Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “САНАТ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “САНАТ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ

 699 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 14-май күнү Жалал-Абад шаарында түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда өткөрүлүп жаткан “Санат” фестивалы болуп өттү.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова жана түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген коноктор катышты.

7 өлкөнүн маданият кызматкерлеринин башын бириктирген “Санат” фестивалында улуттук аспаптардын коштоосунда маданият кызматкерлери жагымдуу ыр, күүлөрдү тартуулашып, Манас айтылды.

Эл аралык “Санат” фестивалы ЮНЕСКО тарабынан уюштурулуп, Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстанда өткөрүү пландалган.

Аталган фестиваль 16-майда Бишкек шаарында да өткөрүлөт. Андан ары Казакстанда улантылат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17