Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,546 Бардыгы / ОшМУнун Эл аралык билим берүү Программаларынын Жогорку Мектебинин алдында Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмү дагы ургалдуу иштеп жаткан маалы. Аталган бөлүмдү бүткөндөргө жумуш дагы опоңой табылаарын ушул бөлүмдүн башчысы, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Нуркасым АРКАБАЕВ кабарчыбызга курган маегинде ачык моюндады. -Нуркасым агай, ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин алдында Түрк тилдүү […]
1,547 Бардыгы / ОшМУнун Эл аралык билим берүү Программаларынын Жогорку Мектебинин алдында Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмү дагы ургалдуу иштеп жаткан маалы. Аталган бөлүмдү бүткөндөргө жумуш дагы опоңой табылаарын ушул бөлүмдүн башчысы, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Нуркасым АРКАБАЕВ кабарчыбызга курган маегинде ачык моюндады. -Нуркасым агай, ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин алдында Түрк тилдүү […]
Нуркасым АРКАБАЕВ: “ЗАМАНБАП АДИСТЕРГЕ ЖУМУШ ОНОЙ ТАБЫЛАТ!”
29.06.2022 / Автор anarkan_kg1,548 Бардыгы /
ОшМУнун Эл аралык билим берүү Программаларынын Жогорку Мектебинин алдында Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмү дагы ургалдуу иштеп жаткан маалы. Аталган бөлүмдү бүткөндөргө жумуш дагы опоңой табылаарын ушул бөлүмдүн башчысы, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Нуркасым АРКАБАЕВ кабарчыбызга курган маегинде ачык моюндады.
-Нуркасым агай, ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин алдында Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмү кантип жана кимдин демилгеси аркасында ачылды эле?
-Ыраматылык ректорубуз Каныбек Исаков жаштыгына карабастан абдан жигердүү жетекчи эле. Ошол киши өзү жеке демилгелеп, 2018-жылы ОшМУнунун курамында Кыргыз-Түрк факультетин негиздеген. Негизги максаты – билимди экспорттоо, интеграция аркылуу мамлекеттерди өз ара жакындаштыруу жана Дүйнөдөгү эң алдыңкы Туркия өлкөсү менен дагы алакабызды бара-бара чыңдоо эле. Ошентип, 2021-жылдын июль айында аталган факультет ОшМУнун Эл аралык билим берүү Программаларынын Жогорку Мектебине айландырылды.
-Демек, балким, Сиздерге бул өңүттө Туркия мамлекети
коммуникация, каржы жана кадр жагынан дадил эле каралашып жаткандыр?
-ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин алдында Түрк тилдүү мамлекеттердин интергациясы бөлүмүндө ушул тапта 187 студент заманбап билим алып жатышат. Булардын басымдуулугу кыргыздар жана өзбектер. Арасында аргындашкан жападан жалгыз түрк дагы бар. Буларга жергиликтүү окутуучуларыбыздан тышкары Түркиянын дасыккан илимпоздору дагы сабак өтүп жатышат.
Бирок, эсиңиздерге салып коеюн, бул Жогорку Мектепти жана дагы биздин бөлүмдү Түркия дегеле каржылабайт. Бардык чыгымдарыбыз ОшМУнун бюджетинен гана төлөнөт. Мындан тышкары бизге мобул заманбап имаратты дагы университет өзү тикелеп, балдык керектүү эмеректер жана коммуникация менен жабдып, анан гана пайдалануубузга тартуулады.
-Агай, Сиз бизден жакшы билесиз, Кыргызстанда жогорку окуу жайлары абдан эле көп. Тилекке каршы, бүтүрүүчүлөрдүн баарын тең тегиз жумушка жайгаштыруу ушул тапта кендирибизди куп гана кесип жаткан чагы. А Сиздер ушул жагын канттиңиздер?
-ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин алдында Түрк тилдүү мамлекеттердин интергациясы бөлүмү программалык инженерия, экономика, журналистика, реклама жана коомчулук менен байланыш, ошондой эле туризм адистерин белендейт. Басымдуу студенттерибиз жайкы каникул маалында – дээрлик үч ай бою Туркиянын атактуу конокканаларында, а түгүл Ата Мекендик ири компанияларда дагы эмгектенишип, меймандарды тейлөөнү, туристтерди абдан кооз жайларга байма-бай тартууну, экономикалык кризистен кутулуунун аргасын куп үйрөнүшөт.
Демек, студенттерибиз ОшМУда төрт жыл окуганча, окууну бүткөндөн кийин деле өзүнө туруктуу жумуш табууну дагы кошо өздөштүрүшөт. Бул өңүттө бизде азырынча олуттуу проблема жарала элек…
-Нуркасым агай, ОшМУнун Эл аралык билим берүү
программаларынын жогорку мектебинин, анан дагы Сиздердин бөлүмдүн болочогун эмнеден көрөсүз?
-ОшМУ адегенде өзүнүн эсебинен ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебине жана биздин бөлүмгө заманбап имаратты тикелеп, моминтип пайдаланууга тапшырды. Бул жайда мындан ары мыкты окуганга өзгөчө гана шарттар жаратылып олтурат.
Ошентип, ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин алдында Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүндө коррупциясыз сапаттуу билим берүүгө зор мүмкүнчүлүк жаралды десем эч жаңылышпаймын. Анан дагы студенттердин ар тараптуу окуп жана билим алуусуна, кыялдарын ийгиликтүү жүзөгө ашыруусуна дагы чоң өбөлгө түзүлдү. Биздин улан-кыздарыбыз эми чет өлкөлөрдө дагы практикасын өтөөгө акылуу. Орусия, Түркия, Германия, Болгарияда жана Өзбекстанда эмгектенүү буларга эми кыял эмес!
Эң башкысы: ОшМУнун магистратурасында окуганга жана чет өлкөлөрдө деле билимин андан ары улантканга зор мүмкүнчүлүк жаралды. Менимче, биздин бул тажрыйбабызды өлкөбүздөгү башка ЖОЖдор дагы урунушса, албетте, утушаарынан шегим жок!
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
-
25.04.2023 / Автор anarkan_kg Жолой ТИЛЛАЕВ: “НООКАТ ШААРЫ ДОТАЦИЯДАН БОШОНГОН!”
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.