Аймак

ЭАУда ЭНЕ ТИЛДИН ЭЛ АРАЛЫК ЖАНА МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ЭАУда ЭНЕ ТИЛДИН ЭЛ АРАЛЫК ЖАНА МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

 927 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД.Кечээ, 21-февралында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) чоң жыйындар залында Эне тилдин эл аралык күнү майрамдык түрдө белгиленди.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү ж/а коомчулук менен байланыштар кызматы

билдиргендей, майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз, орус, түрк, өзбек жана англис тилдеринде ырлар ырдалып, көркөм окуулар окулуп, улуттук бийлер жана сахналаштыруулар көрсөтүлдү.

Алар менен бирге 23-февраль – Мекенди коргоочулар күнүн утурлап кыргыз, орус, англис тилдеринде аскердик ырлар тартууланды. Ырлар Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде аскер кийимчен аткарылды. Жалпысынан майрамдык концерт бардыгына жагып, университеттин ректораты жана көрүүчүлөр мыкты концерт уюштургандары үчүн мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасына, эл аралык мамилелер жана жалпы теориялык сабактар кафедрасына, чет тилдер, котормонун теориясы жана тажрыйбасы кафедрасына, Маданий-эстетикалык борборго ыраазычылыктарын билдиришти.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17