Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,234 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, кыргызстандыктарды жаңы окуу жылынын башталышы жана Билим күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу агай-эжейлер! Урматтуу жеткинчектер, окуучулар жана студенттер! Кымбаттуу ата-энелер! Сиздерди жаңы окуу жылынын башталышы, 1-сентябрь – Билим күнү менен куттуктайм. Бул күнү окуучу, мугалим, ата-эне – баарында келечекке жаркын максат коюлуп, үмүт-тилектердин […]
1,235 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, кыргызстандыктарды жаңы окуу жылынын башталышы жана Билим күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу агай-эжейлер! Урматтуу жеткинчектер, окуучулар жана студенттер! Кымбаттуу ата-энелер! Сиздерди жаңы окуу жылынын башталышы, 1-сентябрь – Билим күнү менен куттуктайм. Бул күнү окуучу, мугалим, ата-эне – баарында келечекке жаркын максат коюлуп, үмүт-тилектердин […]
ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН БИЛИМ КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТООСУ
01.09.2022 / Автор anarkan_kg1,236 Бардыгы /
БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, кыргызстандыктарды жаңы окуу жылынын башталышы жана Билим күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосу:
“Урматтуу агай-эжейлер!
Урматтуу жеткинчектер, окуучулар жана студенттер!
Кымбаттуу ата-энелер!
Сиздерди жаңы окуу жылынын башталышы, 1-сентябрь – Билим күнү менен куттуктайм.
Бул күнү окуучу, мугалим, ата-эне – баарында келечекке жаркын максат коюлуп, үмүт-тилектердин оту жанган башкача сезим-туюмдар жаралат. 1-сентябрь, айрыкча, окуучулардын эсинде кала турган шаңдуу күн. Ошондуктан, бул күнү республиканын бардык окуу жайлары эшигин кенен ачып, майрам ээлерин кучагын жая тосуп алат.
“Билимдүүгө дүйнө жарык” деген накыл кептегидей, билим уясын аттаган ар бир баланын татыктуу билим, туура тарбия алышына бардык шарттар түзүлүшү зарыл. Себеби билимдүү жаштар – мамлекетибиздин келечеги, улутубуздун уңгусу, өлкөбүздүн байлыгы.
Дүйнө ааламдашып жаткан маалда сапаттуу билим берүү – туруктуу өнүгүүнүн эң ишенимдүү пайдубалы болуп калды. Мамлекет тарабынан өлкөнүн билим берүү тутумун дүйнөлүк агартуу мейкиндигине акырындап интеграциялоо менен өнүктүрүүгө басым жасалууда. Окутуунун ык-амалдарын жаңыртуу менен билим берүү жаатындагы өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууну көздөп жатабыз.
Мына ушундай асыл максаттар менен өлкө жетекчилиги ар бир билим берүү мекемесинде окутуу иштерин жакшыртуу, өркүндөтүү үчүн зарыл шарттарды түзүү аракетинде. Мугалимдер болсо коомубузга билимдүү жаштарды даярдоого жан-дилин, бар билимин, убактысын арноого даяр деп ойлойм. Ал эми ар бир ата-эне балдарынын билим, тарбия алуусуна жигердүү катышып, мектеп менен тыгыз байланышта болуп, өлкөбүздү өргө сүрөй турган жаштардын чыгышына опол-тоодой салым кошо алаарын унутпашы абзел.
Кымбаттуу окуучулар! Кыргызстаныбыздын, эл-жерибиздин жаркын келечеги ар бириңердин жоопкерчилигиңерге жараша болот. Силердин татыктуу тарбия, терең билим алууңар – мамлекеттин келечегине кошкон чоң салымыңар болот. Таалим-тарбиялуу, билимдүү жаштар гана алдына конкреттүү максат коюп, турмуш жолуна ишенимдүү чыйыр салып, коомчулукта татыктуу ордун таба алат. Мен силердин Кыргызстандын келечегин көрө алган, ага ишенген, Ата Журтуна салым кошкон уул-кыздарыбыздан болуп чыгаарыңарга бекем ишенем!
Урматтуу мекендештер!
Билим күнү жана жаңы окуу жылынын башталышы менен дагы бир жолу куттуктайм!
Алгач ирет мектеп босогосун аттап жаткан балдарыбыздын билим жолу байсалдуу болсун!
“Максатсыз адам – канатсыз куш” деген накыл кеп сыңары, “турмушта өз ордумду тапсам экен” деген ар бир окуучунун, “тарбия менен билим берген окуучум эл керегине жараса экен” деген ар бир мугалимдин, “балам өз Мекенине ак кызматын арнаса экен” деген ар бир ата-эненин үмүт-тилеги, ой-максаттары орундалсын!
Баарыңыздарга чың ден соолук, бекем эрк, Мекеним үчүн деген бийик максат, талбаган эмгек каалайм”.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
26.04.2023 / Автор anarkan_kg Бердибек АБДРАХМАНОВ: “КАТТА ТАЛДЫКТЫ ДОТАЦИЯДАН ЧЫГАРАМ!”
-
08.05.2023 / Автор anarkan_kg ОШТО 200гө ЧУКУЛ БАЙКЕР АТАЙЫН ЖҮРҮШ ЖАСАП, МОТОСЕЗОН АЧЫЛДЫ
-
25.05.2023 / Автор anarkan_kg АКЫРКЫ КОӉГУРООДО МИЛИЦИЯ КООМДУК ТАРТИПТИ КӨЗӨМӨЛДӨӨДӨ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.