Аймак

БЫЙЫЛ ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭНЕРГЕТИКАЛЫК 5 ДОЛБООР ИШКЕ АШЫРЫЛАТ

БЫЙЫЛ ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭНЕРГЕТИКАЛЫК 5 ДОЛБООР ИШКЕ АШЫРЫЛАТ

 6 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин өлкөнүн электр менен камсыздоо системасын чыңдоо жана калкты сапаттуу тейлөө боюнча коюлган тапшырмаларынын негизинде, Жалал-Абад облусунда 2026-жылы энергетикалык тармакты реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча 5 долбоор ишке ашырылат.

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын маалымат кызматы билдиргендей, аталган долбоорлор электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, жаңы конуштарды жана өндүрүш объектилерин туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.

1. Манас шаарында “Бакай” көмөк чордону курулат

Манас шаарынын аймагында кубаттуулугу 110/10 кВ болгон “Бакай” көмөк чордону курулат. Учурда Манас шаарынын мэриясы тарабынан жер тилкеси бөлүнүп берилип, курулуш иштерине даярдык көрүлүүдө.

Долбоорду 2026-жылдын аягына чейин бүткөрүү мерчемделген.

Жаңы көмөк чордондун курулушу Манас шаарында калктын санынын өсүшүнө, жаңы курулуш объектилеринин көбөйүшүнө жана электр энергиясына болгон суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу ишке ашырылууда.

Курулуш аяктагандан кийин “Бакай” көмөк чордону жаңы базарды, автобекетти жана жакынкы калктуу конуштарды туруктуу электр энергиясы менен камсыздайт.

2. Үч-Терек бөлүмүнүн жаңы имараты курулат

Токтогул РЭТинин Үч-Терек бөлүмүнүн административдик имараты жаңыдан курулат.

Эски имарат 1989-жылы пайдаланууга берилген жана ушул убакка чейин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Жыл сайын акталып, сырдалып турганы менен, эскилиги жетип, кызматкерлердин иш алып баруусуна ыңгайсыздыктарды жаратып келген.

Учурда Үч-Терек бөлүмүнүн аймагында жер аянтын тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө. Курулуш иштери 2026-жылдын ноябрь айында аяктайт деп пландалууда.

Долбоор “КУЭТ” ААК тарабынан каржыланат.

3. Аксыдагы Кербен бөлүмүнүн административдик имараты жаңыланат

Аксы РЭТинин Кербен бөлүмүнүн административдик имараты жаңыдан курулат.

Аталган имарат 1969-жылы пайдаланууга берилген. Жарым кылымга жакын убакыттан бери энергетиктер ушул жайда керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз тейлеп келишкен. Бирок бүгүнкү күндө имараттын эскилиги жетип, кызматкерлер үчүн бир топ кыйынчылыктарды жаратууда.

Учурда бул объект 2026-жылдагы пландык иш-чараларга киргизилип, курулуш иштерин баштоо боюнча даярдык жүрүп жатат.

Имаратты 2026-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Долбоор “КУЭТ” ААКнын өздүк каражатынын эсебинен каржыланат.

4. “Кристалл–Юлдуз” 220 кВ электр берүү линиясы жаңыланат

Өлкөнүн энергетикалык системасын өнүктүрүүгө багытталган REMIT долбоорунун алкагында “Кристалл–Юлдуз” 220 кВ электр берүү линиясы жаңыланат.

Узундугу 18 чакырым болгон бул аба чубалгы 1986-жылы курулган. Жыл сайын техникалык тейлөөдөн өтүп турганы менен, эскилиги электр энергиясынын жоготууларына алып келген.

Долбоор ишке ашкандан кийин линиянын электр өткөрүмдүүлүгү жогорулап, техникалык жоготуулар азаят.

“Кристалл–Юлдуз” 220 кВ аба чубалгысы Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы транзиттик байланышта маанилүү ролду ойнойт.

5. “Торобаев” жана “Кристалл” көмөк чордондору модернизацияланат

REMIT долбоорунун алкагында 220/110/10 кВ “Торобаев” жана 220/110/10 кВ “Кристалл” көмөк чордондорунда толук модернизациялоо жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт.

Долбоордун негизги максаты — көмөк чордондордун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, жаңы технологияларды киргизүү жана электр энергиясын сапаттуу бөлүштүрүүнү камсыз кылуу болуп саналат.

6. “Кристалл” 220 кВ көмөк чордонун реконструкциялоо

Реконструкциялоо иштеринин алкагында:

— 220 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлүшүндөгү 16 ячейка жаңыланат;

— эски май өчүргүчтөр заманбап жабдууларга алмаштырылат;

— ток трансформаторлору жана чыңалуу трансформаторлору жаңыртылат;

— релелик коргоо жана автоматика системалары жаңыланат;

— 110 кВ тарабындагы 7 ячейка толугу менен реконструкцияланат;

— өрт коопсуздугу жана башка калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

7. “Торобаев” 220 кВ көмөк чордонун реконструкциялоо

Долбоордун алкагында:

— кубаттуулугу 125 МВА болгон эки автотрансформатор 200 МВА кубаттуулуктагы жаңы автотрансформаторлорго алмаштырылат;

— 220 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлүшүндөгү жабдуулар жаңыланат;

— өчүргүчтөр, ток трансформаторлору, ажыраткычтар, чыңалуу трансформаторлору жана башка көмөкчү жабдуулар алмаштырылат;

— 110 кВ бөлүгүндөгү 14 ячейка толугу менен жаңыланат;

— 10 кВ жабык бөлүштүрүүчү түзүлүш реконструкцияланат;

— өрт коопсуздугу жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт;

— көмөк чордондун башкаруу жана байланыш системалары модернизацияланат.

Аталган долбоорлор ишке ашкандан кийин электр тармактарынын ишенимдүүлүгү жогорулап, техникалык жоготуулар азайып, керектөөчүлөрдү сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү кеңейет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17