Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
- «ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
- МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
- НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
- НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
694 Бардыгы / Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезити мындан туптуура 85 жыл мурда “Кыргызстан большевиги” деген аталышта жарык көргөн. Ал эми Совет доорунда “Ленин жолу” аталган. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында гана аталышын эл сынына коюп, “Ош жаңырыгы” деп өзгөрткөн. Абдыкадыр СУЛТАНБАЕВ, Кргыз Республикасынын Журналисттер Союзунун төрагасы: – “Ош жаңырыгы”түптөлгөн күнүнөн, тактап айтканда, 1938-жылдын 14-октябрынан тартып Кыргызстандын […]
695 Бардыгы / Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезити мындан туптуура 85 жыл мурда “Кыргызстан большевиги” деген аталышта жарык көргөн. Ал эми Совет доорунда “Ленин жолу” аталган. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында гана аталышын эл сынына коюп, “Ош жаңырыгы” деп өзгөрткөн. Абдыкадыр СУЛТАНБАЕВ, Кргыз Республикасынын Журналисттер Союзунун төрагасы: – “Ош жаңырыгы”түптөлгөн күнүнөн, тактап айтканда, 1938-жылдын 14-октябрынан тартып Кыргызстандын […]
КООМЧУЛУКТА ОРДУ БИЙИК БАСЫЛМА
13.11.2023 / Автор anarkan_kg

696 Бардыгы /
Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезити мындан туптуура 85 жыл мурда “Кыргызстан большевиги” деген аталышта жарык көргөн. Ал эми Совет доорунда “Ленин жолу” аталган. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында гана аталышын эл сынына коюп, “Ош жаңырыгы” деп өзгөрткөн.
Абдыкадыр СУЛТАНБАЕВ, Кргыз Республикасынын Журналисттер Союзунун төрагасы:


– “Ош жаңырыгы”түптөлгөн күнүнөн, тактап айтканда, 1938-жылдын 14-октябрынан тартып Кыргызстандын маалымат айдыңында эл үчүн ак кызмат гана өтөп келатат. Бир дагы жолу мезгилден артта калбастан жарык көрүп, окурман талабын ийгиликтүү жана толук кандуу канаттандырып келатат. Совет доорунда нускасы 70-80 миңди чапчып, бүтүндөй Түштүк жергесин (агезде азыркы Баткен, Жалал-Абад, Ош облустары бир эле Ош облусу деп аталчу) ар кыл маалыматтар менен күн сайын үзгүлтүксүз камсыз этип турган. Анткени, борбордук “Правда” гезитинин көлөмүндө аптасына беш ирет чыгып тураар эле. А ушул тапта деле гезит өзүнчө сайт ачып, Дүйнөлүк маалымат айдыңына дагы батыл кошулуп олтурат. Ааламдашуу заманында камчы салдырбастиан иштеп жатышкан “Ош жаңырыгы” гезитиндеги калемдештериме көөнөрбөс жаратмандыкты гана тилеймин!


Динара ЖУСУПБЕКОВА, Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезитинин кабарчысы: – Мезгил менен тең жарыша иштеп, заман жарчысына гана айландык. Мен ары барктуу, ары нарктуу басылмага тагдырлаш экендигиме аябай сыймыктанам!


Айгүл МАТИЕВА, Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезитинин кабарчысы: – Мактангандык эмес, бирок, учурдан пайдаланып айтып коюуга тийишмин! Ушул тапта “Ош жаңырыгы” гезити Кыргыз басма сөз айдыңында дагыле көч башында гана келатат. Анткени, өзүнчө сайтыбыз дагы бар. Ал такай жаңыланып турат. Эми бизди мекендештерибиз гана эмес, чет өлкөлөрдө жашып жатышкан Кыргыз кандаштарыбыз дагы издеп таап, талашып гана окуп жатышат. А түгүл айрым Дүйнөлүк ЖМКлар менен маалымат алмашууга дагы жетиштик.


