Аймак

ОШ ШААРЫНДА “РОМЕО ЖАНА ЖУЛЬЕТТА” СПЕКТАКЛИ АНШЛАГ МЕНЕН КОШТОЛДУ

ОШ ШААРЫНДА “РОМЕО ЖАНА ЖУЛЬЕТТА” СПЕКТАКЛИ АНШЛАГ МЕНЕН  КОШТОЛДУ

 1,338 Бардыгы /

ОШ. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Жамал Сейдакматова атындагы “Туңгуч” жаштар театрынын артисттери тарабынан Уильям Шекспирдин “Ромео жана Жульетта” музыкалык -хореографиялык спектакли коюлду.

          Баса, аталган спектаклдин бет ачаарына Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов дагы катышып, чыгармачылык топту кызуу куттуктап сөз сүйлөдү. Ошондой эле спектаклди койгон режиссерго жана башкы ролдорду жараткан актерлорго Ош шаарынын мэриясынын Ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

          Белгилей кетчү жагдай: буга дейре аталган спектаклдын премьерасы Бишкекте дагы өткөрүлүп, ага Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова катышкан эле.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17