Аймак

Абдыразак Оморов: «Кыргыздар руханий ачарчылыкта»

 5,286 Бардыгы /

Абдыразак Оморов: «Кыргыздар руханий ачарчылыкта» -Абыке, Сиз менен чогуу ой бөлүшөлү. Айтсаңыз кыргыздар оңолобу, бул жагынан Сиздин көз карашыңыз кандай?
– Азыр кыргыздарды кантип жыргатабыз, кантип элди май көл, сүт көлгө чөмүлдүрөбүз. Жакыр элди канткенде байытабыз деп өлкө башчысы, ажобуз А.Атамбаев, өкмөт башчысы Ж.Сатыбалдиев баш болгон атка минерлер баш оорутуп, ичкени ирим, жегени желим болуп жүргөн маал. Өлкө башчылары баштарын канчалык оорутпасын элдин пейили оңолмоюн жашоо оңолбойт. Бүтүндөй кыргыз элинин пейили оңолуу зарыл.
– Ыйманыбыз оңолсун дейсиз го?
– Абдан туура айтасың Орозалы. Адамда ыйман болуу керек. Адамдын назары ток болуш керек. Ачыгын айтайын кыргыздар руханий ачарчылыкта. Убагында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, белгилүү адабиятчы, акын- сынчы Салижан Жигитов ушул маселени мамлекеттик деңгээлде көтөрүп чыгышкан. Кыргыздын эки залкар инсанынын сөзүнө, койгон олуттуу маселесине ошол кездеги бийлик көңүл бурган эмес. Кыргыздар япондорго, кытайларга, кореялыктарга окшоп «выживание», «борьба за жизнь» деп орусча айткандай жашоо үчүн күрөшүүгө даяр эмес.
– Кыргыздар негизинен байыркы түпкүлүктүү эл го?
– Сиздин сөзүңүзгө кошулам. Айтканыңыз ырас, бир нерсени баса белгилеп кетейин япон эли байыркы ата мурасын, каада-салтын, япон элине гана энчиленүү сылыктыгын, мээнеткеч эмгекчилдигин кылымдардан кылымдарга, муундардан муундарга өткөрүп, таза аспейиттеп сактап келишет. Өтө ынтымактуу калк жакында болгон ааламат атом, электр кырсыгында бүтүндөй япон элинин башына түшкөн кырсык катары кабыл алышты. Биздечи, бир айылды суу басып, сел алып кетсе, коңшу айыл кол чаап күлүп табалап жатат. Жардам бермек кайда, абалыңы сурап койбойт. Бөлүнгөн кыргыздарды бөлүп, суу каптап, сел алса дагы акыл-эстерине келбеди. «Бөлүнбө кыргыз бөлүнбө, бөлүнсөң …» деп -жараткан Теңир табият аркылуу эскертсе дагы түшүнүшпөдү. Кыргыздарда эбак ырк кеткен.
– Мунун себеби эмнеден деп ойлойсуз?
– Биз кыргыздарды байыркы эл дейбиз.Жер жайнаган кыргыздар согушуп, кырылып, чачылып жоголорунда чачылган элди чогултуп, журт кылган Манас баатырдан тартып 1916-жылдагы Үркүнгө чейинки жол,1917-жылкы Октябрь революциясы, андан кийинки советтик доорлор кыргыз элинин эң мыкты каада-салтынын кескин азайышына, өзгөрүшүнө алып келди. Өзгөчө тоталитардык Совет доору орусташтыруу саясаты күч алгандыгы эне тилибизди унуткан кыргыздардан «киргиздер» өсүп чыгышкан. Же кыргыз эмес, же орус эмес арсар кыргыздар бийликти да элешкен. Борбор шаарды ээлешкен. “Жээн эл болбойт, желке таз болбойт”-деген сөз бар кыргыздарда. Орустан, түрктөн, кытайдан туулган жээндерибиз кыргызга күймөк беле. Кыргыздын ата мурасын, каада-салтын, үрп-адатын, руханий байлыгын билмек беле?! Япондорго окшоп тилибизди, дилибизди сактап кала албадык.
– Бийлике таза кандуу инсан келсин деген оюңуз бар го?
– Тайманбас , эр жүрөк депутат Камчыбек Ташиев бийликке таза кандуу кыргыз келсин деген маанидеги кебине чычаңдагандар, секирген чиновниктер канча болду. Мен дагы Ташиевдин оюна кошулгам. Таза кандуу кыргыз болсо кыргызга күйөт беле. Кыргызды көтөрөт беле. Камчыбекк е окшогон жигиттердин ону болгондо Кыргызстан оңолот болчу.
– Кечиресиз Сиз Камчыбек Ташиевди жакындан тааныйсызбы, жолугуштуңузбу?
– Жолугушканым жок. Зарылдыгы деле жок. Сыртынан байкап жүрөм. Келечектүү, аман болсун! Жалал-Абаддын сыймыгы ушул жигит.
– Абыке сөзүбүздөн четтеп кеттик көрүнөт, айтыңызчы ыйманыбызды канткенде оңосок болот?
– Ар бир адам жан дүйнөсүн, акыл-эсин , ойлорун тазалоо зарыл. Ар бир адам өзүнүн денесинде Кудайдын жаны бар экенин эстеп, Кудайды таанып күндө сыйнуу керек. Азыркы кыргыздарың менен киргиз жээндерин кудайды тааныбайт.
