Аймак

ЖАМУ «КЫРГЫЗ ЫРЛАРЫ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕРДИН АТКАРУУСУНДА» РЕСПУБЛИКАЛЫК ФЕСТИВАЛЫНДА 3-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

ЖАМУ «КЫРГЫЗ ЫРЛАРЫ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕРДИН АТКАРУУСУНДА» РЕСПУБЛИКАЛЫК ФЕСТИВАЛЫНДА 3-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

 3 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу максатында, ошондой эле  21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети тарабынан КРнын жогорку окуу жайларында окуп жаткан чет өлкөлүк студенттер арасында “Кыргыз ырлары чет өлкөлүк студенттердин аткаруусунда” аттуу республикалык фестиваль өткөрүлдү.

Фестивалга өлкөнүн 10 жогорку окуу жайынын чет элдик студенттеринен түзүлгөн командалар катышып, кыргыз тилинде тааныштыруу, улуттук ыр аткаруу жана улуттук бий боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Фестиваль мамлекеттик тилди даңазалоо, кыргыз маданиятын жайылтуу жана чет өлкөлүк студенттердин кыргыз тилине болгон кызыгуусун арттыруу максатын көздөдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы А.К. Койчиев, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М. Мураталиев, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Г. Исаматова катышты.

Г. Исаматова чет өлкөлүк студенттердин кыргыз тилинде эркин сүйлөп, улуттук ырларды аткарып, бий өнөрүн көрсөтүп жатышы бул мамлекеттик тил саясатынын жыйынтыгы экенин баса белгиледи.

Сынакка катышкан республикадагы 10 окуу жайдын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.

Алсак, баш байгени Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, 1-орунду Эл аралык жогорку медициналык мектеби,  2-орунду Кыргыз-Түрк Манас университети, 3-орунду Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети жана Ала-Тоо эл аралык университети багындырды. Жалал-Абад мамлекеттик университети эл аралык жана республикалык сынактарга активдүү катышып келет. Ал эми бүгүн фестивалдан ийгиликтүү кайткан ЖАМУнун чет өлкөлүк студенттерин ректор К. Усенов кабыл алып, ийгиликтери менен куттуктады.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17