туюндурушат. Албетте, өнөр жайдын оожалашы жана дагы курулуш обьектилеринин (турак жайлардын) күч алышы – жакшы жышаан. Тилекке каршы, булар ИДПнын көтөрүлүшүнө өбөлгө жаратпашы абзел! Көрдүңүзбү? Кымбатчылык бардык тармакты тегиз каптады! – деп кейип-кепчиди Кыргыз-Орус славян университетинин “Улуттук экономика жана Аймактык өнүгүү” кафедрасынын башчысы Асылбек АЮПОВ. – Кыргыз Улуттук статистика комитети ушуну неге чагылдырбайт? Анан дагы Бийликтин алдына маселени кабыргасынан койбойт? Ушунун өзү инфляцияны ооздуктаганга толук кандуу шарт жаратмак… А бирок,  Кыргыз Улуттук статистика комитети – Кыргыз Өкмөтүнүн бир бөлүгү, тескерисинче, ушунун баарын тең жаап-жашырып гана келатат…

        Эң эле өкүнүчтүүсү: экспорттун импортко карата дисбалансы – теңсалмактуулугу таптакыр бузулду. Мурун экспорт 80 пайыз эле. Ал эми импорт 20 пайыздан гана ашчу. Байкагандырсыз? Акыркы эки жылда Кыргызстандан ташылган продукциялар кескин кымбаттады. Ошентип, баалар дагы уламдан улам жогорулап гана баратат. А маяна, пенсия жана пособие буларды кууп жеткенге дагыле дармансыз!

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17