Канымжан КЫДЫРАЛИЕВА, Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезитинин жооптуу катчысы: – Интернет иштебесе,сайттар сөзсүз жабылат. А бирок, гезит эч качан жабылбайт! Адамзаты Жер бетин байырлап турганда, ал сөзсүз өз өмүрүн – жашоосун дагыле ырааттуу улантат. Муну айтып жаткан себебим: “Кыргызстан большевиги” – “Ленин жолу” – “Ош жаңырыгы” гезитинин туңгуч санынан тартып ар бир номуру Мамлекеттик архивде сакталу. Демек, бул – тарых.


Ашым ЖАНБОЛОТОВ, Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезитинин биргездеги жооптуу катчысы: – Совет доорунда (СССР империясы мезгилинде) “Ленин жолу” (азыркы “Ош жаңырыгы”) апта сайын беш ирет ири көлөмдө жарык көрчү. Алишер, убагында өзүң деле иштеп жүрүп көрбөдүңбү? Агезде азыркындай санариптешүү деген жок! Бир катаны – туура эмес сөздү оңдош үчүн бүтүндөй бир олчойгон бетти типографиядан (азыркыча басмаканадан) кайрадан терчүбүз. Анан үйүбүзгө түң ортосунда араң кетээр элек. Бирок, жумушка эл катарында эле эртеси саарлап зыңкыйып келчүбүз. Ооба. Азыркы журналисттер мындай шартка эзели көнүшмөк дагы, чыдамак дагы эмес!


Асанбек КАРАКОЗУЕВ, Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезитинин башкы редактору: – “Маркумдар даңкталмайын, тирүүлөр бакталбайт!” дешет. Гезитибиздин аброюн арттырып, окумдуулугун бара-бара жогорулатууда ыраматылык Абдысатар Султановдун, Талантбек Моңолбаевдин, Алмаз Нурдиновдун, Абдувахап Мониевдин мээнеттери абдан чоң! Анткени, аттары аталган маркум кесиптештерибиз редакторлук жана орун басарлык кызматтарды гана абийирдүү аркалашпастан, ошол эле учурда өздөрү дагы чыгынып түрдүү жанрда олуттуу материалдарды жазышып, чыгармачылык чеберчиликтин кашкайган үлгүсүн дагы көрсөтүшпөдүбү…


Эльчибек ДЖАНТАЕВ. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү: – Кудайга шүгүр, биз облустук гезиттерди кыйчалыш заманда жаптырбастан сактап калдык. Бул аракетибизден мындан ары дагы жанбайбыз. Тескерисинче, “Ош жаңырыгы” гезитинин нускасын бара-бара көбөйтүүгө, окурмандарыбыздын катарын улам калыңдатуга такай көмөктөшөбүз! А түгүл бүйүр кызыткан сын материлдардын көбүрөөк жарыяланышына, ал аркылуу Аймактык жетекчилерди бара-бара чыйралышына, албетте, абдан эле кызыкдарбыз!
Ошентип, облустук “Ош жаңырыгы” гезити дээрлик он беш жылы кем бир кылымдан бери үзгүлтүксүз гана жарык көрүп келатат. Айтмакчы, дал ушул саптардын автору дагы биргезде бул басылманы бир жума бою башкарган, мындайча айтканда, баш редакторлук кылган. Ошондуктан, аймактык кесиптештерибизге орошон ийгиликтерди, оргуган талантты, калемдери эч качан мокобошун гана тилеймин!
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.02.2023 / Автор anarkan_kg 23-ФЕВРАЛЬ АТА МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАРДЫН КҮНҮ
-
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
30.11.2023 / Автор anarkan_kg КҮБӨЛҮГҮ ЖОК ӨСПҮРҮМДҮН АТАСЫНА 15 000 СОМ АЙЫП САЛЫНДЫ
-
-
30.11.2023 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨНДӨ ЖАШТАРДЫН МАДАНИЙ БОРБОРУ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ
-
06.12.2022 / Автор anarkan_kg ТАЛАШТУУ ЖМК МЫЙЗАМЫН КАЙРА ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЖУМУШЧУ ТОП ТҮЗҮЛДҮ
-
-
Маек
Каныбек БААТЫРОВ: “АТАМДЫ КӨРГӨН ӨЛБӨСҮН!
Эл эмгектен эскерсин! Аалы ТОКОМБАЕВ, Кыргыз Эл акыны.…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.