Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” СЫНАГЫ ӨТТҮ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” СЫНАГЫ ӨТТҮ

 2,637 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 28-апрелде Жалал-Абад шаарындагы №13 Р.Азимов атындагы орто мектебинде “Жылдын мыкты мугалими” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди.

“Жылдын мыкты мугалими” сынагына Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, мектеп директорлору жана мугалимдер катышты.“Жылдын мыкты мугалими” сынагына шаардагы  20 мектептен 19 мугалим катышып, алардын арасынан баш байгени  №13 Р.Азимов атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Айнура Асылбекова жеңип алды. Ага ноутбук жана диплом тапшырылды. Эми ал сынактын облустук турунда Жалал-Абад шаарынын намысын коргойт.

Ал эми калган байгелүү орунду камсыздаган жана сынакка катышкан бардык катышуучуларга белектер, номинациялар жана дипломдор тапшырылды.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков “Жылдын мыкты мугалими” сынагында ийгиликке жетишкен мугалимдерди куттуктап, жергиликтүү бийлик билим берүү тармагын ар дайым колдой турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, “Жылдын мыкты мугалими” сынагына жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Мындан сырткары 700миң сом акча каражаты “Алтын сертификат”, “Алтын тамга” алган бүтүрүүчүлөргө, алардын мугалимдерине жана ата-энелерине сыйлык катары берилмекчи.

Эске салсак, 2022-жылы өткөн жылдын мыкты мугалими сынагына шаар бюджетинен бир миллион сом акча каражаты бөлүнүп, баш байгеге автоунаа коюлган болчу.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17