Аймак

ОШ ШААРЫНДА САБАНТУЙ МАЙРАМДАЛДЫ

ОШ ШААРЫНДА САБАНТУЙ МАЙРАМДАЛДЫ

 765 Бардыгы /

Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Ош шаарын байырлашкан татар-башкырлардын Сабантуй майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул иш-чара муниципалитеттин татар-башкыр улуттук-маданий борбору «Илькаем» жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясы тарабынан уюштурулду.

Сабантуйдун ачылышына Ош шаарынын мэриясынын, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн өкүлдөрү, шаар тургундары жана Ош облусунун жашоочулары катышты. Иш-чараны ачып жатып, татар-башкыр улуттук мамандтя борборунун президенти Равиля Ахмерова конокторду жана катышуучуларды эзелтеден келаткан майрам менен куттуктады.

Андан ары майрамдык концерттик программада Татарстандын коноктору – эл артисти Фердинанд Фаттрахманов, эмгек сиңирген артист Гүлшат Имамамиева, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Фергана облустук маданий борборунун өнөрлөрүн тартуулашты. Аталган иш-чаранын алкагында коноктор салттуу чак-чак жана таттуулардан даам сызып, татар улуттук оюндарында катышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17