Аймак

Жакып МАМАЖАНОВ: “КЕҢИРИ ФОРМАТТАГЫ ЖОЛУГУШУУЛАРДЫ АКТИВДЕШТИРДИК!”

Жакып МАМАЖАНОВ: “КЕҢИРИ ФОРМАТТАГЫ ЖОЛУГУШУУЛАРДЫ АКТИВДЕШТИРДИК!”

 6 Бардыгы /

Араван райондук маданият үйүндө “ЖАҢЫ МУУН – ЖАРКЫН БОЛОЧОК! ТАЗА МУУН – КООПСУЗ КЕЛЕЧЕК!” аталышындагы форум ийгиликтүү аяктады. Бул мааанилүү иш-чарага Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурланбек Бурканов, Жогорку Кеңеш депутаты Жалолидин Нурбаев, академик Махамаджан Мамасаидов, Араван районунун аиминин орун басары Аида Рахманова, Араван районунун прокурору Замир Бейшекеев, Араван райондук ички иштер бөлүмүн башчысы Уланбек Кубатбеков, райондун казысы Умарали Муратов, райондун агартуучулары, ата-энелер жана дагы мектеп окуучулары катышышты. Ошондуктан, мындай чоң форматтагы күтүүсүз кездешүүнүн чоо-жайын кабарчыбыз Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жакып МАМАЖАНОВдон кең-кесири сурамжылады.

– Жакып агай, мынчалык кеңири форматтагы

жолугушууну күттүүсүз өткөрүүңүздөрдүн жүйөөсү эмнеде?

-Жашырып не. Акыркы жылдарда мектептерде рэкэтчилик,

окуучулардын топтошуп өз ара мушташуусу, бири-бирине салык салуусу, кыздардын эртелеп никеге турушу, балдарга карата зордук-зомбулук, суицид өңдөнгөн жосунсуз жоруктар көбүрөөк  катталып жатпайбы. Дал ошол себептүү биз дагы аргасыздан кеңири форматтагы момундай жолугушууну уюштуруп, көгөйлөрүбүздү бетме-бет жана ачык-айкын көтөрдүк. Анан дагы өз ара бул маселелерди кең-кесири деле талкууладык. Ушуга эле улай саналган темаларда талкаланган тагдырларды таасын баяндаган кыска метраждуу тасма көрсөтүлдү. Дал ушинтип муундар арасындагы тыгыз байланышты мындан ары ого бетер активдештирүүнү гана көздөдүк.

-Ара чолодо ички иштер орагандары деле мектептер

менен тыгыз иштөөнү ыраса активдештирбедиби?

-Ооба! Абдан туура аңдапсыздар. Районубуздагы Зайнидин

Бабур атындагы орто мектепте милиция кызматкерлеринин демилгеси аркасында окуучулар арасында спортук мелдештер – 100 метр арылкка чуркоо, кол күрөшү, шахмат жана тогуз коргоол түрлөрү боюнча чоң мелдеш өткөрүлдү. Мындай иш-чаралар мындан ары дагы ырааттуу түрдө улантылмакчы.

-Ошентсе деле окуучулар арасында гана эмес ата-энелер,

же мугалим-тарбиячылар деле тарабынан укук бузуулар уламдан улам көбөйүп баратпайбы?

-Биз ар кандай жолугушууларда ата-энелердин,

мугалимдердин жана тарбиячылардын мыйзам алдындагы жоопкерчилигин дагы байма-бай эскертип гана жатабыз. А түгүл укук бузуулар катталган маалда заматта эле 102, 111 жана 112 кыска номурларына сөзсүз кабарлоо зарылдыгын дагы какшап келатабыз. Мындайда, албетте, маалымат булагынын жашыруундуулугу биз тарабынан бекем сакталат.

-Сиздерде дагыле квота (жеңилдик) каралат турбайбы?

-Ананчы! Быйылкы 2024-2025-окуу жылына карата жалпы

жонунан 4557 квота (жеңилдик) каралган. Ушуга ылайык кыргыз класстарына – 3014, орус класстарына – 1296, өзбек каласстарына – 247 бала мектеп директорлорунун атайын билдирүүсүнө ылайык гана кабыл алынды. Ошентип, мындай мыкты кадам коррупцияга, тааныш-билишчиликке жана дагы ушул өңдөнгөн мыйзамсыз кадамдарга акыры биротоло чекит койду. Ушинтип жосунсуз жоруктар дээрлик тыйылды десем мен жаңылышпаймын!

