Аймак

ЭАУда ОКУЯЛЫК ТУРИЗМ БОЮНЧА КӨРГӨЗМӨ САБАК ӨТКӨРҮЛДҮ

ЭАУда ОКУЯЛЫК ТУРИЗМ БОЮНЧА КӨРГӨЗМӨ САБАК ӨТКӨРҮЛДҮ

 1,578 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД.  Бүгүн, 5-апрелинде К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетке (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) караштуу Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун жана Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжинин “Туризм” багыты боюнча студенттери үчүн окуялык туризм темасында көрсөтмө сабак “Дестинация Жалал-Абад” коомдук бирикмеси тарабынан өткөрүлдү.

ЭАУнун кесиптик багыт берүү ж/а коомчулук менен байланыштар кызматы

билдиргендей, сабактын жүрүшүндө ЭАУ студенттери үчүн окуялык туризмди уюштуруудагы туристтик жабдыктар көрсөтүлүп, окуялык туризмди уюштуруудагы гиддердин ишмердигинин, туристтик коопсуздуктун негиздери боюнча окуулар болду. “Дестинация Жалал-Абад” коомдук бирикмесинин көрсөтмө сабагы ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун Туристтик клубу жана экономика, менеджмент жана туризм кафедрасынын чакыруусу менен уюштурулган. “Туризм” багыты боюнча билим алган студенттер жогоруда аталган көрсөтмө сабакка чыныгы кызыгуу менен катышып, келечектеги кесиптик ишмердиги тууралуу бир топ пайдалуу маалыматка ээ болушту. ЭАУ ректораты жана ЭАКТИ дирекциясы “Дестинация Жалал-Абад” бирикмесине терең ыраазычылык билдирип, мындан ары да кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17