Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

ОШМУнун РЕКТОРУ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА КЕСИПТЕШТЕРИНЕ ЖАНА СТУДЕНТТЕРГЕ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ

ОШМУнун РЕКТОРУ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА КЕСИПТЕШТЕРИНЕ ЖАНА СТУДЕНТТЕРГЕ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ

 159 Бардыгы /

ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков 2022-2023-окуу жылынын башында кесиптештерине жана дагы аталган ЖОЖдун студенттерине атайын Кайрылуу жасады.

-Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен өлкөбүздөгү алдыңкы 5 жогорку окуу жайына өзгөчө макам ыйгарылды. Булардын катарында Ош мамлекеттик университети дагы бар. Мунун эң негизги максаты – окуу жайды 4-муундагы университетке трансформациялоого өбөлгө жаратуу. Президент Садыр Жапаровдун атайын тапшырмасына ылайык жакынкы 5 жыл аралыгында биз кескин кадамдарды жасап, дүйнөлүк рейтингдеги эң алдыңкы  университеттердин катарына кирүүбүз абзел! Өзгөчө макамга татыган окуу жайлар үчүн академиялык, каржылык жана дагы башкаруу саясатынын эркиндигинин ыйгарылуусу окуу жайыбыздын бийик максаттарын жүзөгө ашырууга толук мүмкүнчүлүк жаратып олтурат. Ошентип, Кыргызстандагы бир топ жогорку окуу жайлар кайрадан түзүлүп, айрым институт, академиялар акыры университеттерге бириктирилди. Мындай      ирилештирүү саясатына ылайык Түштүк аймагында юристтерди даярдаган ири окуу жайы Ош мамлекеттик юридикалык институту, Ош шаарындагы №12-кесиптик лицейи, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын эски аймагы бүтүндөй базасы менен ОшМУнун карамагына толук бойдон өткөрүлдү. Аталган мекемелердин аймагында азыр ири курулуштарды баштап жатабыз. Учурдан пайдаланып окуу жайдын курамына кошулган мекемелердин студенттерин жана жамаатын жаңы окуу жылы, Эгемендүүлүк майрамы менен чын ыкластан куттуктаймын! Биз биригип гана зор ынтымакчылык менен бийик максаттарды жүзөгө чогуу-чараан ашырабыз! – деп агынан жарылды ОшМУнун ректор, профессор Кудайберди Кожобеков.

Баса, ОшМУ акыркы бир жылда кырктан ашуун окуу жайлар менен эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимдерди түзүп, эл аралык байланыштары бир топ кеңейди. Ал мындан ары АКШ, Кытай, Малайзия, Германия, Франция, Польша, Түштүк Корея, Түркия, Орусия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринин бир нече  ЖОЖдору менен эки тараптуу кызматташуу келишимдерине дагы кол койду. Буга улай алгачкы жолу ОшМУда Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби түптөлдү. Ошентип, эки жыл ОшМУда, дагы эки жыл башка чет өлкөдөгү жогорку окуу жайында билим алып, эки университеттин дипломуна ээ болуу мүмкүнчүлүгү жаралып олтурат. Дагы бир жетишкендик: акыркы эки жылда илимий долбоорлор үчүн 17 миллион сом өлчөмүндө каражат ажыратылды. Алгачкы жолу ОшМУда математика жана медицина багыты боюнча PhD докторантура ачылып, иштей баштады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17