Аймак

“Үй-бүлөө” эмес, “үй-бүлө”, “Үрөөн” эмес, үрөн…

 18,925 Бардыгы /

“Үй-бүлөө” эмес, “үй-бүлө”, “Үрөөн” эмес, үрөн... Биздин жазмакерлер, эсеби маселен, “үрөн” дегенде “ө” тыбышы созулуп айтылып жатпайбы, демек эки “өө” кетет да” деп ой жүгүртүшөт. Бул туура эмес, анткени кыргыз тилинин жазуу эрежелери ар кимдин кыялына жараша колдонулбайт. Бизде көпчүлүк сөздөр эбак такталып, эрежеге салынып коюлган. Биз ошол эрежелерди билбейбиз жана күндөлүк практикабызда колдонбойбуз. (Бүгүн жалаң гана орфографиялык каталар тууралуу сөз кыла турган болгондуктан, тыныш белгилеринин коюлуш эрежелери тууралуу кепти оозанбай коё туралы, анткени менен ал жакта каталарыбыз орфографияга караганда да алда канча көп экендигин белгилеп коёлу).
Мындайда эң биринчи колдонула турган китеп “Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү” болууга тийиш. Жазып жатканда кайсы бир сөздүн жазылышынын туура, же туура эмес экендиги күмөн жаратса, дал ушул китеп жардамга келет. Бул китепте белгиленген эрежелер расмий түрдө бекитилген жана андагы келтирилген сөздөрдү ар кандай түрдө бурмалап жазуу ката болуп саналат. Ыраматылык СССР бар кезде эле айтылуу окумуштуу Х. К. Карасаевдин ошондой сөздүгү эки ирет басылып чыгып, бардык басмалар ошол китептеги эрежелерди карманып иш туткан. Ошол эле сөздүк филология илимдеринин доктору С. Ибраимовдун төрагалык кылган редакциялык коллегиянын редакциясы аркылуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы №567 токтому менен бекитилген “Кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин” негизинде 2009-жылы толукталып, кайрадан басылып чыккан. Ал 80 000 сөздү камтыйт. Ошентип, бизде колдонула турган китеп, кармана турган эрежелер бар.
Эми акыркы кезде эл ичинде козу карындай жайнап кеткен “үй-бүлө” жана “үрөн” деген сөздөрдүн жазылышын “Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгүнөн” (Бишкек, 2009-ж. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору) карап көрөлү: Анын 515-бетинде “үрөн”, “үрөнгө”, “үрөн фондусу”, “үрөндүү”, “үрөнсүз” деген сыяктуу сегиз сөз берилиптир, “үрөөн” деген сөз жок, демек, ал сөз – ката. Ал эми 512-бетинде “үй” деген сөзгө жалганган “үй-жай”, “үй күчүк”, “үйдүн ичин үч көтөрүү” деген сыяктуу 13 сөз келтирилген, “үй-бүлө” деген сөз бир гана “ө” тыбышы менен берилген. Ошентип биздин “үй-бүлөө” деген сөзүбүз “үй” жана “бүлөө – кайрак” деген таптакыр беймаани түшүнүктү пайда кылары айгинеленет.
Биздин телекомпаниялардын көпчүлүгү, анын ичинде эл сыйлаган ЭлТР менен “7-канал” дагы “аба ырайы” деген сөздү, ал эми “Жалал-Абад үнү” гезитинде иштегендер болсо “ден соолук” деген сөздү жаза алышпайт. (Караңыз, “Жалал-Абад үнү” №18. 23. 09. 13.). Эгер ошол жерде иштеген журналисттердин, жетекчилердин бирөө-жарымы аталган сөздүктүн бет ачарын эле карап койгондо, сөздүктүн А тамгасы башталган биринчи бетинде “аба” деген сөзгө жалгашкан “аба агымы”, “аба жолу”, аба ырайы” деген сыяктуу 16 сөз берилгендигин жана ошолордун бирине дагы сызыкча коюлбай жазыла тургандыгын көрүшмөк. Ошонун эле сыңары “ден соолук” деген сөзгө да сызыкча коюлбасын үйрөнүп алышмак, Кур дегенде СССР учурунда Кыргызстанда “Ден соолук” деген журнал чыкканын эстешсе боло… Бирок алар кашайып көрбөй жатышат, ошентип өздөрү ката кетиргени аз келгенсип, миңдеген теле көрүүчүлөрдү, окурмандарды, айрыкча, жаштарды адаштырып, ката жазууга көндүрүп жатышат.
Акыркы жылдары кыргыздын татынакай эле сөздөрүн ортосунан бөлө чаап, сызыкча аркылуу жазмай адаты пайда болду. Маселен, “Жеңи-жок”, “Ай-чүрөк”, “чач-тарач” (Кээде “чачтарачкана”) дегендей дейди жазмаларды кадам сайын учуратчу болдук. Эй, айланайындар, кыргыздын ысымы качан эле бөлүнүп, ортосуна сызыкча коюлуп жазылчу эле? Андай болгондо “Курман-Бек, “Алмам-Бет”, “Ай-Каныш”, Бегим-Ай дегендей жазылып калбайбы. Ушундай жазууну ким, каяктан көрдү эле, кичине эби менен обу жоктонсок кантет?..
Ал эми “чачтарач” деген сөз дал ушундай жазылары аталган сөздүктүн 530-бетинде кашкайта көрсөтүлүп турат, аны сызыкча аркылуу бөлүп жазуу да, “-кана” деген мүчөнү улап, “чачтарачкана” деп жазуу да туура эмес. Бирок “Жалал-Абад үнү” гезити 23-сентябрдагы санынын 1-бетинде аны ката жазып алган. Биз бул макалада кайсы бир гезит, же теле берүүнү сынга алайын деген ниетибиз жок, тек гана факты катары айрым басма сөз каражаттарынын аттарын атап кеттик. Мындай каталар азыр кыргызча чыккан ар бир гезит-журналдан жолугат, ал эми теле берүүлөргө чыгып жаткан СМС билдирүүлөрдөгү каталардан мээ адашат.
Жогоруда биз бир аз гана сөздөрдүн жазылыш эрежелерине токтолдук, бизде баш аламан жана ката жазылган сөздөр огеле көп, анан калса, тактала элек, жазылышы талаш жараткан сөздөр да жок эмес, ошолордон айырмаланып, жогорудагы сөздөрдүн бардыгы такталган, эрежеге салынган, болгону биз ал эрежелерди карманбастан, илендилик кылып келе жатабыз. Кур дегенде ушуга окшогон таанымал жана кеңири колдонулган сөздөрдү туура жазганды колго алалычы!..

Самидин СТАМБЕКОВ,
“Акыйкат”.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17