Аймак

ОШМУ «ГЛОБАЛ ТЕХНОЛОДЖИ СОЛЮШНС» МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮШТУ

ОШМУ «ГЛОБАЛ ТЕХНОЛОДЖИ СОЛЮШНС» МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮШТУ

 3 Бардыгы /

Cоңку сааттарда Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) Эл аралык «Глобал Технолоджи Солюшнс» компаниясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Документке ректор Кудайберди Кожобеков жана аталган компаниянын президенти, доктор Денни Чо кол коюшту.

Атайын жолугушуу маалында тараптар билим берүү, илим жана инновация тармактарында кызматташууну мндан ары кеңейтүү, эки мекеменин Академиялык, илимий жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн биргелешип пайдалануу маселелерин дагы кенен-чонон талкуулашты. Кол коюлган Меморандум инновациялык долбоорлорду жүзөгө ийгиликтүу ашырууну, ошондой эле биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү, Академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүнү, конференция, семинар жана конок лекцияларды уюштурууну дагы ичине камтыйт.

Күндүн экинчи жарымында  «Глобал Технолоджи Солюшнс» компаниясынын делегациясы университеттин Экономика, бизнес жана менеджмент институтунда студенттер үчүн конок лекцияларын өтүштү. Анда доктор Андре Крейе «Логистикадагы тенденциялар жана экономикалык динамика: Борбор Азия глобалдык контекстте» темасында, Денни Чо «Логистика жана жеткирүү чынжырларындагы санариптик трансформация: мүмкүнчүлүктөр, тобокелчиликтер жана региондук таасирлер» темасында баяндама жасашты.

Айтмакчы, Эл аралык «Глобал Технолоджи Солюшнс» компаниясы логистика, жеткирүү чынжырларын башкаруу, операциялык менеджмент, финансы жана маалыматтык системалар багытында адистерди даярдоого багытталган билим берүү демилгелерин кубаттайт. Бул компания жогорку окуу жайлар, илимий борборлор жана эл аралык эксперттер менен дагы тыгыз кызматташып, А\кадемиялык программаларды, тренингдерди, конок лекцияларды, изилдөө долбоорлорун уюштурууга көмөк көрсөтөт.

АЛИШЕР ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17