“Демон”- жин шайтан жолуна тушуп бузулуп кетишкен и жалганбы? Кайсыл кыргыздын катыны эрин, бала-чакасын таштап Оруссияга тентип кетчү эле. Кайсыл кыргыздын катыны 10-20-жылдап үйүнөн жоголчу эле. Кайсыл кыргыздын кемпири , чалы карылар үйүндө кор болуп жатчу эле. Кайсыл кыргыздын кызы Оруссияда, Түркияда , Кытайда тентип жүрүп жээндерибизди көбөйтчү эле. Ушинтип жүрүп отурсак кыргыздын тукуму үзүлүп, «киргиздер» көбөйүп кетеби деп корком.
– Илгерки кыргыздар таза кандуу, азыркылар аралашып кетишти деген ойду айтып атасыз го?
– Ток этер жерин өзүң айткандай согуштан кийинки падыша убагындагы эски адамдарды көрүп калдык. Алардын батасын алдык , тарбиясын көрдүк. Ошо кезде чоочун жолоочу айылга атынан түшсө, айылга кеп кетет деп коногун мыктылап сыйлап, эртеси узатып койчу. Азырчы, конокту кир демек кайда, эшигинин алдында эшектей эки дөбөтү жатат. Илгери бир көчөнүн эли орозо айда кыдырып арапалык жешчи эле. Коңшу колоңдун кириш -чыгышы, каттоосу көп болор эле. Азырчы көчөлөп арапалык жешмей тургай, коңшуң дулдуюп саламга келбейт.
– Азыркы оор жашоо, базар экономикасынын таасири элдин аң -сезимине бурулуш жасады дейсизби. Замандын да бузулушу…
– Заман бузулган жок, адамдын пейили бузулду. Илгери алысты көрө билген Бакайдай, Калыгулдай адамдар азыр жок. Кулдардын тукумунан чыккан, бешенесинен алысты көрө албаган көөдөн сокур, кем акыл, мактанчаак адамдар көбөйдү. Көрбөгөндүн көргөнү курусун деп ач көз адамдар элди тоноп, мамлекетти тоноп жатат. Түбү терең, тамыры кең жайылган түптүү , тектүү Шабдан баатырдай, Курманжан даткадай залкар инсандар азыр жок. Алардын ордуна өз көмөчүнө күл тарткан жез тумшук жемекейлер көбөйдү. Башында жолугу жок, эркек аты гана болбосо катындан да өткөн ушакчы эркектер көбөйдү.
– Ушул деңгээлден чыга албасак кыргыздын келечеги коркунучта дейсизби?
– Жарык күндү алакан менен жаба албайсың. Ачуу чындык да ошо жарык күндөй жаркырап көрүнүп турбайбы. Ооруну жашырсаң, өлүмгө ашкере дейт. Кыргыздын келечеги коркунучта … Ачуу чындыкты кеңири өзүнчө айтып берейинчи.
– Кыргыздын биринчи душманы ким дейсиз?
– «Асаба» гезитинде иштеп жүргөнүмдө бир эки жолу Салижан Жигитов Мамат Сабыровго интервью берип жатканын угуп калгам. Ошол, биринде Салижан Жигитов күлүп айтып жатпайбы кыргыздарга душманды алыстан издештин кереги жок, кыргыздын душманы кыргыз -деп. Орого камалган кыргыздар улам бирөөсү тырмышып оронун кырына чыгып калса, бири бутунан тартып түшүрүп, баары ороо ичинде өлгөн экен. Акаевдин заманында кыргыздын мыкты чыгаан уулдары өлүп кетишти. Элге күйгөн бийлик, элдик уулдардын көзүн ушинтип тазалайт турбайбы. Акыл эстүү, эр жүрөк, элдин баатыр жигиттерин өлтүрүп жок кылгандан кийин бийлигиң суу жүрөк элиңди кыңк эттирбей бийлеп жата берет турбайбы .
– Аныктап аттарын атай аласызбы ?
– Ооба атай алам. Акаевдин тушунда киши колдуу болуп өлгөнү жөнүндө Насирдин Исановду гезиттерге эки бет кылып жазып чыккам. Убагында Баяман Эркинбаев жөнүндө жазгам. Эң өкүнүчтүүсү Сатыбалды Жээнбеков жөнүндө жазган көлөмдүү макалам «Айланпа» деген жаңы уюшулган гезиттин архивинде жатып жок болду. Жарык көргүчө «Айланпа» гезити чыкпай калды. Жарыктык гезиттин өмүрү кыска экен.
– Кыргыз жери кооз. Кереметтүү Ысык- Көл, тоо -токой, кен -байлык дегендер булар кыргыздарга түгөнгүс байлык го.
– Эң баалуу кен байлыгыбыздын баары тоо-таштын ичинде оңой менен казып ала албас кыргыз чокуларда жайгашыптыр. Союз мезгилинде казып алууга катаал кендерди кийинкиге жылдырып тийген эмес экен. Союз таркагандан кийин орустар алаканын чаап арман кылышыптыр, мурун эле казып албай дешип өкүнгөн экен. Кен-байлыгыбызды Кумтөрдөй кылып чэт элдиктерге алдырып ийбесек болду.
– Абыке атайын келип маек куруп бергениңизге ыракмат. Көрүшкөнчө аман бололу!
Маектешкен : Орозалы Карасартов, «Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17