-Араван районуна караштуу Төө-Моюн анклавында

жападан жалгыз мектеп-гимназия бар эле. Деги анын тагдыры кантти экен?

-Аталган анклавдагы Төө-Моюн №1-мектеп-гимназиясы

биротоло жоюлду. Ал эми андагы окуучулар өздөрү жашаган айылдардагы мектептерге гана которулушту. Иши кылып окуу жараяны ушул тапта дегеле үзгүлтүккө учуратылган жок! Буга улай “Бирлик” башталгыч мектеби дагы жабылып, анын окуучулары бүт Санталатхан Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван  айылындагы жаңыдан ачылган 34-Жусуп Абдырахманов атындагы орто мектебине жайгаштырылды. Ал эми Дөбө-Коргон кыштагындагы Гүлистан негизги мектеби №29-Абдурашид Саламов атындагы орто мектебинин филиалына айландырылды.

Кечиресиз? Ыңгайсыз болсо дагы, ушул

мүмкүнчүлүктөн куп пайдаланып айтып коюуга тийишмин,  Араван районунда деле шашке тамак берилбеген мектептер бардыр?

-Албетте! Экономикалык жана дагы каржылык каатчылык

Аравандагы мектептерди деле кыя өткөн жок! Ошентсе дагы, биз мунун эптеп айласын табуу аракетиндебиз. Ушул тапта Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу А. Тохтабаев жана Гүлистан негизги мектептери, Чек-Абад айыл өкмөтүндөгү А. Орозова атындагы негизги мектеби, Төө-Моюн анклавындагы Сары-Таш, К. Абдыкалыков, К. Асанов атындагы ортот мектептери МерсиКО Уюмунун 2-когартасына кошулуп, кенже класстардын окуучуларына адаттагыдай ысык тамак бере башташты.

Ал эми быйыл МерсиКО Уюмунун 3-когартасына Керме-Тоо Айыл Өкмөтүндөгү Токтогул, Гүлбаар, Т. Осмонов жана Т. Бекенов атындагы орто мектептери киргизилди.

-Баса, Сиздердин дагы ысык тамактын сапатын

жакшыртуу аракетиңиздер дегеле байкалбайт ко?

-Кантип? Кенже класс окуучларына ушул тапта берилип

жаткан ысык тамактын кубаттуулугун ого бетер арттыруу максатында айыл өкмөттөрү тарабынан 18 мектепке 15,11 гектар аянты ажыратылган. Бул жерлерге жашылча-жемиштер гана эгилет. Мындан тышкары эки мектепте (М. Саид атындагы гимназияда жана А. Турсунов атындагы жатак мектепте) өздөрүнүн атайын кой чарбасы дагы уюштурулган.

-Жакып агай, жашы жете электер менен иштеген

райондук ички иштер бөлүмүнүн тескөөчүлөрүнө ушул тапта өзгөчө шарт жаратууңуздардын жүйөөсү эмнеде?

-Биз кылмыштардын натыйжасы менен гана күрөшпөстөн, алардын алдын алууга дагы бекем ыктаганыбыз оң! Дал ушул себептен улам Араван районундагы ар бир мектепте жашы жете электер менен иштөөчү тескөөчүлөргө өзүнчө жумуш бөлөмөлөрдү уюштуруп, аны бүт керектүү нерселер менен толук кандуу камсыз этип жатабыз. Албетте, мындай жышаан жакын арада сөзсүз үзүрүн – жакшы натыйжасын берээрине мен бекем ишенем!

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

Араван району – Ош облусундагы гана эмес Кыргызстандагы эң ири райондордун бири. Аймакта 57 мектеп, 69 бала бакча жайланышкан. Буларда 33 032 окуучу билим алышып, 6 701 бөбөк тарбияланат. Болочок мууунубузга 1961 мугалим билим беришип, ал эми бакчаларда 307 тарбиячы көзөмөл жүргүзөт.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17