Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
10 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ош облусунун Араван, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун мугалимдери менен өзүнчө жолугушту. Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөсү Догдуркүл Кендирбаева оштук агартуучуларга «Алтын Казык» билим берүүнү трансформациялоо программасын жүзөгө ашыруунун жүрүшү туурасында кеңири маалымат берип жатып төмөнкүлөргө өзүнчө токтолду: – Мектептерде 12 жылдык билим берүү – биринчи кезекте […]
11 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ош облусунун Араван, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун мугалимдери менен өзүнчө жолугушту. Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөсү Догдуркүл Кендирбаева оштук агартуучуларга «Алтын Казык» билим берүүнү трансформациялоо программасын жүзөгө ашыруунун жүрүшү туурасында кеңири маалымат берип жатып төмөнкүлөргө өзүнчө токтолду: – Мектептерде 12 жылдык билим берүү – биринчи кезекте […]
ӨКМӨТ МҮЧӨСҮ ОШ ЖЕРГЕСИНИН АГАРТУУЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
20.03.2025 / Автор anarkan_kg12 Бардыгы /
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ош облусунун Араван, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун мугалимдери менен өзүнчө жолугушту.
Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөсү Догдуркүл Кендирбаева оштук агартуучуларга «Алтын Казык» билим берүүнү трансформациялоо программасын жүзөгө ашыруунун жүрүшү туурасында кеңири маалымат берип жатып төмөнкүлөргө өзүнчө токтолду: – Мектептерде 12 жылдык билим берүү – биринчи кезекте мазмундук өзгөрүү. Биз быйылкы жылдан тартып 12 жылдык билим берүүнү этабы менен жүзөгө ашыра баштамакчыбыз. Ушул тапта мугалимдерди кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле окуу китептерин иштеп чыгуу иштери дээрлик 50 пайызга аткарылды. Жалпы билим берүүнүн мазмунун аныктаган жаңы мамлекеттик билим берүү стандарты иштелип чыгып, Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилди.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева «Алтын Казык» программасын жүзөгө ашыруунун алкагында мугалимдер үчүн санариптик программалар дагы иштелип чыгып жаткандыгын, алардын баары тең мугалимдерге таратылуучу ноутбуктарга сөзсүз жүктөлөөрүн кошумчалады. Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле министр соңку мезгилде коомчулукту катуу тынчсыздандырып жаткан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук, зордук-зомбулук, билим берүү уюмдарындагы жана үй-бүлөдөгү тарбия маселелерине дагы кеңири токтолду.
– Ата-энелер баласына кымбат уюлдук телефон, кымбат кийим сатып берип коюп, ата-энелик милдеттен кутулдум дебеши абзел! Балага өзүнчө мээрим төгүү – баарынан маанилүү! Биз баланын психологиясын ата-энеге жеткирүүгө милдеттүүбүз. Балдарга коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү максатында Электрондук күндөлүк платформасына «Коркпо, билдир!» деген баскычты коштурдук. Ал бала зордук-зомбулукка кабылганда, же кандайдыр бир кысымга алынганда, Ички иштер министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнө токтоосуз кабар жеткирүүгө мүмкүндүк жаратат. А бул мамлекеттик платформа акысыз жана ыңгайлуу! – деп кошумчалады Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева.
Ошентип, ааталган жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөсү Догдуркүл Кендирбаева мугалимдердин жүйөөлүү суроолоруна дагы жооп кайтарып, жаңы окуу жылына карата даярдыктары, ушугезге дейре чечилбей келе жаткан маселелер туурасында өзүнчө маалымат топтоду.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
13.02.2025 / Автор anarkan_kg ИСКЕ УУЛАНУУНУН АЛДЫН АЛ, ЖАКЫНЫҢДЫН ӨМҮРҮН САКТА!
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ЯПОН МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ТААНЫШУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ
-
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ШАЙЛООНУ УЮШТУРУУ БОЮНЧА ОБЛУСТУК ШТАБДЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ
-
06.05.2025 / Автор anarkan_kg НООКАТТА СТАДИОН ЖАНА МАДАНИЯТ ҮЙҮ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
-
20.05.2025 / Автор anarkan_kg ӨРТ КООПСУЗДУГУН САКТАЙЛЫ
-
12.06.2025 / Автор anarkan_kg МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ СЫЙЛАДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.